ШКУ: 25 жылда Кыргызстан эмнеге жетишти?
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, eurasia.today
Быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна 25 жыл толду. Бул жылы уюмдун мааракелик саммити Бишкекте өткөнү жатат. Кыргызстан быйыл ШКУга төрагалык кылып, коопсуздук, экономика, транспорт жана санариптештирүү маселелерине көңүл буруп жатат.
25 жыл - чейрек кылымды камтыган бир топ убакыт. Бул жылдар аралыгында ШКУга мүчө болуу Кыргызстанга эмне берди?
Коопсуздук: механизм бар, бирок жардамы чектелүү
1999–2000-жылдары Кыргызстан Баткенде куралдуу кагылыштарды башынан өткөрүп, терроризм менен беттешкен убак. Бул өлкө үчүн коопсуздук маселеси канчалык маанилүү экенин көрсөткөн олуттуу сыноо болгон.
"Бул уюм уюшуларда бизде Баткен окуялары болгон. Биз дүйнөлүк терроризм коркунучуна дуушар болгонбуз. Ошол убакта ШКУ түзүлгөндө биз чоң мамлекеттер менен коопсуздук жаатында өзүбүзгө өбөлгө түздүк", - дейт Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Асан Акматов.
Ошентип, 2001-жылы аймактагы коопсуздукка артыкчылык берген Шанхай кызматташтык уюму түзүлүп, Кыргызстан аны негиздеген алты мамлекеттин бири болду.
Уюм өлкөгө коопсуздук жагынан кандай жардам берди - бир беткей жооп берүү кыйын.
ШКУ түзүлгөндөн бери коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруп келет. Уюмга мүчө өлкөлөр терроризмге, экстремизмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө маалымат алмашып, биргелешкен машыгууларды өткөрүп турушат. Кыргызстан да бул иштерге катышат. Ташкентте ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмү жайгашкан. Кыргызстан дагы өз аймагында ШКУнун ири түзүмүн жайгаштыргысы келет:
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Кыргыз бийлиги көптөн бери эле ШКУнун эл аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн борборун Бишкекте ачалы деп келет. Бирок азырынча макул болбой келе жатышат. Коопсуздук жагынан көбүнчө атайын кызматтардын маалымат алмашуусу бар. Бирок чынын айтыш керек, ШКУ аймактык коопсуздукту камсыз кыла турган уюм эмес", — деген пикирде Чынара Эсенгул.
Чынында эле, ШКУнун коопсуздук жаатындагы иши көбүнчө мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын өз ара кызматташуусуна, маалымат алмашуусуна жана биргелешкен машыгууларына байланыштуу.
Ал эми мамлекеттер ортосунда чыккан конкреттүү талаш-тартыштарды чечүүдө уюмдун мүмкүнчүлүгү кыйла чектелүү.
"Мисалы, ШКУ Тажикстан менен Кыргызстан катышкан эки тараптуу конфликтте, тилекке каршы, бул аянтчада биз бул маселени көтөрө албайбыз деп, биз кызыкчылыгыбызды коргой алган жокпуз. Ага биз өзүбүз эле күнөөлүүбүз. Себеби, ушундай аянтчаларды колдонушубуз керек болчу", - дейт талдоочу Руслан Акматбек.
ШКУнун уставында уюмга мүчө мамлекеттер терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташары жазылган. Бирок эксперттер белгилегендей, бул кызматташтык уюмду аймактагы бардык коопсуздук маселелерин чечкен түзүмгө айлантпайт.
Экономика: 25 жылда кандай жыйынтык болду?
Шанхай кызматташтык уюмунун негизги максаты - мүчө мамлекеттердин ортосунда өз ара ишенимди, коопсуздукту жана кызматташтыкты бекемдөө. Уюм терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо менен катар экономика, соода, транспорт, энергетика, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
ШКУнун курамында дүйнөдөгү Кытай, Индия өңдүү ири экономикалар бар.
Уюмдун алкагында экономикалык кызматташуу боюнча дагы көптөгөн келишимдер жана демилгелер көтөрүлүп келет.
"Акыркы төрт жылда Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүүсү кыйла өстү. ШКУ Кыргызстан үчүн товарларды экспорттоочу рынок гана эмес, инвестицияларды, технологияларды жана жаңы өндүрүштөрдү тартууга мүмкүнчүлүк берген ири экономикалык мейкиндик болуп калды", - дейт Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Гүлбарчын Кеңешбекова.
Былтыр июлда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев 2021–2025-жылдары Кыргызстандын ШКУга мүчө өлкөлөр менен товар алмашуусу эки эсеге көбөйгөнүн айткан эле. 2026-жылы январь–апрелде эле мындагы соода көлкөлөмү $3,7 млрдга жеткен.
Деген менен эксперт Чынара Эсенгул ШКУ алкагында экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстан дагы деле толук колдоно албай жатканын айтууда:
"Биз ШКУнун жылдык бюджетине 7,6% гана салып кошобуз. Бирок ошол кошулган акчага карата андан ала алышыбыз мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү карасак, жакшы эле. Бирок биз ошол мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатабызбы же жокпу, ал өзүнчө башка суроо. Менин жеке оюмда биз ШКУ алкагында экономикалык толук потенциалды колдоно алган жокпуз".
Быйыл июнда ШКУнун алкагында Кыргызстанда инвестициялык ири форум өтүп, анда 150 миллион долларга 12дей келишим түзүлгөн.
"Бирок бул келишимдер гана. А чыныгы инвестициялык акча келеби, кандай келет, долбоорлор кандай ишке ашырылат? Ал биздин потенциалга көз каранды. Кыргызстан ШКУга төрагылык кылып жаткан бул жолу чоң деле демилгелер болгон жок. Бирок жалпысынан айтканда ШКУнун өзүнүн табияты ушундай, саясий стратеияларды талкулоо, декларация. Андай да аянтча керек" , - дейт Чынара Эсенгул.
Бирок ошол эле учурда ШКУнун өзүнүн ири каржылык механизмдерин түзүү көпкө созулганын эксперттер белгилешет.
Мисалы, Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүү идеясы бир нече жылдан бери талкууланып келет. 2025-жылы уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери банкты түзүү боюнча саясий чечим кабыл алышкан. Ал эми 2026-жылдын май айында Бишкекте банкты түзүү боюнча үчүнчү консультациялык жолугушуу өтүп, анын негизги механизмдери талкууланды.
Башкача айтканда, банкты түзүү боюнча иш жылып жатат, бирок ал азырынча иштеп жаткан каржы институтуна айлана элек.
Талдоочу Руслан Акматбек дагы Кыргызстан ШКУнун алкагында экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн дагы да жакшы колдоно электигин чечмелеп берди:
"ШКУдагы Индия же Пакистан өңдүү өлкөлөр менен экономикалык жактан кызматташууларыбызды улантышыбыз керек. Эң жакын бизге мегаполис бул Стамбул дагы эмес, Москва, Бээжин дагы эмес, Дели. Индияда көп нерсе өндүрүлөт, кызматташсак болот. Пакистан менен, мисалы, порттору, энерго тармагы боюнча кызматташсак болот. Бирок биз аны кыла албай жатабыз. Биз интеграциялык уюмдарды протоколдук мүнөздө кабыл алып, той, конок деген көз караш менен карайбыз".
Ошондой эле ШКУну Кыргызстандагы ири инвестициялардын түз булагы деп айтууга болбойт. Өлкөдөгү ири долбоорлор көбүнчө башка мамлекеттер менен, мисалы, Кытай же Орусия менен түзүлгөн эки тараптуу же үч тараптуу келишимдердин негизинде ишке ашып жатат.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: ШКУнун таасири кандай?
Кыргызстан деңизге чыкпаган өлкө болгондуктан, тышкы рынокторго чыгууда коңшу мамлекеттер аркылуу өткөн жолдорго көз каранды. Кытай менен Борбор Азияны байланыштырган жаңы транспорттук каттамдар өлкө үчүн соода жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтө алат.
Шанхай кызматташтык уюмунун транспорттук байланыштарды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр үчүн аянтча болуп келет. Бирок бул сүйлөшүүлөр Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде реалдуу долбоорлорго айланып жатат?
Мисалы, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Бирок ал ШКУнун долбоору эмес, үч өлкөнүн түз келишимдери аркылуу ишке ашууда. Деген менен, мында ШКУнун ролу жогору, дейт эксперт.
"Транспорттук байланыш боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Мунун эң көрүнүктүү мисалы - Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Бул формалдуу түрдө ШКУнун долбоору эмес, бирок уюм алдыга сүрөп жаткан Евразиялык транспорттук байланыштуулук саясатына толук шайкеш келет. Долбоор Кыргызстанды транзиттик жана логистикалык түйүнгө айландырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспорттук рынокторго чыгууну кеңейтүүгө өбөлгө болот", - дейт эксперт Гүлбарчын Кеңешбекова.
ШКУ транспорт боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканы анык. Бирок Кыргызстан үчүн анын пайдасы жаңы жолдор ачылып, жүк ташуу көбөйүп, соода жанданганда гана сезилет. Азырынча мындай ири долбоорлор көбүнчө ШКУдан тышкары, өлкөлөрдүн өз ара келишимдери аркылуу ишке ашууда.
Маселен, ШКУ Кытайдын "Бир алкак - бир жол" демилгесин расмий колдойт жана аны менен байланышкан транспорттук-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзгөн кызматташтыкты өнүктүрүп келет. Бирок "Бир алкак - бир жол" бул Кытайдын эл аралык инфраструктуралык жана экономикалык демилгеси. 2024-жылы ШКУга мүчө өлкөлөр Кытайдын демилгесин колдой турганын билдиришкен.
Анда 25 жылдын эң чоң жыйынтыгы эмнеде?
Албетте, ШКУнун Кыргызстан үчүн пайдасын бир гана акча же инфраструктура менен өлчөө туура эмес.
Уюмдун дагы бир маанилүү ролу - Кыргызстандай чакан мамлекет үчүн ал салмактуу дипломатиялык аянтча. Кыргызстан бир үстөлдө Кытай, Орусия, Индия, Пакистан, Иран жана Борбор Азия өлкөлөрү менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Чакан мамлекет үчүн бул маанилүү ресурс.
"Азыркы эл аралык саясатта кайсы бир уюмга мүчө болуунун пайдасын акча же конкреттүү долбоор менен гана өлчөө кыйын. Кыргызстан үчүн ШКУнун мааниси көбүнчө дипломатиялык жана саясий мүмкүнчүлүктөрүндө. Анткени бул уюмда Кытай, Орусия сыяктуу ири мамлекеттер бар. Алар менен бир уюмдун алкагында бир үстөлдө отуруп, орток маселелерди талкуулоо - Кыргызстан үчүн чоң дипломатиялык мүмкүнчүлүк", - дейт жергиликтүү эксперт Эмилбек Жороев.
25 жылдык мааракенин алдында ШКУнун келечектеги ролу жана салмагы тууралуу да талкуулар күчөп жатат. Эгер уюм негизинен мамлекеттердин лидерлери жолугуп, декларация кабыл алган аянтча бойдон калса, анын Кыргызстан үчүн пайдасы чектелүү бойдон калат өңдүү пикирлер дагы бар. Бирок Кыргызстандай чакан өлкө үчүн мындай уюмдун ичинде болуунун өзү маанилүү.
Бишкектеги саммит: күн тартибинде
Бишкектеги саммитке ШКУга мүчө 10 өлкөнүн лидерлери катышары күтүлүүдө. Алар - Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Кытай төрагасы Си Цзиньпин, Орусия президенти Владимир Путин, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Беларус президенти Александр Лукашенко, Иран президенти Масуд Пезешкиан, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.
Мындан тышкары, ШКУ+ форматындагы жолугушууга башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Алардын арасында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да болот деп күтүлүүдө.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ушул күндөрү ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына байланыштуу жалпысынан 21 мамлекеттин жетекчиси Кыргызстанга келерин билдирген.
Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммити дүйнөдө геосаясий чыңалуу күчөп турган шартта өтүп жатат. Украинадагы согуш уланып, Орусия менен Батыштын мамилеси дагы эле курч бойдон калууда. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдар да эл аралык коопсуздукка таасирин тийгизип, дүйнөлүк соода жана транспорттук каттамдарга тобокелдик жаратууда. Мындай шартта курамында Кытай, Орусия, Индия, Иран жана Пакистан сыяктуу ири мамлекеттер бар ШКУ үчүн коопсуздук жана эл аралык мамилелердеги өзгөрүүлөр негизги маселелердин бири болуп турат.
Мисалы, уюмдун мүчөсү болгон Иран быйыл АКШ жана Израил менен түз аскердик жаңжалга тартылып, аймактагы чыңалуу азыр да басаңдай элек.
Мындан улам Бишкектеги саммит ШКУ мүчөлөрү үчүн коопсуздук маселелерин талкуулоо өзгөчө мааниге ээ болгон учурга туш келип жатат. Бирок уюмдун бардык мүчөлөрүнүн коопсуздук маселелерине карата кызыкчылыктары жана позициялары бирдей эмес. Ошондуктан ШКУнун кризистерди чечүүдөгү ролу жана мүмкүнчүлүгү чектелүү дешет талдоочулар.
Бишкектеги саммитте Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына байланыштуу уюмдун мындан аркы багыты, коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.





























