"Мени туткунга алган экстремистке Германиянын көчөсүндө жолуктум"

- Author, Victoria Bisset & Lyse Doucet
- Role, BBC News
Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ тарабынан туткунга алынып, кийин кулчулукка сатылган Язиди кыз Германияга качып кетүүгө жетишкен. Бирок мектепке бара жатып, өзүн зордуктаган экстремистти кезиктирген.
Экстремисттик топ Ашвакты 14 жашында туткунга алган. Ал Ирактын түндүк тарабында жашачу.
Экстремисттер Ашвак сыяктуу миңдеген кыз-келинди туткунга алып, жүз гана АКШ долларына Абу Хумам деп атыккан кишиге сексуалдык кулчулукка саткан.
Ашвакты сабашып, зордукташкан. Ал үч айдан кийин качып кетип, агасы жана энеси менен Германияга жер которушкан.
Бир нече ай мурун Германиянын көчөлөрүндө аны бирөө атынан чакырган.
"Мен мектепке басып бара жатсам, көчөнүн четине унаа токтоду. Ал машинанын алдында отуруптур. Ал мени менен немисче сүйлөштү. Сенин атың Ашвакбы деп сурады. Мен коркуп, титиреп кеттим. Силер кимсиңер деп сурадым", -деди Ашвак.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Унаадагы киши жооп кайтарып, "Ашвак, мен сени билем. Менин атым Абу Хумам" деп айтыптыр.
Ашвактын айтымында, унаадагы адам арапча сүйлөп, башка алдаба деп айткан.
"Ал мага сенин ким экениңди билем. Каякта, ким менен жашап жатканыңды да билем деп айтты. Германиядагы жашоом тууралуу баарын билет экен. Мен Германияда ушундай болушу мүмкүн деп эч ойлогон эмесмин", -деди Ашвак.
Ашвак өз мамлекетинен зордук-зомбулуктан качып, Германияга жер которгон.
"Жүрөк токтоп калганда"
Германиянын федералдык прокуратурасы Ашвак полицияга кайрылганын билдирди.
Полиция Абу Хумамдын сүрөтүн роботтун жардамы менен тартып, аны издөөгө алууда. Ашвак көчөгө жакын жайгашкан камераларды текшерип көрүүнү дагы өтүнгөн. Бирок анын айтымында, камералар текшериле элек.

Ашвак бир чети коркуп, экинчи жагынан туткундан бошотулган эже-сиңдилери менен чогуу болгусу келгендиктен, Швебиш-Гмюнд шаарчасынан Иракка көчүп кеткен.
"Мындай окуяны башыңдан өткөрбөсөң эч түшүнбөйсүң. Жүрөгүң токтоп калгандай эле болот. Экстремист сени зордуктагандан кийин, ага кайра көчөдөн кезигип калгандагы сезимди элестетип көрүңүз", -дейт Ашвак.
Биринчи жолу болуп жаткан жок
Германиянын Жогорку Сотунун басма сөз катчысы, Абу Хумамды эч жерден таба албай коюшканын айтты.
Тергөө иштери жүрүп, Ашвак менен кайра байланышканча, ал Иракка көчүп кеткен. Бирок Германиядагы активисттер Ашвактыкына окшош окуялар буга чейин дагы катталганын айтышат.
Язиди азчылыктарына жардам көрсөткөн уюмдун айтымында, алардын баары полицияга кайрылбайт.

Сүрөттүн булагы, Barham Ali/ Bas News
"Германияга эч качан кайтып барбайм"
Ашвак Ирактын түндүгүндөгү качкындар лагеринде жашайт. Ал окуусун уланткысы келет. Анын үй-бүлөсү дагы Ирактан көчүп кетүүнү көздөйт.
"Биз экстремисттерден коркуп калдык", - дейт Ашвактын атасы.
Учурда көптөгөн Язиди азчылыктары Автралияга көчүп кетүүгө уруксат кагаздарын толтурушууда. Австралиянын өкмөтү экстремисттер тарабынан зордукталган аялдарды кабыл алуу программасын баштаган.
"Дүйнө талкаланып, Германия гана калса дагы артка барбайм", -дейт Ашвак. (AT)









