СС концлагеринин мурунку күзөтчүсү 94 жашында соттолууда
СС концлагеринин мурунку күзөтчүсү Германияда сот алдында жооп берүүдө. Ага Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттик лагердеги массалык адам өлтүрүүгө аралашкан деген айып тагылган.

Сүрөттүн булагы, EPA
СС концлагеринин мурунку күзөтчүсү 94 жашында соттолууда
94 жаштагы айыпталуучу соттук материалдарга Иоганн Ребоген деген ысым менен тиркелген. Ал Польшанын аймагындагы Штуттгоф концлагеринде 1942-жылдын июнь айынан 1944-жылдын сентябрь айына чейин кызмат кылганы белгилүү болгон. Айыпталуучунун өзү лагерде үрөй учурган жырткычтык болгонун билбегенин айтууда. Ошол маалда анын курагы 21ге толо элек кези болгон экен.
Мурунку күзөтчү майыптык коляскада олтурганына карабастан, аны 15 жылдык абак жазасы күтүп турат. Бирок улгайып калгандыктан түрмөгө деле камалбашы мүмкүн. Айыпталуучунун жаш курагына байланыштуу соттун жүрүшү дагы үзгүлтүк менен өтүүдө. "Соттук угуу эки саат менен гана чектелет",- деп билдирген AFP агенттигине Дортмунддун прокурору Андреас Брендель.
Сотто тагылган айыптар
СС күзөтчүлөрүнүн катарында Ребогенге дагы Штуттгоф концлагеринде жүздөгөн кишилердин өлүмүнө катыштыгы болгон деген айып тагылды. Соттун маалыматына караганда, мурунку СС күзөтчүлөрү "Циклон Б" уулуу газын адам өлтүрүү үчүн колдонду деген кылмыш ишинин негизинде айыпталууда:
- 1944-жылы 21-22-июнда жүзгө чукул польшалык туткундарга;
- 1944-жылы жайында жарадар абалда туткундалган 77 советтик аскерге;.
- Саны так аныкталбаган жөөт туткундарына. Айрым маалыматтарга караганда, кеп бул жерде 1944-жылдын август айында жана жыл соңунда болгон темир жол вагондорундагы кыргын тууралуу жүрүүдө.
- Айыптоодо башка дагы үрөй учурган кылмыштар тууралуу айтылды. Анын ичинде, 1944-жылдын июнунан 1945-жылдын апрель айларынын аралыгында кара жумушка жарабаган 140 жөөттү (анын ичинде балдар жана аялдар дагы бар) атып салуу окуясы;
- 1943-1944-жылдар аралыгында кышындасы туткундарды атайын суукта калтыруу;
"Сотолуучуга күзөтчү катары адам өлтүрүүгө катыштыгы болгон деген айып тагылып жатат",-дейт Андреас Брендель.
Штуттгоф концлагери

Сүрөттүн булагы, AFP
Штуттгоф жайгашкан жер Данциг (азыркы Гданьск) аймагына жакын. Бул жай 1942-жылдан концлагерь катары иштеген. 1944-жылы июнда лагерде кармалгандарды газ камерасында өлтүрө башташкан.
Штуттгоф 1945-жылы 9-Майда Советтик Армия тарабынан бошотулганга чейин 65 миң чамалуу кишинин өмүрү кыйылган.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн булагы, Stutthof Museum
Сотолуучу
Иоганн Ребоген согуштан кийин АКШ армиясынын жоокерлери тарабынан туткундалган. Кийин бошотулуп, Түндүк Рейн-Вестфалиде ландшафт архитектору болуп иштеген.
Өткөн жылы ал полициянын суроолоруна жооп берип жатып, лагердеги жырткычтык боюнча эч нерсе билбегенин айткан.
Нацисттик аскердик кылмыштар ушул күндөргө чейин иликтенип келе жатат.
"Эгерде өтө каардуу иштер жана кылмыштар болгонун карап көрсөк, анда эмнеге улгайган кишилерди дагы соттоп жатканын түшүнсө болот",-деди Андреас Брендель.
"Германия курмандыктардын жакындары алдында милдеткер. Ошондуктан нацисттик аскердик кылмыштарды иликтеши керек. Ал тургай бүгүн дагы иликтениши зарыл. Бул юридикалык жана моралдык суроо".
Штутхофдо өлтүрүлгөндөрдүн жакындары дагы сот ишине катышууда.(AbA)












