"Чыныгы Бонд": агент 007 тасмасын жараткан режиссер чалгынчы болгон

Сүрөттүн булагы, THE RONALD GRANT ARCHIVE
- Author, Патрик Клахейн
- Role, Би-Би-Си
Жеймс Бонддун жаратуучусу Ян Флеминг Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда британ чалгын кызматында иштегени "агент 007" күйөрмандарына белгилүү.
Бирок Жеймс Бонд тууралуу төрт тасма жараткан режиссер Гай Хэмилтон атайын кызматта иштегени, болгондо да кагаз ишинде эмес, татаал тапшырмаларды аткарганы көпчүлүккө белгилүү эмес.

Гай Хэмилтон 1922-жылы Парижде британ дипломатынын бүлөөсүндө туулган. 1940-жылы Аскер-деңиз күчтөрүнүн чалгын кызматына келген. 1944-жылдын июнь айында Бонддон кем калышпаган, өлүм коркунучундагы кырдаалга туш болгон.
Нормандияга союздаштар түшүрүлгөндөн бир нече күндөн кийин лейтенант Хэмилтон менен эки матрос Бретань жээктерине манилүү француз агентин жеткириши керек эле.
Түн ичинде аскер кемесинен кайык аркылуу жээкке сүзүп келишип, сырдуу жүргүнчүсүн калтырып, кайра артка кайтышат. Келишсе аларды күтүп турган аскер кемеси ордунда жок болуп чыгат. Үчөө кайра жээкке барышкан.
Калдаңдаган кайык менен Ла-Маншты сүзүп өтүүгө дегеле мүмкүн эмес эле. Чалгынчылардын жанында эч кандай байланыш каражаттары болгон эмес.

Көз жумардан бир нече күн алдын 2015-жылы 93 жашында Хэмилтон өмүрүнүн соңуна чейин эсте калган курч окуяларын Би-Би-Сиге эскерип берген эле.
Жээк немистердин армиясынын катуу кайтаруусунда турган. "Биз кайыкты таштадык да, мүмкүн болушунча жээктен алыстап кетүүгө аракет кылдык", -деп айтып берген Хэмилтон.
Үч британдык бир нече күн гитлерчилерден жашырынып жүрүшкөн. Ошол эле учурда алар мина коюлган талааларга туш болуп калуудан качышкан.

Бактыга жараша, алар француздардын немистерге каршылык көрсөтүп жаткан кыймылынын мүчөлөрүнө жолугуп калышкан. Алар британдыктарды жергиликтүү тургун Анна Ропердин үйүнө жашырат.
"Аларды менин ата-энемдин бөлмөсүнө жайгаштырышты,-деп айтып берген өткөн жылы өмүрүнүн соңку ирмемдеринде 97 жаштагы Анна. - Гай бир кишилик керебетте жатчу, ал эми эки матрос бирге жатышчу эле. Күндүзү биз аларга такыр көрүнбөгүлө деп, турганга тыюу салчубуз".
"Эгер нацисттер билип калчу болсо, баарын ордунда атып салмак",-деп эскерет Аннанын курдашы Маргарита Пьер. Ал дагы британдыктарды аман алып калууга кол кабыш кылган.

Сүрөттүн булагы, THE RONALD GRANT ARCHIVE
Жаштык учурда киши дегениң тобокелчил болот экен. Бир жолу француздар Хэмилтонго көңүл ача турган жайга барып, ичимдик ичип жана боулинг ойноп келүүнү сунуш кылышат. Албетте, француз тилинде түш жооруган британ офицери буга дароо макул болгон.

Сүрөттүн булагы, Rex/SHUTTERSTOCK
"Баары абдан сонун болду. Болгону биз олтурган жайга бир топ немис аскерлеринин компаниясы кирип келди. Жыйынтыгы биз ортого ичимдик коюп, алар менен боулинг ойноп мелдешүү менен аяктады"-деп айтып берген Хэмилтон.
Хэмилтон атайын орден менен сыйланган. Согуштан кийин киноиндустрия тармагын тандап, режиссерлук чеберчилик боюнча легендарлуу Кэрол Ридден сабак алат.
"Мен үчүн Хэмилтон каарман Бонд эле,-деп эскерет 007 агенттин ролун жараткандардын бири Роджер Мур. -Ал өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын эскерип айтып берчү". (AbA)












