«Кана эмесе, чечин»: жыныстык зомбулукка кабылган эркектер

Сүрөттүн булагы, Danya Udobny
- Author, Нина Назарова
- Role, Би-би-си
Жыныстык зомбулукка кабылгандар көп учурда аялдар болуп келген, бирок мындай кордуктан эркектер дагы корголгон эмес. Ал түгүл эл ичинде бул теманы эч ким айтпайт жана олуттуу кабыл алынбайт. Би-Би-Си орус кызматынын кабарчысы жыныстык кыйноого дуушар болгон эки адамдын окуясын угуп, аны россиялык эксперттер менен талкуулап көрдү. Каармандардын аттары алардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча өзгөртүлүп берилди.
«Братан, сенин ордуңда ким болбосун көзү кызымак»
2015-жылы жайында онунчу менен он биринчи класстын ортосундагы каникулда Андрей бир жолу кечинде кафе-барда Катя аттуу кыз менен отуруп калат. Алар жакшы тааныш эмес эле, ага чейин чала-була көрүшкөн. Кайсы бир убакта Катя тийишип баштайт.
«Мен кызып калдым, ал да кызып калды. Шашып-бушуп досума кат жаза баштадым: «О кудай, ал мени шымыма колун сала баштады, эмне кылышым керек»,-деп эскерет Андрей. - А менин досум: «Жыргал, кандай сонун сага» деп ого бетер көкүтөт. Андан кийин ал мени өпкүлөй баштады. Биз кийинки күнү жолугушууну макулдаштык. Мени бир таксиге салып жиберишти. Мен үйүмө сонун маанайда жеттим».
Кийинки күнү Катя курбусу менен Андрейдин ишине барып, ал ишин бүткүчө бир нече саат күтүп отуруп, акыры баары сейилдегенге чыгышат. Бир убакта алар Катянын үйүнө келип калышат. Жолдон дүкөнгө кирип, арак-шарап алышат. Үйгө жеткиче кыздар ачык эле тийишкенин койбойт.
"Мен чарчап тургам, бирок ошого карабастан мага кызык жана көңүлүм куунак болуп турду»,-дейт Андрей. Үйгө барганда курбусу тамак жасанга кухняга кетет, Андрей китептерди кармалап-барактап отурган болот. Катя болсо бара-бара үстүндөгү кийимин сыйрып ыргытып, Андрейге асылып, токтобой өпкүлөй берет. Ошентип, ортодон бир жарым сааттай өткөндө Катя бөлмөгө кирип, үстүндөгү халатын чечип ыргытып, Андрейдин алдына жыпжылаңач болуп чыгып: «Кана эмесе, чечин» дейт. Андрей чочулай баштайт. «Мен корко баштадым, анткени өтө эле кызып калгам. Бирок айла жок, чечиндим, башка эмне кылмак элем. Мен отурдум, ошо замат мени стулга бекем байлап салышты. Менин оюма келбеген иш болуп жатты. Катя дагы, анын курбусу дагы чечинди. Ырас, менин дагы делебем козголду, бирок ошол эле учурда өзүмдү кармай албай да калдым. Катя мага минет жасай баштады. Мен эмне болуп жатканын түшүнбөй жаттым. Он мүнөттөй өткөндө эмнегедир мени камчы менен сабай башташты».

Сүрөттүн булагы, Kate Shilonosova
Кайсы бир убакта аны байлаган жипти чечип бошотушат. Андрейдин өзүнүн айтымында, ал «айтканды аткаргандан башка эчтекеге жарабай калды». Кийинки эки саат өспүрүм үчүн он күнгө окшоп сезилди - Андрей жана эки шумпай кыз «өтө кызыктай жыныстык катнашта» болушат. Баары бүткөндө, Андрей эси ооп жатып, бир убакта эптеп туруп барып жуунат.
Андрейди түнөп кал деп суранышат, бирок ал калганга болбойт эле. Ал 17 эле жашта, буга чейин үйүнө түнөбөй калган учур болгон эмес. (Болгон инцидент жөнүндө ата-энесине да эч нерсе айткан эмес).
«Мага бир бөтөлкө суу берип, таксиге салып жиберишти. Үйгө жеткиче кандай абалда болгонумду билбейм, ыйладым окшойт же эчтеке сезген жокмунбу. Досторума телефон чалып, башыман өткөндү айтсам, алар: «Жолун болгур десе. Сенин ордунда ким болбосун көзү кызымак, баары сонун болгон турбайбы»,-дешет.
Алтынын бирөө
Зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөткөн батыш уюмдары келтирген статистиканы карасак, алты эркектин бирөө өзүнүн жашоосунда өзүнүн каалоосуна каршы жыныстык катнашка дуушар болот.
Бул АКШнын жыныстык зомбулук менен күрөшүү борборунун маалыматы. Ал үч жылдык (2010-2012) изилдөөгө негизделген. Изилдөө зордукталган же асылуу-жабышууга туш болгон эркектер жөнүндө болгон. Эркектер да, аялдар да көбүнчө эркектердин агрессиясына туш болушат. Ошол эле учурда аялдардын зомбулукка кабылуу коркунучу он беш эсе жогору. Бирок зомбулукка эркектер кабылган учурлар да кездешет.
"New York Times" 2012-жылы жазгандай, ар бир 21-эркек жыныстык катнашка мажбурланган же ушундай зомбулук аракеттен жабыркаган, же өзүнүн эркине каршы оралдык секске кабылган.
Эксперттер дээрлик баары тең иш жүзүндө көрсөткүчтөр жогору дешет, анткени зомбулукка кабылган эркектер полицияга же досторуна даттанган учурлар сейрек.
Ѳзүнүн башынан өткөндү айтып бергендер өтө сейрек. Андай мисалдардын бири Джеймс Ландриттин окуясы. Ал жыйырма жашка толгондо кафе-барда кокустан тааныш кызына учурап, аны менен мотелге барып, жатып калат. Бир маалда караса, баягы кыз анын үстүнө чыгып алган болот. Бошонууга аракет кылганда, кыз өзүнүн кош бойлуу экенин айтып, эгер Ландрит каршылык көрсөтө турган болсо, анда балага зыяны тийет деп эскертет.
Ландрит полицияга кайрылган эмес, бир "келесоо кыз" менен болгон жагымсыз окуяны тезирек унутуп койгусу келген. Бирок Ландрит бул иштин психологиялык кесепетин өмүр бою тарткан. Кыркка чыкканда араң психотерапевтке көрүнүп, психологиялык жардам алган.
Джеймс Ландрит да, Андрей да жыныстык катнаш болуп жаткан учурда делебеси козголуп, денеси дүүлүгүп чыкканын айтышат. Бирок мындай зомбулукка кабылгандарды колдоочу сайттын тактаган маалыматына караганда, эрекция менен оргазм эркектердин өзүнүн эрки менен болуп жатат дегенди эле билдирбейт жана дайыма эле эле жан жыргаткан реакция болуп саналбайт.
"Эрекция менен эякуляция - физиологиялык реакциялар, ал жөн гана физикалык байланыштын же күчтүү стресстин натыйжасында болушу мүмкүн. Бул реакциялар сизди ырахат алды дегенди билдирбейт".
Россияда эркектерге болгон зомбулуктардын статистикасы жок. «Эже-сиңдилер» борборунун психологу Надежда Замотаеванын баамында эркектердин кайрылуулары жалпы телефон чалгандардын 1-2 % болушу мүмкүн. Ошол эле учурда, анын айтымында, эркектер көбүнчө өспүрүм куракта чоң эркектердин колунан жабыркайт.
"Зомбулукка -жок" борборунун директору Анна Ривинанын айтымында, аларга зомбулуктан жабыркаган эркектердин кайрылуулары өтө сейрек: Болсо гомосексуалдык зомбулукка кабылгандар же өзүнүн туугандарынан кордук көргөндөр болушу мүмкүн.
2018-жылы Кризистик борбор ачкан психолог Ирина Чейдин айтымында, анын иш тажрыйбасында эркек өзүнүн эркине каршы жыныстык катнашта болгон бир гана учур катталган.
Аялдар эркектерге зомбулук көрсөткөн көрүнүш көптөргө, анын ичинде эркектердин өзүнө болбогон, күлкү келтирген иштей туюлат.
Анны Ривинанын айтымында, "маселе бул теманы козгогонго тыюу болуп жатканында эле эмес, кеп орой айтканда кара күч жөнүндө болуп жатат - эркектер мындай кырдаалга тушукпаш үчүн эмне кылышы керек. Эркектер сексти каалап өздөрү да көнүп калышкан. Коом дагы, эркектердин өздөрү дагы ошентип программалап салышкан - болсун, көп болсун, кандай болсо да көп болсун» дешет.
Бул эркектердин өздөрүнүн «бул керек, бул сонун» деп, анын эч кандай жаман жагын көрбөй жатканынын кесепети болуп жатат.







