Илимди "ириткен" плагиат
Кыргызстанда илимдеги плагиат темасы кайрадан талкууга түштү. Мында бир нече илимпоздун, анын ичинде жогорку же жетекчилик кызматты ээлеген айрым адамдардын илимий иштеринде маалымат көчүрүлгөнү боюнча фактылар табылды деп айтылууда.
Буга чейин Жогорку аттестациялык комиссиянын эксперттери 85% диссертацияны сапаты, мазмуну боюнча орто деңгээлде деп баалашкан. Эң төмөнкү чекте деп 10% белгиленген. 4% диссертация гана жогорку деңгээлде деп табылган.
Өткөн жылы Орусиянын “Диссернет” коому кыргыз илимпоздорунун эмгектерин плагиат боюнча текшере баштаган. Андан бери Кыргызстанда илимдеги уурулук боюнча бир нече чуулгандуу окуялар катталды.
“Диссернет” коому 2013-жылы түзүлүп, Орусияда эки жүздөй диссертациялык эмгек башка булактардан көчүрүп алынганын аныктаган.