ЖРТ: 500 долларга жалдап, башка эле студентти тестке киргизгендер бар

Сүрөттүн булагы, Копирайт: Билимди баалоо борбору
Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн 2002-жылдан бери жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлүп келет. Дал ушундай тестирлөө быйыл 20-майдан тарта башталганы турат.
Тактоо: Бул материал ЖРТга жасалма документ аркылуу башка бирөөнүн ордуна жалданып кирип, айрым учурда ал "кызматы" үчүн материалдык акы алган шылуундарды ашкерелөөгө, андай аракет мыйзамсыз иш экенин түшүндүрүүгө багытталат.
Тестте жарамдуу упай алайын деп күнү-түнү көз ирмебей даярданып, атайын курстарга барып, акча коротуп окугандар дагы бар. Бирок ошол эле учурда өзүнүн ордуна башканы киргизип, жогорку упай алгандар дагы четтен чыгат.
Биз бул жолу ЖРТга башка эле окуучунун атын жамынып кирип, тест тапшырып, ал “кызматы” үчүн кызылдай акча алган шылуундар тууралуу кеп кылабыз. Аларды тест борборундагылар эле эмес, андай ишти уюштургандар дагы “каскадерлор” деп атап алышкан. Аларга мыйзам боюнча кандай жаза колдонуларына да кызыктык.
“Каскадерлор” демекчи баары эле бул сөздү укканда кадимки оюн-зоок, кинодогу каскадерлорду элестетиши мүмкүн. Бирок булар ал адистерден кескин айырмаланып, документтен баштап, тесттин жыйынтыгына, бирөөнүн келечегине чейин бурмалаган шылуундар.
“Курсташымдын суранычын четке каккан жокмун”
22 жаштагы Бекбол (аты-жөнү өзгөртүлдү-ред) Ош шаарынын тургуну. Ал убагында жөнөкөй мектепте эмес, Оштогу эң мыкты делген жеке менчик мектепти жалаң “5” деген баа менен бүтүргөн.
Окууну бүткөн соң, борбор калаадагы окуу жайлардын бирине программист адистигине тапшырган. Бекбол дагы убагында ЖРТдан 198 балл алган. Андан кийин ЖРТга башка бирөөнүн ордуна кирип (таанышынын тууганын ордуна), тест тапшырып, жогорку балл алып берген. Бирок мындан кийин, ал мындай кадамга барбайм деген чечимге келген.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Эки дарыны катары менен ичип анан кирип кеттим...
Каарманыбыз бизге кандай жол менен башка бирөөнүн ордуна кирип тест тапшырып чыкканы тууралуу кыскача айтып берди.
“Мен мектепте эле эмес университетте дагы жакшы окудум. Курсташым бир күнү үйүнө чакырып, инисинин ордуна тестке кирип берүүмдү өтүндү. Иниси кырсыктап ооруканага жатып калыптыр, ошон үчүн мага сунуштаптыр. Анан мындай карасам ал бала менен экөөбүз түспөлдөш болуп кетет экенбиз. Менден аябай суранганынан жок дей алган жокмун. Ошол тест болор күнү эмнегедир башкача болуп баштадым. Өзүмдү басыш үчүн тынчтандыруучу дарыдан экини ичип анан кирдим. Тиги бала менен жашыбызда бир аз эле айырма бар болчу. Ошон үчүн эч нерсе билинген жок окшойт. Мен математикадан аябай жакшы окучумун. Ошондуктан тиги балага 176 балл алып бердим”,- дейт каарманыбыз.
Негизинен акчага жалданган студенттерди начар окуйт делген бүтүрүүчүнүн ордуна киргизишет. Би-Би-Си мындан 3 жыл мурун да окуучунун ордуна киргизилген “каскадер” менен маек курган.

Сүрөттүн булагы, screenshot
“Ал Медакадемияга тапшырайын деп жаткан. Мен химия, биологияны жакшы билгенимден, предметтик сабактарга мени киргизген. Андай кызматым үчүн 500 доллар төлөнөт”,- дейт ал.
Анын айтымында, алдыңкы окуу жайга өтүү үчүн 3000 долларга чейин төлөнөт.
Натыйжасы жок тергөө иштери
Каарманыбыз бул кызмат үчүн канча акы алганын айткан жок. Бирок, дал ушу сыяктуу каскадер болуп, жалданып иштеген атайын топтор дагы бар.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары боюнча борбордун башкы адиси Мээрим Кадырова башка бирөөнүн ордуна тестке кирген фактылар жыл сайын катталарын айтат.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Биричи жылдары ЖРТны тапшырып баштаганда “каскадерлордун” саны аз болчу. Эң көп кармалган 2015-жылы болгон. Ошол жылы 34 каскадер кармаганбыз. Жылдан жылга азайып жатат. Акыркы жылдары 7-8 эле учур гана катталууда. Булар атайын топ менен иштейт. Ал топтун башчысы белгилүү эле адам болчу. Ал жогорку окуу жайларга барып, эң көп балл алган балдарга акча сунуштап ушундай ишке көндүрчү. Башында андай адамдарды региондордон көп кармачубуз. Бир жылдары дал ошол “каскадерлорго” тобу менен бет келген кызык окуялар дагы болду. Биздин тажрыйбалуу лидерибиз кечки тамактанууга барганда, кафенин жанында бир маршрутка “каскадер” тамактанып жаткан экен. Анан биздин бала аларды сүрөткө тартып алып, кийин тестке киргизбегенге аракет кылганбыз”,- дейт ал.
ЖРТ тест алган ыктыярчылар жана алардын башчылары дагы жалданма шылуундарды кармоо үчүн жыл сайын атайын бир нече этаптан турган окуудан өтүшөт. Ошол эле учурда жалданып киргендер дагы атайын даярдыктан өтүшөт. Ал тургай шардан барган студент чачын, кийген кийим-кечесин дагы айылдык балдардан айырмаланбагандай жымсалдайт.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Кадырова жылдан-жылга бир каскадер бир баланын ордуна эле эмес, 2-3 баланын ордуна киргенге аракет кылган учурлар бар экенин белгиледи. Ал мындай факты жылда катталып, милицияга өткөрүп берилгени менен укук коргоо органдарынын иши чала болуп жатканын белгиледи.
“Бардык фактыларды четинен изилдеп “каскадерлордун” тобунун башчысын кармап, прокуратурага тапшырганбыз. Биз андайларды кармап эле дароо милицияга тапшырып койчубуз. Андай балдарды колго түшүргөндө алар өздөрү мойнуна алгандан кийин гана милицияга тапшырып беребиз. Биз эч качан фактысы жок эле милицияга кайрылбайбыз. Бирок, анткен менен жыйынтыгы билинбей эле калат. Милиция “ооба, тергеп жатабыз” деп коёт. Биз былтыр дагы милицияга арыз жазып, өткөрүп бергенбиз”,- деп кошумчалады Кадырова.
Билимди баалоо жана окутуу усулдарынын маалыматы боюнча, жалпы республикалык тестирлөө системасы иштеп баштагандан баштап, 2022-жылга чейин жалпы 240 мыйзам бузуу учуру катталган.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Катталбаган факты
Анткен менен Ички иштер министрлиги Билимди баалоо жана окутуу усулдары боюнча борбордунан тест алуудагы мыйзам бузуулар боюнча бир да арыз түшпөгөнүн билдирди.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
“Билим берүү министрлиги өздөрү комиссиялары каттап, анан укук коргоо органдарына өткөрүп берет. ЖРТ өткөргөдө, алардын өздөрүнүн тартиптери болот. Мыйзам бузуу болсо, кызматтык иликтөө өткөрүшөт. Эгерде жанагындай окуучу өзүнүн ордуна башка бирөөнү киргизген учурлар болсо бул мыйзам бузуу болуп саналат. Бирок бизде бир-эки жылдан бери мындай учур каттала элек. Андай учурда уже фактыга жараша кылмыш иши козголот. Бирок, айып пул гана салынат. Анткени анчалык чоң кылмыш болуп саналбайт. Бирок бардыгы тең беренеге жараша болот. Бизге арыз келип түшкөн учурда гана карай алабыз, анан тергелип бүткөндө гана прокуратурага өткөрүлөт”,- деди ИИМдин Басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Адилет Мусаев.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 11-классты 69 миң окуучу бүтөт. Ал эми 9-калсстын базасында 116 миге жакын окуучу мектепти аяктайт.
Чоң окуу жайыларына өтүү үчүн тестти тапшырууга жалпы 47 миң 383 бала катталган. Көпчүлүк ЖОЖдорго ушул тесттен алынган упайлардын негизинде кабыл алынып, эгер упай жогору болсо, гранттык (бюджеттик) орунга өтүүгө болот. Тесттен өтүүгө мүмкүндүк берүүчү эң төмөнкү упай: негизги тест боюнча — 110 жана предметтик тест боюнча — 60 балл алышы керек.
Буга чейин жыл сайын ЖРТнын жыйынтыгы боюнча өтүүгө боло турган беш миңден ашык бюджеттик орун бөлүнүп туган. Ал эми быйылкы жылда канча орун бөлүнөрү азырынча белгисиз. Ошондой эле тест боюнча эң мыкты натыйжага ээ болгон "алтын сертификат” ээлери каалаган окуу жайына конкурсу жок өтө алат.
Дилде Шатанова, эркин журналист.












