Балам жакшы окусун десеңиз... Гапыр Мадаминовдун кеңеши

Сиздин китеп окуганыңыз балаңыз үчүн өтө маанилүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сиздин китеп окуганыңыз балаңыз үчүн өтө маанилүү

Жаңы окуу жылы башталат дегендин өзү - балдардын кийим-кечеси, дептер, калем саптын түрлөрүн сатып алуу же мыкты мектепти тандоо менен эле бүтпөйт. Андан да алда канча маанилүү милдет бар. Эмесе сөз башынан болсун...

Саламатсыздарбы урматтуу окурмандар, бүгүн, ата-эне китеп окубаса, балдар китеп окубайт, же, балдарды үй-бүлөдө китепкөйлүккө тарбиялоо жөнүндө баарлашабыз.

Азыркы учурда балдар арасында, жалпы эле коомубузда китеп окуу маселеси көйгөйлүү болуп, китеп окугандардын саны өтө аз болууда. Бул коомдогу жаштарыбыздын, элибиздин руханий деңгээлинин өсүүсүнө терс таасирин берет, ал айланып барып, коомдун социалдык, маданий, экономикалык өнүгүүсүнө да таасирин тийгизет. Канткенде жаштарыбыз чыныгы окурман болот? Китепкөй болот? Ушул жөнүндө акылдашалы...

Китеп азыркы санарип, интернет доорунда модадан калды, китеп окуунун зарылдыгы барбы, маалыматтардын баары интернетте бар, аудио китептер бар деген көз караштар бар. Биз ошого өзүбүздүн көз карашыбызды айтып кетели.

Албетте, IT технология, аудио китептер, интернет жакшы. Бирок алар өз жолу, өз зарылчылыгы менен жакшы жана алар кагаз китепти алмаштыруусу кыйын. Себеби, интернетте маалымат өтө тез келип, аны кабыл алуу оперативдүү түрдө жеңил болгону менен алар ошончолук тез эле унутулуп калат.

Ал эми кагаз басылмадагы китепти ачып, таанышып, окуп, маалымат көз менен мээге барып, сөздөрдөн образ түзүлүп, чагылуу процессинде адамдын ой жүгүртүүсү өсүп, ассосация пайда болуп, ал маалымат узак убакытка сакталуусун окумуштуулар далилдеп жатат. Мына ошол себептен китептин баалуу экендиги талашсыз.

Китепти талкуулаган үйдө урушка да, ушакка да убакыт калбайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Китепти талкуулаган үйдө урушка да, ушакка да убакыт калбайт

Балаңыз менен жарыша окуңуз...

Гапыр Мадаминов окуучулары менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гапыр Мадаминов окуучулары менен

1. Балалуу болгондон кийин китеп окуу эмес. Жаштардын үй-бүлө курганга чейин китеп окуганы, өздөрүнүн ден-соолугу, интеллекти, акыл-эсине чоң пайдасы бар.

Ошол ата-энеден төрөлгөн балдар башкача интеллектуалдык, руханий байлык менен өсөт.

2. Жок дегенде үй-бүлө кургандан кийин балалуу болгонго чейин болсо да сунушталган адабий китептерди окуп, өздөрүн даярдап, өстүрүп барса, жакшы болот.

Себеби, келечекте балдарга жакшы таалим тарбия берүү үчүн ата-эненин интеллектуалдык даражасы, рухий байлыгы, кругозору кенен болушу керек.

3. Балдар бойго бүткөндөн баштап, ден-соолугун сактоо менен бирге ар түрдүү чыгармаларды, дастандарды, поэмаларды, адабий китепти окуп отурганы эненин курсагындагы балага таасир берет деген маалыматтар бар.

4. Балдар төрөлүп, бир жашка чыгып, алгач тили чыккан убактан баштап, сүрөтү бар, түстүү сүрөттүү китептерди (сөзү аз болсо да), жомокторду окуп, балдар менен баарлашуу да пайдалуу болот.

Окуду аттуу кылбай чын пейилден окуңуз...

Китепти туура тандай билүү өтө маанилүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Китепти туура тандай билүү өтө маанилүү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошондо, балдар эс тарта баштагандан баштап китеп дүйнөсүнө аралашат. Кийинки дагы маанилүү маселе ата-эне китепти милдет катары эмес, сүйүп жан дүйнө байлыгы үчүн, жакшы ниет менен, ырахаттанып окуганын балдар көрүп туруусу керек. Ата-энеси китеп окуганды сүйгөн балдарда китепке болгон сүйүү пайда болот. Анткени, кыргызда “Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген макал бар. Ошон үчүн, балдар ата-эненин жок дегенде күнүнө 1-2 жолу 15 - 20 мүнөт китеп окуганын көрүп, ошону талкуулап чоңойсо, өтө жакшы таасир болот.

Демек, ата-эненин бала төрөлгөнгө чейин, андан кийин да китепти ыраазы болуп, ырахат алып окуп, окуганын балдар менен бөлүшүп туруусу балдарга жакшы таасир берет.

Эгер, балдар китеп окуп, жан дүйнөсүн байытып жаткан ата-энени көрсө, алардын да китепке болгон кызыгуулары пайда болот.

“Сөз чакырат, үлгү эрчитет” демекчи, өзүбүз колубузга такыр китеп албастан: “Китеп оку! Адабий китеп оку! Тапшырмаларынды аткар!” дегенибиз эч пайда бербестигин биздин тажрыйбабыз көрсөттү. Ошон үчүн балдар китепти көп окусун, китепкөй болсун, китепти сүйүп, жан дүйнөсү бай болуусун каалаган ата-энелер ушул нерсеге өзгөчө маани берүүсү керек.

Коломтодо чоң ата, чоң апа, таята, таенеңиз айткан жомоктор сизди кандай зор кыялдарга жетелегени эсиңиздеби?
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коломтодо чоң ата, чоң апа, таята, таенеңиз айткан жомоктор сизди кандай зор кыялдарга жетелегени эсиңиздеби?

Балага туура тамак дегендей эле туура китеп бериңиз...

Кийинкиси, урматтуулар китепти балдардын жаш курагына жараша тандап, аларга окуп берип, окугандарын айтып берип, жайдары баарлашуу да өтө туура болот.

1.Балдар үй-бүлөдө ата-энеден китеп окуунун биринчи үлгүсүн көрүүсү керек.

2. Китеп окуу үйдө адатка, традицияга айлануусу керек.

3. Китептен окугандары жөнүндө талкуу болуусу керек. Ошондо, балдар китептин ичиндеги көркөм дүйнөгө, ар түрдүү окуяларга, жомокторго аралашып чоңоюшат.

4. Балдар үйдө ата-эненин китеп окуганына суктанып чоңойсо, жакшы болот.

Гапыр Мадаминов: Баламды окутсун деп мугалимге, мектепке жүктөп салуу жарабайт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гапыр Мадаминов: Баламды окутсун деп мугалимге, мектепке жүктөп салуу жарабайт

Китепти талкуулаган үйдө урушка да, ушакка да убакыт калбайт...

Мына ушул үлгү, китеп окууну традицияга айлантуу, окулган китептр менен ой бөлүшүп талкуулоо, балдардын ата-энесинин китеп окуганына суктануусу – балдарды китепкөйлүккө тарбиялоонун эң жакшы жолу болуп эсептелет.

Урматтуу окурмандар, балдарга жаш курагына ылайык китептерди таап берип үй-бүлөлүк китепкана түзүү керек. Бул жерге өзгөчө маани бериңиздер. Үйдө 2-3 машина бар, баардык шарттары жетишет, бирок китеп жок болуп калуусу мүмкүн.

Ошон үчүн шаарларга, иш сапарларга барганда базарлык катары китеп алып келүү, туулган күндө, тойлордо китеп белек берүү, аларды атайын китепкана түзүп сактоо туура болот.

Мисалы, биз эксперименталдык гимназияда Энелер мектебинде үйдө 300дөн аз китеби бар үй-бүлө Рухий жакыр үй-бүлө деп жарыялаганбыз. Бизде бардык ата-энелер китеп белек берүүгө, үй-бүлөлүк китепкана түзүүгө көңүлдөрүн бурушкан.

Балардын жаш курагына ылайык китептер:

1. Мектепке чейинки балдарга сүрөттүү, түстүү китептер сунушталат.

2. Башталгыч класстарга “Түлкү менен карга”, “Сур коен”, “Алтын балык”, “Капастагы булбул”, “Баарынан ким күчтүү?” ж.б жомокторду, балдарга окуп, айтып берүү кызыктуу болот.

3. Балдар 5-класска келгенде сюжет, композициясы татаал эмес, каармандары аз жомокторду окуу сунушталат. Мисалы “Акыл Карачач”, “Акылдуу дыйкан”, орус эл жомоктору, “Күлала” (“Золушка”), казак эл жомогу “Каракуш бай”, Сент Экзюперинин “Кичинекей ханзаада” ж.б чыгармаларды окууну сунуштап, кээде чогуу отуруп окуу эң жакшы болот.

4. 6-класста болсо көлөмү, композициясы татаалдана баштаган чакан поэмалар сунушталат. Мисалы: М. Элебаев “Бороондуу күн”, А. Осмоновдун “Толубай Сынчы”, А. Токтомушев “Какшаалдан кат” ж.б чыгармаларды окуп, талкууласа жакшы натыйжа болот.

5. 9-класс үчүн “Кыл көпүрө” повести, Т.Сыдыкбековдун “Тоо балдары” романы, “Каныбек”, “Карачач” драмаларын, эпостордон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Курбанбек”, романдардан Э. Турсунов “Ата-журт”, Ч. Айтматов “Кыямат”, пьеса Р. Шүкүрбеков “Мен да бирөөнүн баласымын” чыгармалары.

6. 10-11-класстарда К. Баялинов “Боордоштор”, Т Сыдыкбеков “Темир”, Бальзак “Адамдардын тамашасы”, М. Ауэзов “Абай”, Ч. Айтматов “Гүлсарат” ж.б окуу сунушталат.

Жөнөкөйүнөн баштаңыз...

Эскерте кетүүчү нерсе, биз балдарга китепти жаш өзгөчөлүгүнө карап, алып бербесек, кичине класстын окучусу өтө чоң көлөмдөгү романды окуйм деп түшүнбөй, ошону менен китеп окууну токтотуп эле калбастан, анда китепке кош көңүл, жактырбоо сезими пайда болуп калуусу мүмкүн.

Китепсиз үй - жакыр үй...

Урматтуу окурмандар мен сиздерге дүйнөлүк китептерди да окууга балдарды кызыктырууну сунуштайт элем. Мисалы балдар үчүн чыгармалары кызыктуу болгон бүткүл дүйнө боюнча 10 белгилүү жазуучунун чыгармасы бар. Алар: Ж.Остин “Гордость и предубеждение”, Шарлотта Бронтье “Грозавой перевал”, Мигельдо Сервантес “Дон Кихот”, Данте Алигьери “Божественная комедия”, Чарльз Диккенс “Большие ожидания”, Федер Достоевский “Преступление и наказание” ж.б китептерди алгач ата-энелер окуп чыгып, кийин балдарга сунуштоо жакшы болот.

Мына, биз азыр китептин мааниси, аны үй-бүлөдө окуу, талкуулоо, үлгү көрсөтүү жана жаш өзгөчөлүгүнө карап, китепти окуусу зарыл экендигин айттык, эң башкысы үй-бүлөдө 300дөн кем эмес адабий китеп шкафта жакшына болуп тизилип, окулуп турса, балдар китеп дүйнөсү менен аралашып чоңойот.

Китепкөйлүккө элди тартуу үчүн дагы бир сунушту жасадык, мындан 5-6 жыл мурда “Кыз себине 40 китеп” деген сунушту айтып чыгып, ошону менен азыр Жалал-Абадда, Ошто, Баткенде, Чүйдө биздин тилектештерибиз сепке китептерди кошуп бере башташты. Бул өзү жакшы жөрөлгө.

Изилдөөлөр эмне дейт?

Урматтуулар, ата- эне китеп окуса, анан балдар китеп окуйт, ата-эне китеп окубаса балдар китеп окубайт деген сөз - бул аксеома. Ошон үчүн алгач өзүңүздөрдүн интеллектуалдык, рухий байлыгыңыздар үчүн, балдарга таасир эте алуу үчүн да китеп окуу керек.

Азыр 30 млн сөз деген, дүйнөлүк талкуу жаратып жаткан маселе бар, бул дегени балдар 3-4-6 жашка чейин 30 миллиондон кем эмес сөздү угушу керек экен.

Окумуштуулар интеллектуалдык жактан бай үй-бүлөнү, орточо жашаган үй-бүлөнү жана жарды жашаган, китеп окууга маани бербеген үй-бүлөнү изилдеп чыгышкан. Китепке маани берген үй-бүлөдө балдар 45 миллионго чейин сөз угушат экен, орточо үй-бүлөдө 30 млн, ал эми китеп окуганга такыр маани бербеген, китеп окуу салты жок үй-бүлөдө балдар 15 миллионго чейин гана сөздү угат экен. Демек балдар кичинекей мезгилинен баштап 30 млн сөздү укпай калган. Бул баланын тилинин, интеллектинин, аң-сезиминин өсүүсүнө өтө чоң таасир берет.

Мындан корутунду: ошол 30 млн сөздү балдар мектепке чейин угуп, өздөштүрүүсү үчүн, алгач, ата-эне ошол сөздү билиши керек. Демек, ата-энелердин сөз байлыгы, кругозору кең болсо, балдар ата-энелери менен китепти окуп талкуулап чоңойсо, алар 30 миллионго жетпеген сөздү өздөштүрөт. Мындай балдар мектепке барганда мугалимдин айтканын тез кабыл кылат, китепти окуса жакшы түшүнөт, натыйжада сабакты жакшы өздөштүрөт. Кийин ЖОЖдо жакшы окуп, коомдо, өндүрүштө, ишкердикте ийгиликтүү, иштиктүү болуп жетилет жана аягында жашоодо бактылуулукка жол ачылат. Ушинтип, себеп-натыйжа чынжыры менен алып карасак кичинекей баланын 30 млн сөздү укпай калганы анын бүтүндөй жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ошондуктан, ата-энелер бул ишти таштап койбостон, “башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” дегендей китеп окуу, талкуулоо майда иш дебестен, бул өтө чоң иштин башталышы экенин унутпаңыз!

Баарыныздарга тынчтык, эсендик каалаймын. Китепкөй үй-бүө болуп, өмүрлүү, бактылуу балдардын ата-энеси болуңуздар!

Гапыр Мадаминов, КРнын Эмгек сиңирген мугалими. Бул ой толгоо Би-Би-Си Кыргыз кызматына атайын жазылды