Тыңчылардын чыныгы жашоосу: британиялык агенттер менен маек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британиянын тыңчысы болуу деген эмне? Чынында укмуш унааларда жүрүп, экзотикалык мамлекеттерде жашыруун, татаал тапшырмаларды аткармайбы?
Британиянын үч атайын кызматынын алты агенти Би-Би-Сиге маек курду. MИ-5 (Коопсуздук кызматы), МИ-6 (Чалгын кызматы) жана GCHQ (Мамлекеттик байланыш борбору) агенттери айрым стереотиптер жана атайын кызматтарга жөнүндөгү көз караштарга токтолду.
Албетте, алты агенттин ысымы өзгөртүлүп берилди.

1. MИ-6 кызматында иштөө Жеймс Бонд тасмасына окшош
Жок, таптакыр башкача. Көркөм тасмага жакындабайт.
"Бизге ошондой пикир көп айтылат", -дейт Кейт.
Ал он жылдан бери МИ-6 чалгын кызматында иштеп келди. Кейт кадрларды тандап, даярдайт.
"Жеймс Бонд тасмасы менен салыштырышканы бизге жагат. Көркөм тасмада агенттер өздөрүн жомоктогудай эле алып жүрөт го. Бирок, чыныгы турмушта бизге "Астон Мартин" беришпейт. Кадыресе тургундардай эле метро же автобустар менен жүрөбүз".

Сүрөттүн булагы, Columbia Pictures
Жон МИ-6 кызматында 15 жылдан бери иштейт. Ал чет өлкөдө дагы кызмат өтөгөн.
"Колтугубузда тапанча, колубузда мартини деген стереотиптердин баары жалган. Албетте, тасмада айрым чындыктар дагы бар. Мисалы, ар бирибиздин Q (тасмадагы изилдөө жана технология департаментинин өкүлү) менен байланышыбыз бар, -дейт ал.- Атайын кызматтарда мыкты инженерлер иштейт. Алар керектүү жабдыктар менен камсыздап турушат. Бирок биздин балдар Бонд тасмасынан дагы мыкты".
2. Атайын кызматтарга өтүү абдан татаал
Ооба же жок.
Жо 15 жылдан бери MИ-5 кызматына иштейт. Учурда ал кадр бөлүмүндө кызмат кылат. Жаңы кадрлар алты айдан тогуз айга чейин текшерилет.
"Жаңы кызматкерди текшерүү көп убакытты алат жана абдан кызыксыз. Бул иш менен алектенген атайын бөлүм бар. Алар биздин ишти жеңилдетет", -дейт Жо.
Амиша эки жыл мурун аналитик катары MИ-5 кызматына алынган.
"Кызматка алуу жараянынын терапиялык таасири дагы бар", -деди Амиша.
Жаңы кызматкер менен маектешүү үч сааттан сегиз саатка чейин болот. Адистер жаңы кызматкерди суроолор менен текшеришет.
3. Атактуу Оксфорд же Кембриджде окумайынча кызматка алышпайт
Бул чындыкка дал келбейт.
Би-Би-Си менен маектешкен алты каарманыбыздын айрымдары гана Оксфорд же Кембридж университетинен диплом алышкан. Алардын ысымдары өзгөртүлгөндүктан, чын эле аристократ тамыры бар же жогун текшере алган жокпуз.
"Бул пикир кеңири тараганы менен чынында жаңылыштык. Мен Оксфорд же Кембридж университетин бүтүргөн эмесмин. Атагы чыкпаган окуу жайдын диплому менен деле ишке орношкондор бар. Жогорку билими жок иштеген кызматкерлерибиз да бар. Алар дагы ишин эң сонун аткарышат",- дейт Диа.

Сүрөттүн булагы, GCHQ
Жон дагы Дианын сөзүн тастыктады:
"15 жыл мурун атайын кызматтарга аристократ үй-бүлөдө өскөн, мыкты университетти бүтүргөн адам алынат деп айтылчу. Азыр дагы бул стереотип бар. Бирок ал жаңылыштык. Өзгөчө азыр абал башкача. Мен мамлекеттик университетти аяктагам".
Британиянын атайын кызматтары коомдун түрдүү катмарынан, ар кыл этникалык топтордон жумушка алышат. Быйыл парламент атайын кызматтардын кадр саясатын сынга алгандан кийин, мекемелер буга өзгөчө көңүл буруп калган.
Жо мурдагыга салыштырмалуу абал оңолгонун, бирок дагы деле алдыда иш көп экенин айтат.
4. Каякта иштеп жатканын эч кимге айтышпайт
Айтса болот. Бирок кимге айтып жатканыңызды жакшылап таразалаңыз.
"MИ-6 кызматынын эрежеси: жакындарыңызга жана жакын курбуңузга айтсаңыз болот ", -дейт Жо.
Жо MИ-6 кызматына ишке кирүүнү ойлонуп жатканын үй-бүлөсүнө биринчи жолу айтып бергенин эстеди:
"Атам туруп, дароо иш бөлмөсүнө кетти. Жон Ле Карренин чыгармаларын көтөрүп кайра келди, ишке барам деп айтуудан мурда ушуларды окуп чык деп айтты. Күйөөмө алты ай бою кыз-жигит болуп жүргөндөн кийин айттым. Маегибиз талаштуу болду. Бирок андан кийин үй-бүлө курдук".

Сүрөттүн булагы, Andrew Matthews
Атайын кызматтын агенттери көп учурда мамлекеттик кызматта экенин айтат же суроого жооп бербей коюшат.
Жо айрым жаңы кадрлар MИ-6 кызматына алынардан мурун күлкүлүү суроолорду берет деп жылмайды.
"Интервью учурунда ар түрдүү суроолор болот. Бир жолу ишке өзүмдүн кийимим менен келсем болобу же тыңчы катары башка кийим алышым керекпи деп сурашты. "Ишке алсаңар, сүйлөшкөн кызымды ташташым керекпи", деген суроо мага баарынан жакты. "Эгерде ошондой болсо, мен даярмын" деп айтканын эстеп күлөм".
5. Тыңчылар өздөрүн тыңчы деп атабайт
Өздөрүн тыңчы деп аташат. Бирок сейрек учурда.
"Ишибиз тууралуу көп кишиге айтпайбыз. Ошону үчүн бул сөздү дагы көп колдонбойбуз. Баарына эле тыңчымын деп айта берсең кызык жагдай жаралмак", -дейт Жо.
Жонго болсо "тыңчы" деген сөз жагат экен.
"Өзүмдү тыңчы деп эсептейм. Биз тыңчылык менен алектенебиз. Аны жакшы ниет менен жасайбыз. Коопсуздукту эске алып. Ошону үчүн тыңчымын деп айтуудан уялбайм".
Кейт дагы Жондун пикирине кошулду. Алар чогуу иштейт.
"Биз жашыруун документтер менен иштейбиз. Демек, тыңчы деп атоо туура эле".
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
6. Иш кеңсеге киргенде сырткы дүйнө менен байланыш үзүлөт
Ооба же жок.
MИ-5 кызматынын кире беришинде чөнтөк телефондорду алып калышат. Бирок агенттердин сырткы дүйнө менен байланышы үзүлөт деген жаңылыштык. Өзгөчө балдары бар кызматкерлер үй-бүлөсү менен байланышып турат.
"Атайын жабдыктар бар. Мисалы, мектепке байланышкысы келсе, ал оор деле болбойт", -дейт Лилли.
Жонун дагы балдары бар. Алар менен байланыш жеңил эле.
"Балдарыбыздын мугалимдери биз менен байланыша албай калган учурлар катталган эмес. Балдарым менен байланышты үзүп сал деген мекемеде иштей алмак эмесмин. Ал эми чөнтөк телефонду алып калганы, тескерисинче пайдалуу".
7. Тыңчылар өздөрү жөнүндө тасмаларды жактырбайт
Биздин каармандар бул пикирди четке какты.
Алар Би-Би-Синин тыңчылар тууралуу "Жансакчы" аттуу сериалын көрүшүптүр.
"Мага Би-Би-Синин сериалы абдан жакты. Мыкты тартылыптыр. Жалпыга маалым болбогон мекеме тууралуу сөз кылынды. Ошонун өзү эле кызык болду. Айрым жерлери так болбойт калыптыр. Бирок аны кызматымдан улам тактап бере албайм", -дейт Кейт.

Сүрөттүн булагы, Sid Gentle Films
Би-Би-Синин "Еваны өлтүрүү" деген дагы бир сериалында MИ-5 жана MИ-6 агенттери тууралуу сөз болот.
"Мага абдан жакты. Актерлордун чеберчилиги таң калдырды. Бирок айрым учурда, анда болбойт, ал жалган деп телевизорду талкалап салгым келди", -дейт Амиша.







