Кеннединин өлүмүндөгү советтик из

Джон Кеннеди

Сүрөттүн булагы, Central Press/Getty Images

    • Author, Наталка Писня
    • Role, Би-би-си, Вашингтон

АКШ президенти Жон Кеннединин өлүмү боюнча америкалык чалгын кызматтары архив материалдарды ачыкка чыгаргандан кийин миңдеген тарыхчылар жана журналисттер бул документтерди изилдөөгө киришти.

Мисалы, эки тарапка тең иштеген советтик агент Юрий Носкенконун сурагы 93 барактан турат. Анда офицер орус тилинде СССРдин Мамлекеттик коопсузудук боюнча министрлигиндеги карьерасы тууралуу чаташтырып айтып берет. Ал иштеген учурда Иосиф Сталиндин көзү тирүү болгон жана бул Кеннединин президенттигинин алдындагы мезгил. Сурактын протоколу англис тилине которулган.

Кеннединин өлүмү боюнча Овальный кабинетке Эдгар Гувер тарабынан даярдалган эң кызыктуу докладда Носенконун ролу тууралуу маалыматтарды табууга болот. Документте Кеннединин өлүмүнө СССРдеги реакциялар кеңири жазылган. Архивде советтик тыңчылар абадан көп кезигет.

Би-би-синин Орус кызматы Жон Кеннединин өлүмү боюнча ачыкка чыккан архив материалдардагы эң кызыктуу жагдайларды иргеп алган. Мында СССРдин ролу тууралуу документтерге көңүл бурулган.

КГБнын мурунку агенттери Георгий Лесник жана Орусияга келген Ли Харви Освальд

Лесник тууралуу маалыматтар 1964-жылдын март айындагы дата менен белгиленген.

Бул учур АКШнын 35-президентинин өлүмүнөн аз эле убакыттан кийин болуп жатат. Маалыматтарды күбөнү коргоо программасынын негизинде Лесникти кайтарып жүргөн ФБР агенттери топтоп, жазып алышкан.

Кечки тамак учурунда Time журналынын жаңы санына көз жүгүртүп олтуруп, Лесник чалгын кызматкерлерине көп жыл мурун Ли Харви Освальдды токтотуп, Кеннедини сактап калса болот эле деп айтып берет.

Ли Харви Освальд

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1959-жылдан 1963-жылга чейин Освальд СССРде жашап, өзүнүн болочок жубайы Марина Прусакова менен таанышкан.

Андан кийинки маалыматтар америкалык Ли Харви Освальддын СССРдин аймагындагы сапары тууралуу.

Мурунку советтик тыңчынын айтымында, Освальд КГБ жана советтик атайын кызмат үчүн баалуу деле эмес эле. Ошондуктан ага оңой эле СССРден чыгып кетүүсүн камсыздай турган виза алууга мүмкүндүк беришкен.

Анын иши каралып жаткан мезгилде, мурунку деңиз жөө аскери жана анархист Освальд Москвадан Минскиге жөнөп кетиши керек болгон. Ошол кездеги советтик инструкция боюнча Освальдды атайын туристтик агент коштоп жүрүүгө тийиш эле. Ал америкалыкты мейманканада бир нече саат күтүп олтурат. Эшик бек экени жана чет элдик турист номерден чыкпаганын аныктайт. Андан кийин агент селсардын жардамы менен эшикти бузуп кирип, кан тамырын кесип алып, керебетте жаткан Освальдды көрөт.

Жергиликтүү дарыгерлер канын көп жоготкон америкалыктын өмүрүн сактап калышты. Кийин белгилүү болгондой, эгерде эле 10 мүнөткө кечиккен болсо, анда Освальдды сактап калууга мүмкүн болбой калмак.

"Объект" (Лесник) айтып бергендей, эгерде туристтик агент бөлмөнүн эшигин бузуп кирбей, инструкция боюнча КГБга телефон чалганда, ал (Лесник) чет өлкөлүк жөнүндө унут деп кеңеш берип, кечинде гана мейманканага КГБ агентин жөнөтмөк экен. Ал агент болсо эбак оо дүйнө кете берген Освальдды тапмак», -деп айтылат ФБР отчетунда.

Лесниктин айтып бергенине караганда, Освальд дыйкандын үй-бүлөөсүнөн чыккан Марина ысымдуу сабатсыз орус аялга үйлөнүп, кийин аны АКШга өзү менен кошо алып кеткен.

Мексика, Куба жана советтик элчилик

Документ

Сүрөттүн булагы, NATIONAL ARCHIVES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көп документтер «өтө жашыруун» деген белги менен сакталган.

Жон Кеннединин өлүмүнөн бир нече апталар алдында Освальд Мексикадагы Кубанын элчилигине келип, Кубанын аймагында, андан кийин ал жерден СССРге саякаттоо үчүн виза берүүнү суранып, кийин талап кылган.

Элчиликтеги ага жардам берген кызматкерди Сильвия Тирадо де Дюран деп аташкан. Америка президентине Ли Харви Освальд ок аткан окуядан бир күндөн кийин элчиликтеги бул кызмактер кызды камакка алышкан.

Дюрандын айтып бергенине караганда, Освальд жубайы орус экенин жана өзү Кубалык революциянын санаалашы экенин ишендирип, ага чукул арада виза керек болуп жатканын түшүндүргөн.

Освальд эличиликке бир нече ирет келип кеткен. Алгач сүрөтүн алып келген, кийин Мексикадагы Кубанын консулу менен урушуп кеткен. Освальд кубалык визаны албаса, советтик визаны алуу мүмкүн эмес экенин түшүнүп, консулдан катуу талап кылып, ачууланат. Мексикада жүрүү мөөнөтү жакынкы күндөрдө аяктай турганын айтып, демиткен.

Мисс Дюран ушундан кийин Освальдга жардам берүүгө аракет кылып, виза сурап советтик эличиликке кат жөнөткөн. Ал жактан арызды кароо мөөнөтү төрт ай деген жооп келет.

Кийин элчликтеги кызматкер кыз Освальдка советтик диплломатиялык өкүлчүлүктүн телефонун бергенин жана Кубанын Тышкы иштер министрлигине ага виза берүү боюнча жеке өзүнүн атынан кат дагы жазганын моюнуна алат.

Мексикадагы советтик элчиликке телефон чалууну ЦРУ жазып алган. Анда аял киши анын кабылдоосунда мурда советтик элчиликте болуп кеткен америкалык олтурганы тууралуу айтат. Телефондон аял киши менен англис тилинде сүйлөгөн эркек сүйлөшүп жатат, анан ал Освальд орустар менен эмнеге өзү сүйлөшпөй жатканына таң калат.

Кийин сүйлөшүүгө Освальд аралашып, советтик дипломатка орус тилинде сүйлөй берүүнү өтүнөт жана жакында эле болгон советтик консул менен жолугушуу тууралуу эскертет. Кыязы консулдуктан Вашингтонго жөнөтүлгөн телеграммага жооп күтүп жатканын өзгөчө басым менен белгилейт.

Америкадан жооп болгон эмес, бир нече күндөн кийин Освальд өзү жолугушкан дипломаттын ысымы Костиков экенин айтып телефон чалат.

Башка документте ошол кездеги ЦРУнун жетекчиси Валерий Костиковду так сүрөттөп берет. Көп жылдык тажрыйбасы бар, 13-башкармалыкта кызмат кылган КГБнын офицери экенин жазат. Америкалык чалгын кызматынын маалыматына караганда, ал саботаж жана кол салуу менен алектенген.

Линдон Жонсон жана Советтер Союзунун реакциясы тууралуу чалгын маалыматтары

Кеннеди АКШ менен СССРдин ортосундагы мамилени жакшыртуу керек деп эсептеген. (Сүрөттө Жон Кеннеди жана Никита Хрущев).

Сүрөттүн булагы, Central Press/Hulton Archive/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кеннеди АКШ менен СССРдин ортосундагы мамилени жакшыртуу керек деп эсептеген. (Сүрөттө Жон Кеннеди жана Никита Хрущев).

Федералдык иликтөө бюросунун легендарлуу директору Эдгар Гувердин докладында кызыктуу жагдайлар көп. Документ Top Secret (АКШдагы өтө жашыруун сыр) деген аталыш менен белгиленип, жети барактан турат.

Текшерилген булактарга шилтеме берип, ал мынтип жазат: "Советтер союзу Кеннедиге кол салуу болгону тууралуу маалыматты дароо эле угушту. Кремлде дендароо жана шок абалы болгон».

Докладда белгиленгендей, биринчи кезекте СССР "лидери жок калган, жоопкерчиликсиз генералдардын бири Советтер Союзуна ракета жолдоп жибербейби" деп кооптонгон.

Советтик чалгын кызматындагы ФБРдин булагы аныктагандай: Освальддын СССРге эч кандай тиешеси жок, анын советтик жарандыгы болгон эмес, Москванын америкалык президенттин өлүмүнө эч кандай катыштыгы жок.

Кансыз согуш өкүм сүрүп турганына карабастан, Кремль Освальд жана анын жубайы Марина тууралуу КГБда сакталган маалыматтарды Вашингтонго берген.

Америкалык тергөөчүлөр Освальд жалгыз аракеттенип, кутумчулардан турган бүтүндөй бир түйүндү түзгөн деп эсептешкен.

СССРде болсо, Освальдды "өз өлкөсүнө дагы, эч нерсеге берилбеген психикалык маньяк» деп аташкан.

Башка булак кабарлаган маалыматта, Кеннединин өлүмүнөн кийин, КГБнын Нью-Йорктогу чалгындоо түйүнүнүн жетектеген полковник Борис Иванов, өзүнүн кызматкерлерине АКШнын кийинки президенти Линдон Жонсон тууралуу маалымат жыйнооону тапшырат.

Эки жылдан кийин ошол эле булак: Москва Жон Кеннедиге кол салууга Линдон Жонсондун катыштыгы болгону тууралуу аныктап бере турган маалыматка ээ экен деп кабарлайт.

Жон Кеннеди жана Линдон Жонсон. Кеннеди киши колдуу кзаа тапкандан кийин Жонсон президентикке келген.

Сүрөттүн булагы, National Archive/Newsmakers

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жон Кеннеди жана Линдон Жонсон. Кеннеди киши колдуу кзаа тапкандан кийин Жонсон президентикке келген.

Мына ушул жерден Гувердин докладында сахнага Юрий Носенко чыгат.

Башында белгилеп өткөн эки тараптуу агент. Анын көрсөтмөлөрү Кеннединин ишине эч кандай тиешеси болгон эмес. Носенко өзүнө өзү кол салган Ли Харви Освальддын эшигин талкалап кирип, өлүмдөн куткарып калган туристтик агент болуп чыкты. Ал ФБР агенттерине жаңы эч нерсе деле айтып бере алган эмес. Болгону америкалык туристтин кан тамырын кесип алган окуяны дагы бир жолу тастыктады.

Анын жетекчиси Георгий Лесник башка көрсөтмөлөрүндө: Кеннединин өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты уккандан кийин дароо эле жумушуна келип, Освальддын өздүк делосун караганын айтып берген. Анын айтымында, Борбордук архивден дагы Минскидеги архивден дагы Освальддын же анын аялынын КГБга азгырылганы тууралуу маалыматтар табылган эмес.

Кыязы кызыктуу маалыматтардын көбү америкалык атайын кызматтын өтүнүчү менен 2018-жылдын апрелине чейин жарыяланбай турган архив документтерде болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда «өтө жашыруун» делген белги менен түшкөн КГБ архивдеринде болушу да турган кеп. (AbA)