Адамзат тарыхындагы эң бай киши. Бирок бул Жефф Безос эмес
2019-жылдагы Forbes рейтинги боюнча дүйнөдөгү байлардын тизмесин Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос жетектеди.
Анын каржылык абалы 131 млрд доллар деп бааланды. Бирок муну менен аны баардык доордогу бүт элдердин эң бай кишиси деп айта албайбыз.
Мындай атак африкалык Мали өлкөсүнүн орто кылымдагы башкаруучусу Манса Мусага ылайыктуу болсо керек. Муса XIV кылымда жашап өткөн. "Ушунчалык бай киши эле, берешендик кылып, кайыр-садага кылган акчалары эле бүтүндөй өлкөлөрдүн экономикасын ураткан" деп жазышат ал тууралуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Эми азыркы эсепке салып, Мусанын байлыгын саноо мүмкүн эмес. Ал ушунчалык чоң байлыкка ээ болгон",-дейт Калифорния университетинин доценти, тарыхчы Рудольф Бутч Уэа.
2012-жылы Celebrity Net Worth сайты анын байлыгын 400 млрд доллар деп болжогон экен. Бирок тархычылар менен экономисттердин пикири эки ача. Мусанын байлыгын саноо мүмкүн эмес деген пикирлер үстөмдүк кылат.
Качанкы бир доордо жашап өткөн падышанын байлыгын эсептеп чыгууда колдонулган ыкмалар дагы көп талаш-талкууларга себеп болгон.
Адамзат тарыхындагы эң бай он киши
- Манса Муса (1280-1337, Малинин башкаруучусу) эсепсиз байлыктын ээси
- Гай Юлий Цезарь (б.з.ч. 63-жыл - б.э. 14 -жыл, римдик император) 4.6 трлн доллар
- Чжао Сюй (1048-1085, Кытайдын Сун династиясынын императору Шэнь-цзун) эсепсиз байлыктын ээси
- Улуу Акбар I (1542-1605, Улуу Могол дөөлөтүнүн падышасы) эсепсиз байлыктын ээси
- Эндрю Карнеги (1835-1919, шотланд-америкалык болот өндүрүшчү), 372 млрд доллар
- Жон Дэвисон Рокфеллер (1839-1937, америкалык магнат, адамзат тарыхындагы расмий түрдө таанылган биринчи доллар боюнча миллиардер), 341 млрд доллар.
- Николай Александрович Романов (1868-1918, орус падышасы), 300 млрд доллар
- Осман Али Хан (1886-1967, Индиянын кол алдындагы Хайдарабад аймагынын башкаруучусу) 230 млрд доллар
- Вильгельм I (1028-1087, Нормандиянын герцогу жана Англиянын падышасы), 229,5 млрд доллар
- Муаммар Каддафи (1942-2011, Ливияны 42 жыл башкарган), 200 млрд доллар
Алтын падыша

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Манса Муса 1280-жылы Малинин башкаруучуларынын бүлөсүндө туулган. Империяны 1312-жылга чейин агасы Абубакар II башкарган. Кийин ал саякат үчүн тактыдан баш тартып кеткен.
Сириялык тарыхчы Шихабуддин аль-Умар жазганына караганда, Абубакар II Атлантикалык океанга байланыштуу окуялардын баарына катуу таасирленип, мухитте сүзүүгө ынтызар болгон. Колдо бар маалыматтарда Абубакар II 2000 кемеден турган флот жана миңдеген коштоочуларын алып экспедицияга жөнөп кеткен. Алар мухитке чыгып кеткен боюнча артка кайтып келишкен эмес.
Тактыны Манса Муса мурастап калган. Анын башкаруусу учурунда Малинин аймагы бир топ кеңейген. Муса 24 шаарды өзүнө каратып алган. Анын ичинде Тимбукту шаары дагы бар эле.
Миңдеген чакырымга созулган империяга ээлик кылды. Атлантикалык океандан тарта азыркы Нигерия, Сенегал, Мавритания, Мали, Буркина-Фасо, Нигер, Гамбия, Гвинея-Бисау, Гвинея жана Пил сөөгүнүн жээгинин (Кот-д'Ивуар) көп аймактарын каратып алган.
Чоң жерге ээлик кылуу менен бирге эле Муса баалуу ресурстарды алып турган.
Британдык музейдин маалыматына караганда, Мусанын башкаруусу учурунда Азия менен Европанын алтындарынын дээрлик жарымы Малиде эле. Албетте, байлыктын баары башкаруучунун ээлигинде болгон.
"Алтын жана башка товарлар менен соода кылган чоң базарлар Малинин аймагында жайгашкан. Соода-сатык анын байлыгын арттырган",-дейт АКШлык окумуштуу Кэтлин Бикфорд Берзок.
Меккеге зыярат
Ошол доордо Мали көп алтынга ээлик кылганы менен дүйнөгө таанылбаган өлкө болчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок Манса Муса Меккеге зыяратка барганда кийин көптүн назарына илинди. Муса динге берилген мусулман катары Сахара жана Мысырдын чөлүн басып өтүп, Меккеге ажылык сапарга чыгат.
Тарыхчылардын маалыматына караганда, Мали башкаруучусу ажылык сапарга 60 миң кишиден турган кербен менен чыккан. Өзү менен бирге бүтүндөй падышалык сарайдын кызматкерлерин алып кеткен. Жоокерлер, соодагерлер, төө жетелеген, кой айдаган, тамак-аш жасаган кул-кутандар эле он эки миң кишиге жетти.
Дээрлик бүтүндөй бир шаардын көчү сыяктуу азан-казан түшкөн кербен чубалып чөл аркылуу сапарга чыккан. Кулдарынан тарта перс жибегинен жасалып, алтынга бууланган кийим кийишкен. Төөлөргө алтын жүктөлүп, укмуш көрүнүш болгонун сүрөттөшөт.
Өзгөчө Мысырдын баш калаасы Каирге киргенде Мусанын кербени көргөндүн оозун ачырып, байлыгын даңазалады. Мындан он эки жыл өткөндөн кийин Каирге келген Шихабуддин аль-Умар "малилик башкаруучунун таасири дале унуталбай жүргөнүн" эскерген.

Башкаруучу алтындарын берешендик менен чачкан. Ушундан улам баалар түшүп кетип, жергиликтүү экономика ыдыраган экен.
АКШда жайгашкан SmartAsset.com технологиялык компаниясынын эсебинде, Мусанын берешендигинен кийин акчанын куну кетип, бүтүндөй Ортоңку Чыгыштын экономикасын 1,5 млрд доллар жоготууга учураткан.
Билим берүү жана алтын шаар
Манса Муса ажылык сапары учурунда өтө эле көп алтынын чачкан. Бирок дал ушул бершендиги бүт дүйнөнүн назарына илинди.
Манса Муса өз өлкөсү Малини дүйнөнүн картасына түшүрттү. 1375-жылы чийилген каталондук атласта африкалык башкаруучу Тимбукту шаарынын жанында алтын тактыда олтурат.
Тимбукту африкалык Эльдорадого айланган. Аны көрүш үчүн алыстан атайын келгендер көп эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
XIX кылымда Тимбукту жоголгон алтын шаар сыяктуу уламышка айланды. Изилдөөчүлөр жана казына издегендердин көңүл борборунан түшкөн жок. Мунун баары 500 жыл мурун жашап өткөн Мусага байланыштуу эле.
Ал Меккедеги ажылыктан кайткан учурда бир нече ислам окумуштууларын ала келген. Алардын арасында Мухаммед пайгамбардын түз урпагымын дегендер да болгон. Ошондой эле Абу Эсхап ас-Сахили ысымдуу андалуздук акын да бар эле. Акын мечиттин долбоорун чийген.
Айрым маалыматтарга караганда, башкаруучу эмгеги үчүн ас-Сахилиге 200 кг алтын төлөп берген. Азыркы баа менен алганда, болжолу 8,2 млн доллар болмок.
Искусство менен архитектурадан тышкары Муса адабиятчыларды дагы колдоп, китепкана, мектептерди салдырган.
Кийин Тимбукту билимдин борборуна айланды. Дүйнөнүн булуң-бурчунан Санкор университетине окуу үчүн келе башташкан.
Малинин чириген бай башкаруучусун көп учурда Батыш Африкадагы салттуу билимдин башатында турган деп сүрөттөшөт. Бирок анын дөөлөтүнүн тарыхын чет өлкөлөрдө көп биле беришпейт.
Манса Муса 1337-жылы 57 жашында каза болгон. Тактыны анын уулдары мурастап калды. Бирок алар узакка кармап тура алышкан эмес. Чоң дөөлөт ыдырап, көп аймактар өзүнчө бөлүнүп кеткен.
Чөлкөмгө европалыктардын келиши Мали дөөлөтүнүн тарыхына акыркы чекитти койду. (АbA)












