Баасын бычсак эле заматта жазабыз... Дипломдук иш товарга айландыбы?

Абдыбек Казиев, Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Си Бишкек

Дипломдук иш жазып бериңизчи, арзандата аласызбы деп кадимкидей соодалаштык...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дипломдук иш жазып бериңизчи, арзандата аласызбы деп кадимкидей соодалаштык...

Кунт коюп окуган соң деги сатылбай турган эмнебиз калган деп кыжырыңыз кайнайт болуш керек. Бирок ачууга алдырбай турунуз, себебин издеп, чече турган жолун ойлонуп көрөлүчү. Балким, салым кошо алаарбыз... Анда сөз башынан болсун.

Бул ой толгоодо "дипломдук иш жазып берем" деп жарнама берип, биз байланышкан учурда кызылдай соодалашкан кат алышууну да көрсөтөбүз.

Ун эле эмес, уурданып жазмай дагы кымбаттаган өңдүү...

Бир жылдары айрым окутуучулар өзүлөру жазып, студенттер менен соодалашаары айтылып эле жүрчү. Сиз же сиздин группалаштар бул тууралуу эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир жылдары айрым окутуучулар өзүлөрү дипломдук иш жазып, студенттер менен соодалашары айтылып эле жүрчү. Сиз же сиздин группалаштар бул тууралуу эмне дейт?

“Кайсы тема болбосун, кандай татаал болбосун дипломдук иш жазып беребиз” деген жарнама интернетте ачык эле турганы көзгө урунду. Айлыгым аз, айлыгым аз деп кыйкыргандар толтура, акылым аз деп кыйкырган ким бар деген собол эске түштү. Дегеле адам сабаттуу, мыкты адис болсом, кенен жеткидей киреше тапсам деп окуйт же окууну кыялданат эмеспи.

Казакстанда бир социалдык ролик тартышкан эле. Анда медициналык окуу жайдын окутуучусу студенттеринен акча алып, каалаган баасын шартылдата коюп бере берет. Жеңил иш, өзүнүн дагы, студентеринин дагы башы оорубайт. Кирешеси эселеп өсөт. Бир заматта кийбегенди кийип, жебегенди жеп жашап калат. Шагырап студенттери бүтө берет, бүтө берет... Анан капысынан эле бир күнү ооруп калат. Кызыктын баары дал ошондо башталат. Жаны кейип, заманасы курулуп турганда так ошол өзү соодалашкан студенттеринин колуна мусапыр, бейтап болуп түшөт. Эгер аны операция кылыш керек болсо ал студентинен, “соодагер дарыгерден” эмнени күтсө болот? Жүрөгүн эмес, соо турган боорун дарылап салса кантет? Дипломду алеки заматта жаза салам деген жарнама дал ошону эске салды.

Кыргызстанда дипломго байланышкан чуу чоң талкууларга, депутаттык мандаттан ажыратууга чейин жеткен. Ал тургай диплом чуусунан улам бир мугалим суидцидге барган эле...

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда дипломго байланышкан чуу чоң талкууларга, депутаттык мандаттан ажыратууга чейин жеткен. Ал тургай диплом чуусунан улам бир мугалим суидцидге барган эле...

Турмуштун дагы бир ачуу чындыгы – дипломдук иш эле эмес, кызылдай соода менен ар кимге кандидаттык, докторлук диссертация жазып берип жаткан “окумуштуулар” бар экени айтылып эле жүрөт. Макул ал окумуштуу көз майын коротуп, башкалар үчүн жазды, акча тапты. Ал акчадан да, билимден да "утту" деп туралы. Бирок “базарды кызытып” салганын коомго “оору” жугузуп койгонун алар ойлонот болду бекен? Же бир диссертация жазсам эптеп үйдүн чатырын жабам, дагы бирди жазсам терезесин салам, унаа алат элем деп жүрө береби? Академиялык чынчылдык деген кайда?

Замандын талабы такыр өзгөрдү. Андан да кабарыбыз бар. Цукерберг баштаган бир топ кыйындар деле университетти бүтпөгөнүн же такыр эле тапшырбаганын биз деле билебиз. Бирок, ал маселенин такыр башка кыры...

Окуп, изденип мээни машыктырып, анын тынч жаткан булчуңдарын чыңдап, сынчыл ойломду, талдоону үйрөтүп, эс тутумду толуктай турган баскычтардын бири - дипломдук иш же сынактар да. Сынакка деп камынуунун өзү эле турмуштун бир мектеби го. Эми ошол сынактардан өтпөй туруп дипломдук ишти сатып алуунун “кардарга” пайдасы менен зыяны канча болду экен?

Коркпоңуз, биз алдап кетпейбиз...

Суроо жооптон учкай мисал

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суроо жооптон учкай мисал

Эми ойлоп көрөлү. Дипломду алды, адис болуп калды, бир кызматка барды. Баары жакшы. Анан башталат. Мал доктурдун мисалында карайлы. Ичеги куртуна каршы дары берип, эки саат суу ичпесин деген эрежесин билбей сугартып салса мал өлөт. Бооз бээге болбойт деген дарыны сайса ал кулун салат (кулуну жетилбей эле өлүү түшкөнү). Агрономдун мисалын алсак андан кем эмес. 200 кг үрөн сепчү жерге 400 кг буудайды сээп салса үрөн эптеп тытышып өнөт. Азыгы тартыш болуп андан ары өспөй калышы мүмкүн же өсүп чыкканы коюлугунан леп эткен желге жыгылат. Анан жаткан бойдон чирип кетпегей эле деп чөпкө чабылат. Кайран ошончо эмгек, чыгым. Анан кампасы дандан кемийт.

Инженердин катаасын эч ким кечирбесе керек. Маселен диаметри 20 мм деген арматуранын ордуна 12 мм деген арматура колдончу болсо миллондорду сарптаган курулушу кыйрап калат. Айтор кайсы тармакты алба эптеп салмайды эч ким кечирбейт жана кесепети оор болот. Ошону качан түшүнөр экенбиз?

Адамдан амал качып кутулбайт...

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Антиплагиаттан (уурдап көчүрүлгөнүн аныктай турган тутум) өткүдөй кылып текшерип дагы беребиз дейт. Каалашыңча көчүр, сөздөрдүн ордун алмаштыр, кайсы бир сөздөрдүн синонимин жаз, ошону менен иш бүттү. Программанын алгоритминен ошонтип буйтап кетти. А турмуштун, чыныгы билимдин, илимдин, кесипкөйлүктүн алгоритминен кантип буйтабыз? Сиз өзүңүз деле чала-була дарыгерге, чала-була мугалимге, чала-була айдоочуга, чампалаган сантехникке акча төлөйт белеңиз? "Кеп дипломдо эмес, диплом дегениң кызылы, көгү аралашып чаңда жатат" дегендер болушу мүмкүн. Кеп диплом же сертификатта эмес, сөздүн төркүнү керектүү билим же көндүмдү чыныгы аракет менен сиңирип алууда болуп жатат. А сөз болгон диплом аларды мыйзамга шайкеш келтирип ырастай турган гана шартуу кагаздар деп коёлу.

Демек, чыныгы адистерди тарбиялайбыз десек анда экзамен, сынак, дипломдук иш жактамай дегендердин табиятын, талаптарын өзгөртүү керек го... Болбосо кандай профессорду алып барып олтургузба ондогон бүтүрүүчүнү ал кантип текшерет? Сатылып алынган иш экенин билсе дагы "эң соңку иш ушул, эми марага жетээринде мен кулатамбы" деп көз жумганы канча? Ушундайдан улам анан “менин атын жаза албаган классташым азыр баланча мектепте завуч экен” дегендер четтен чыгат.

Эмне үчүн татыктуу билим, мыкты көндүм, дасыккан кесипкөйлүк керек? Бир учурда бир буроону туура бурап, бир баскычты (кнопканы) туура басып, бир ийнени туура сайып же бир эле аракет менен тоодой балээлердин алдын алып калууга мүмкүн да. Ал кимдердин колунан келет? Жообун өзүңүз жакшы билесиз...

Мына эми мамлекеттик сынактар башталып, миндеген дипломдук иштер жакталат. Ошонун канчасы студенттин интеллектуалдык табылгасы, эмгеги болор экен? Канчасы кара буканын пулу же окууну ишке алмаштырып кеткен маянанын күчү болор экен? Эч ким так билбейт...

Сиз окуусун будамайлап, дипломдук ишин сатып алып, эптеп эле самолетту башкарып калган учкучтун учагына билет алат белеңиз? Менимче башкаларды дагы албагыла деп үндөмөк болушуңуз керек. Андыктан сатып албагыла, андай ишке барбагыла деп чогуу үндөйлү замандаш...

Жалпы республикалык тестке дагы акча алып, жалданып, башка бүтүрүүчүнүн ордуна киргендер бар. Андай мисалдын бирин бул шилтемеден көрүңүз: https://fb.watch/dvRMiHvs8G/