Тыңчылар доорунун башталышы: атайын кызматты өзгөрткөн согуш

Биринчи дүйнөлүк согуш маалында тыңчыларга болгон мамиле өзгөчө деле эмес эле. Ал тургай тыңчылык кылуу уят жана жийиркеничтүү көрүнүш катары каралган.

11-ноябрда Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 100 жыл толду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 11-ноябрда Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 100 жыл толду.

"Англичандар үчүн офицерлер чынчыл жана ачык болушу керек. Аскер кишилери үчүн биздин арабыздагы тыңчылар жек көрүмдү эле",-деп белгилеген өз каттарында британдык генерал Дуглас Хейг.

Бирок кандай болгондо дагы, каршылашы тууралуу жашыруун алынган баалуу маалыматтар саясатчыларды дагы, аскер жетекчилерин да кызыктырган.

Биринчи дүйнөлүк согушта бир нече фронттордогу айыгышкан кармаштар - каршылаштардын өтө чоң ресурстарын алган. Мындай шартта, өз учурунда уурдалган жашыруун маалыматтар миңдеген кишинин өмүрүн сактап калмак. Ал эми дал саатында бурмаланган маалыматты таратуу ири кармаштардын тагдырын өзгөртүп салган.

Болочоктогу ЦРУнун "Троян аты"

Биринчи дүйнөлүк согушта "бурмаланган маалыматтарды" ийгиликтүү таратуу жагынан америкалык чалгынчылар эч кимди алдыга салган эмес.

1917-жылга чейинки АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) абалы мындай эле: эки офицер жана бир катчы. Европага ташталган ондогон агенттер америкалыктардын кызыкчылыгы үчүн иштеген. Бирок бул жетишсиз экени даана көрүнүп турчу. Ошондуктан көптөгөн операциялар санга эмес, айла-амалга таянуу менен өткөрүлгөн.

Ошентип 1918-жылы азыр "Эльзассдагы куулук" деп аталып жүргөн операцияны ишке ашырышкан. Америкалыктар Эльзасcда чабуулга даярданып жаткандай түр көрсөтүп, аны немистер ишене тургандай кылышы керек эле. Чыныгы чабуул фронттун башка бөлүгүндө даярдалган.

Операцияга катышып жаткан америкалык офицерлер өздөрү жашаган мейманкананын кат таштаган кутусуна чабуулдун планын салышкан. Немис тыңчыларына иштейт деп күмөнсүнгөн шайкелең аялдарга "аскер күчтөрүн Эльзасcка жылдырып жатканы тууралуу" сөз кылышкан.

Немистерге иштеген тыңчы аялдардын бири америкалык капитанды эсинен танганча арак ичирип, чөнтөгүнөн жашыруун катты алууга да жетишет. Тыңчы кыз катты окуп, кайра офицердин чөнтөгүнө салып койгон. Катта америкалык чалгын кызматынын жетекчисинин Берндеги резиденттине жөнөткөн буйругу бар эле. Анда "Элзассда болгон жана чөлкөмдү жакшы билген кишилерди тез арада жолугушууга жөнөтүү" тууралуу айтылган.

Бул тыңчы кыз америкалыктарга белгилүү эле. Алар аны "Белла Донна" деп аташкан.

Катты окуп алгандан кийин, немистер Эльзасс аймагына жаңы күчтөрдү тартышкан. Ал эми АКШ болсо, фронттун башка жеринен ийгиликтүү чабуулду ишке ашырды.

разведчики

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фронтту бойлогон темир жол кыймылдарына байкоо салууга басым жасалган.

Албетте, негизги кармаш европалык державалардын чалгынчылары ортосунда жүргөн.

Согуш жылдарында Антанта союздаштарынын жардамы менен Бельгиянын немистер оккупациялап алган аймагында жашыруун иштеген уюм түзүлгөн. Ал уюм "Ак бийкеч" деген атка ээ эле. Анын курамындагы кишилер чалгын маалыматтары менен иштеген. Согуштан кийин аларды тыңчылар деп аташканда, каршылык билдиришип, өздөрүн жоокер санашаарын айтып, аскердик наам жана сыйлыктарды талап кылышкан.

Германия жана Австро-Венгриянын жашыруун сырларын билүү үчүн британдык, француз жана бельгиялык атайын кызматтар 1914-жылы жалпы чалгын бюросун негиздешет. Барган сайын офицерлер бири-бирине тоскоол болуп, кайра бири-бирин аңдай баштаган.

Бирок алардын эң ийгиликтүү долбоору "Ак бийкеч" болду. 1918-жылы уюмдун алдында миңге чукул агент иштеген. Топту британдык чалгынчы Генри Ландау жетектеген. Ал фронтту бойлогон темир жол кыймылдарына байкоо салууга басым жасаган. Муну көбүнчө жубайлар жана балдар, темир жол түйүндөрүнө жакын жерде жашагандар ишке ашырышкан.

Поезд менен эмне ташып баратышканын так билишкен.

"Оккупацияланган Франция же Бельгиянын аймагынан так эмес маалымат үчүн кайсыл бир агенттен баш тарткан окуя менин эсимде жок. Кызыгы, ката кеткен учурлар сейрек гана болот эле",-деп эскерген мемуарында Ландау.

Маалыматтарды жеткирүү үчүн сактык менен колдонулган ыкмалар болгон. Агент Поль Бернард почта маркасынын бир тарабына 1500 сөз жазганы тууралуу айтылат. Каттарды тамекиге, калем сапка жашырышкан. Аны көбүнчө аялдар жеткирип барышкан. Маалымат жөнөтүлүп турган каналдар болгон. Кабар жеткирип баргандардын айрымдары колго түшсө, көпчүлүгү эсен-соо кутулуп кеткен.

Видеонун түшүндүрмөсү, Биринчи дүйнөлүк согушка түс жана үн берилди

Газетадагы жарнамалардын магиясы

Айрым чалгынчылар башка логиканы колдонушкан. Маалыматты бардыгы көргүдөй кылып, түз беришкен.

Айталы, Австро-Венгрияда иштеген италиялык тыңчылар жашыруун алынган маалыматтарды иштеп чыгып, газетадагы жарнамалар аркылуу беришкен.

Мисалы: "Швейцариялык, жашы 35те, бухгалтерияны мыкты билет. Венада жетекчилик кызматта иштеген. Эң мыкты рекомендациясы бар".

Бул жаңы эле басмадан чыккан газетадагы жарнаманы Италия Армиясынын штабында такыр эле башкача чечмелешкен: 35-пехоталык дивизия Венадан Италияны көздөй багыт алды.

Бул каналды австриялык контрчалгын кызматы 1918-жылдын күз айында гана араң таап чыгышкан.

Бир учурда италиялыктар маалыматтарды диний чөйрөдөгү даректер аркылуу алып баштаганга жетишкен эле.

Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда чалгын кызматтарына аялдар активдүү тартылган. (AbA)