Британиядагы кыргыз окумуштуусу: Өзүңөргө ишенгиле! Керемет ошондо башталат...
Абдыбек Казиев, Мээрим Догдурбекова Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчылары

Профессор Асель Сартбаева узак жылдардан бери чет өлкөлөрдө эмгектенип келет. Ал вакцина өндүрүүдө, сактоодо чоң бурулуш кылам деп умтулууда. Профессор учурда Англиянын Бас (Bath) университетинде иштеп, изилдөө тобун жетектейт.
Би-Би-Си: Cаламатсызбы? Убакыт бөлүп, өзүңүз эмгектенген университетте кабыл алганыңызга ыраазычылык билдирем.
А. Сартбаева: Саламатсызбы? Чоң ыракмат!

Би-Би-Си: Мен билгенден сиз кремний элементинин жардамы менен вакциналарды 100 градус цельсийде дагы бузулбай тургандай кылып сактоого болот, ошондой ачылышты ишке ашырабыз деп келесиз. Бул өтө амбициялуу идея кантип пайда болгон?
А. Сартбаева: 2010-жылы кызым төрөлгөндөн кийин пайда болду. Эки күн богон ымыркайды эмдетүү үчүн дарыгерге алып бардым. Ал муздаткычтан алып чыгып эле эмдеди. Мен ага бул бала үчүн муздак го, бир аз жылытса болбойбу дедим. Ал “жок, эгер жылыта турган болсок вакцина жарабай калат” деп жооп берди. Мен ошондон тарта ойлоно баштадым. Ал кезде вакцина түрдүү оорулардын алдын алат деген жалпы түшүнүгүм гана бар болчу. Сактоо, ал кандай иштейт дегендерди изилдей баштадым. Ошондо муздаткычтын же электрдин жоктугунан 50%га чейин вакциналар жараксыз болуп калаарын билдим. Мунун айынан канча адам эмделбей калат деп караганымда үрөйдү учура турган статистиканы көрдүм. Жылына 5 жашка чейинки 2 млн бала алдын алса боло турган ар кандай оорулардан чарчап калаарын түшүндүм. Мунун бирден бир себеби - вакцина үчүн талап кылынган “муздак чынжырды” камсыздай албаганыбыз болуп чыкты. Вакцинаны муздаткычсыз эле сакталгандай кылса болобу деп баш катырдым. Мен ага чейин кремнийдин түзүлүшүн изилдеп жүрдүм эле. Идея абдан бат келди. Ал кремний структураларынан вакцинаны бузулуудан сактай турган кабыкча түзсө болобу деген жөнөкөй идея эле.
Бишкектеги ооруканалардын биринде Covid-19га каршы кеминде 900 доза вакцина жарабай калган. Анын эң жөнөкөй себеби - муздаткычтын суурулуп калышы болгон...

Би-Би-Си: Сиз негизи кайсы кесиптин адиси элеңиз?
А. Сартбаева: Ал учурда мен Оксфорддо химия факультетинде иштеп жүргөм. Мен биолог, иммунолог, вакцина адиси эмес элем. Он жылдан бери ушул тема менен алпурушуп келе жаткандыктан вакцина тууралуу абдан көптү билдим. Эл аралык конференцияларда баяндамаларды жасап, илимий макалаларды жарыяладым. Мен топтогон билимдин деңгээли вакцинолог болбогонума карабай көп нерсени айтууга шарт түздү.
Би-Би-Си: Эми кремнийге кайтып келсек...
А. Сартбаева: Кремнийдин түзүлүшү мага эмне үчүн жагат? Аны менен иштеп келе жатканыма 20 жылдан ашты. Аспирантурада мен кремнийдин кристаллдык түзүлүшүн изилдегем. Мында кристаллдык эмес түзүлүшүн пайдалануу идеясы чыкты. Бул кремнийдин кристалл сыяктуу өлчөй турган кандайдыр бир түзүлүшү болбойт. Анткен менен ал структуранын жакшы жагы вакцинаны толугу менен чүмкөп алып, вакцинанын калыбын кийип калганында. Мисалы вирус тоголок болсо кремний кабыкчасы дагы тоголок боло алат. Эгер вакцинаны түзгөн протеин же аминокислотасы башка формада болсо кремний кабыкчасы дагы дал ошол формада боло алат. Ал ушунусу менен жакшы, ушунусу менен күчтүү.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Сиз химик болуп туруп ушундай ачылышты жасайм дегениңизди башкалар кандай кабыл алды?
А. Сартбаева: Түрдүү пикирлер болду. Кээ бир профессорлор "мунун сага эмне кереги бар?" деди. Мисалы бир профессор “болбогон иш менен алышпай лабораторияга барып, кремний менен алек болбойсуңбу” деген эле. Ошол эле учурда “сонун идея экен, дароо эле ишке өт” дегендер да чыкты. Мен Бат (Bath) университетине келгенимде мага ментор болгон профессор “жакшы идея экен, баштайлы” деди. Ал учурда жетиштүү тажрыйбам болбогондуктан иммунолог, биолог коллобраторлорду табуум керек болду. Биз ошентип бир нече профессор менен кириштик.
Би-Би-Си: Сиз менен мурда сүйлөшкөнүмдө “эки жылдай ушул иш менен алышып, такыр жылыш болбой койгондуктан муну токтотойун деп калган чакта күтүүсүз бир бурулуш болуп кетти” дедиңиз эле. Ал кандай, эмне болгон бурулуш эле?
А. Сартбаева: Бул 2014-жылдары болду. Ага чейин лабораторияда миң түркүн эксперименттерди жасасам да майнап чыкпай койду. Ошол учурда Калифорнияга конференцияга барып калдым. Аны “Google” компаниясы уюштурган эле. Ал жакта бир апта болдук. Бул бир укмуш конференция болгон. Ага баары эмоциясы ашып-ташыган, кайнап турган, чекти билбеген укмуштуудай адамдар келген. Мисалы мен “телефон” деп ооз ачып койсом деле уккандын баары “Оо, сен укмуш экенсиң, мыкты, керемет!” дей беришти. Башында булар мага айтып жатышабы деп таң калдым. Акырындап ага көнө баштадым. Эмне десем эле ушинтип сүрөнгө алышты. Мактоо, алкоо деген такыр башка менталитет. Илимде баары тескерисинче. Эгер сен туура кылган болсоң эч ким деле көңүл бөлбөйт, эгер ката кетирсең баары сындайт. “Оо, сен укмуш экенсиң, мыкты, керемет!” деп илимде эч ким айтпайт. Мен мактоо жаап турган чөйрөдө бир апта жүрүп эмоция, сезимдерге толуп келип, ишке кириштим. Ошол эле аптада жыйынтыктар боло баштады. Башкача айтканда бул чоң бурулуш болду. Абдан кызык. Өзүңө болгон сыйың жогорулаганда жакшы жагына өзгөрүү башталат деп ойлойм.

Би-Би-Си: Сиз айткандай укмуштуудай бурулуш башталганда реакцияңыз кандай болду?
А. Сартбаева: Өзүм ишенбей жаттым. Илимде такай текшерип, каттап турабыз. Мен ишенбей 2-3 жолу эмес, он жолу текшердим. Мен туура эмес кылып алдымбы деп дагы ойлодум. Нормалдуу дегенде 3 жолу сыноодон өткөрүү керек. Биз болсо бир жыл бою текшердик. Мындай учурда керек болсо өзүңдү ынандыруу үчүн дагы текшерүү керек. Абдан кубандым!
Би-Би-Си: Жылдап ишке ашпай келген иш кыска убакытта окумуштуу катары дараметиңиздин аркасы менен ушундай болдубу же кокусутуктанбы? Кандай ойлойсуз?
А. Сартбаева: Кокустук деп ойлобойм. Абдан кызык “оюн” болду. Адатта узак жылдар бою химик, физик, биолог ар ким өз ишин кылып, ажырым бар эле. Соңку мезгилде мунун баары аралашып эле кетти. Мурда конференцияда физик баяндама окуса түшүнбөй калчу элем. Азыр болсо абдан аралашкан. Азыр физигин дагы, медицинасын дагы түшүнүү жеңил болуп калды. Башка тармактын өкүлдөрү проблемага ар башка гранынан карашат. Мисалы мен медиктерге, иммунологдорго караганда такыр башка жагынан көз салам. Англис тилинде “кутучанын ичин сыртынан карап көр” деген фраза бар. Менимче бул абдан жардам берет. Мисалы менин группамда биолог, медик, иммунолог, фармацевт дегендей ар башка тармактан аспиранттар бар. Ар кимиси бир эле маселеге ар башка кырынан карашат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Сиздердин изилдөө ойдогудай толук ишке аша туран болсо вакцинаны сактооодо эмне өзгөрөт?
А. Сартбаева: Муздаткычтын кереги жок болуп калат. Биздин ыкманы колдонуп, кадимки эле почта менен жөнөтүүгө жол ачылат.
Би-Би-Си: Кадимки таблетка сыяктуу элеби?
А. Сартбаева: Ооба, болочокто ошого жеткибиз келет. Бул идеалдуу варианты. Мен сизге почта аркылуу вакцинаны жөнөтсөм, сиз аны алып кадимкидей эле жейсиз, ошону менен эмделип калган болосуз. Бирок, вакцинанын баарын мындай кылууга болбойт. Айрымдары иньекция аркылуу. Мындай түрү үчүн узак жылдар талап кылынат. Ал эми таблетка катары чыгарууга жрамдуулары бир нече жылдан кийин чыгып баштаса керек. Биз адегенде адамдар үчүн вакцинаны пландаганбыз. Бирок анын сыноолору абдан көп болгондуктан көп жылды талап кылат. Ошондуктан биз адегенде жаныбарлар үчүн даярдоо чечимине келдик. Себеби андагы клиникалык сыноолор салыштырмалуу азыраак. Биз аны эки жылдан кийин чыгарууга жетишебиз деп ойлойм. Жаныбарларга бул жакшы иштегенин көргөн соң, адамдар үчүн чыгарууга жеңилирээк өтүп кетебиз. Башында дароо адамдарга гана деп ойлогон элек.

Би-Би-Си: “Мыкты окумуштуу", “Жылдын адамы” деп эл аралык деңгээлде сыйлаганыңыз тууралуу, “Королдук коом” менен кызматташтыгыңыз тууралуу маалыматтар чыкты. Муну абдан кубаттагандар менен катар эле андан күмөн санагандар дагы жок эмес...
А. Сартбаева: Мен “Королодук коомдон” стипендия алгам. Ошол каражаттын көмөгү менен 10 жыл иштеп келдим. Бул дүйнөдөгү эң узак жылдан бери келе жаткан коом болуп саналат. Алар жыл айын кандайдыр бир тандоо өткөрүшөт. Анда саналуу гана киши тандалып алынат.
Алар кантип тандашат? Алар адаттан сырткары, глобалдуу бир нерсе жасап жаткандарга көңүл бурат. Албетте, мен бул стипендияны алганымда абдан кубангам. Өзүм да ишене алган эмесмин. Мындан күмөн санагандарды дагы жакшы түшүнөм. Себеби алар эле эмес, алган учурда өзүм дагы ишенген эмесмин. Бул зор иш болгон. Эгер дагы деле ишенбегендер болсо эмне демекчимин? Мейли, ал эч нерсе эмес, эч коркунучу жок. Эгер биз ысыкка туруштук бере алгыдай вакцинаны ойлоп тапсак, биз жылына эки миллиондой баланы илдеттен сактап калууга көмөктөшкөн болобуз. Биз балдардын эле эмес, вакцина зарыл болгон адамдардын да өмүрүн сактап калат элек. Саламаттык сактоо тармагын кыйла жакшыртмакпыз. Анткени оору жуктуруп алгандарды дарылаганга караганда, алдын алуу же аны токтотуп калуу алда канча жеңил жана арзан болот. Бул жерде миллиондогон өмүрлөр тууралуу сөз болуп жатат.
Би-Би-Си: Ушундай миссияны аткарсам деп жүргөн окумуштуунун өзүнүн мекенинде "вакцинанын кереги жок, аны албаш керек" деген ишеним бар экенине кандай карайсыз?
А. Сартбаева: Абдан көңүлүмдү чөгөрөт. Эмделүү аябай зарыл иш. Ооруну токтотуу дарылоого караганда алда канча жеңил. Ооруп калгандан кийин токтотуу мүмкүн эмес, аны дарылоо керек. Оору айыккандан кийин дагы кесепетин калтыра берет. Өзгөчө жаш балдарда узак жылдарга созулат. Айрыкча балдарын эмдетпеген ата-энелер ушуну ойлонсо дээр элем. Кээ бир оорулар көп убакыттан кийин кайра козголушу мүмкүн. Мисалы бала сыркоолоп сакайды дейли. Ал бой жеткенде деле ошол бала чагында ооруганынын залакасын тартышы ыктымал. Айтайын дегеним ар кимге эмес, окумуштууларга, илимге ишениңиздер.
Би-Би-Си: Сиз Кембриж университетинде докторлук диссертацияңызды жактаган экенсиз. Кыргызстанда илимий иш жактоо менен бул жакта илимий иш жактоонун эң негизги айырмалары кайсылар?
А. Сартбаева: Мен адегенде аспирантуранын бир жылын Кыргызстанда окуп, анан Кембрижге келдим. Айырма абдан чоң. Биринчиден, эксперимент үчүн укмуштай көп мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстанда андай такыр жок эле. Аспиранттарга эмне кылуу керектигин “буйрук” беришчү. Бул жакта аспирант алда канча эркин. Ал алгачкы 2-3 айын жөн гана илимий эмгектер менен таанышууга жумшайт. Кандай иштер кантип жазылганын карап чыгат. Аларга чейин кайсы иштер кантип жазылганы тууралуу маалымат топтошот. Өздөрү лабораторияга келип, кантип иштөөнү аныкташат. Илимий жетекчилери менен эркин мамиледе.

Би-Би-Си: Кыргызстанда өзүн илимге арнайм деген кээ бир жаштар чыныгы абалды көрүп, "ушул элеби, ушинтип эле убакыт өтүп кетеби" деп окуусун дагы, илимин дагы таштап салган мисалдар бар. Сиз кандай кеңеш берет элеңиз?
А. Сартбаева: Тилекке каршы эң жеңили башка өлкөгө барып окугула, уланткыла дейт элем. Бирок, бул мен сунуш кылууну каалабаган кеңеш. Анткени мен татыктуу жаштардын өлкөдөн кетип калуусун каалабайм. Менин мисалымда мен өзүм бул жактагыдай жемиштүү иштей албайт элем...
Би-Би-Си: Кыргызстанда айрым учурда кандидаттык же докторлук диссертацияны акчага жаздырып же даярын сатып алган учурлар жөнүндө айтылат. Эгерде ушундай көрүнүш улана турган болсо илимдин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?
А. Сартбаева: Бул абдан жаман тенденция. Мен андай окуунун эмне кереги бар экенин такыр түшүнбөйм. Ал өзү окубаса анда эмне кереги бар? Билимсиз өлкөдө манипуляциялоо абдан оңой. Илим өнүкпөгөн өлкөдө башка көрсөткүчтөрдүн баары өтө төмөн болот. Баары төмөн кетет, бузулат. Кыргызстанда билим берүү тармагын сөзсүз көтөрүү керек. Билимдүү өлкөлөрдү карайлычы, Скандинавия өлкөлөрү, Сингапур менен салыштыралычы. Ал жактарда билим сапаты абдан жогору. Аларда жашоо сапаты да ошончолук жогору. Билимден баштап саламаттыкты сактоого чейин баары башка деңгээлде.
Би-Би-Си: Кембриж, Оксфорддо эмгектенген экенсиз. Бир топ мекендештериңиз дагы бул тууралуу билсе керек. Мамлекет же бийлик өкүлдөрү сиздин тажрыйбаны пайдаланалы, кызматташалы деген сунуштар менен кайрылабы?
А. Сартбаева: Мурунтан эле окумуштуулар менен байланышууга аракет кылып келем. Бизде чогуу иштеп, аралашууга кызыкдар көп окумуштуулар бар. Биздеги бир топ окумуштуулар менен жакында эле байланыштар башталды. Буюрса чогуу аракет кылып, кызматташабыз деген жакшы ой бар. Бийлик тараптан азырынча эч кандай деле байланыш жок.
Би-Би-Си: Профессорлорду башка эле университеттерге, чет өлкөлөргө чейин лекциялар үчүн чакырат эмеспи. Кыргызстандагы университеттер сизди лектор катары чакырып, кайсы бир эксперименттерди чогуу өткөрүү ниетин билдиришкенби?
А. Сартбаева: Жок, андай чакыруу болгон жок. Жакында эле Борбордук Азиядагы Америка университети чакыруу берди.

Би-Би-Си: Кыргызстанда илимге барам деген жаштар, кыздар дагы деле аз эмес. Сиз аларга кандай кеңеш берет элеңиз?
А. Сартбаева: Мен UNICEF уюмунда да иштеп жатам. Ал жерде “Илимдеги кыздар” долбору бар. Биз долбордогу 500 кызга жардам бергибиз келет. Кандай билим, көндүмдөр керек? Аларга өздөрүн кандай алып жүрүү керек, эмнеге көңүл буруу зарыл деген сыяктуу кеңештерден тарта илимден кубаныч алгыдай деңгээлге жеткирсек деген аракет. Кыздар физика, биология, химия жана башка илимдерден канат байлап алышса дейбиз. Кайсы тармагына барсаңар дагы башкысы өзүңөр максат кылган мейкиндикте силер эмнени каалайсынар, эмне кылгыңар келет дегенди түшүндүрүп берсек аларга жеңил болот. Мисалы мени карасаңыздар башында Славян университетин механика тармагы боюнча аяктап, андан геологияга өтүп, анан химияга өтүп, эми вакцина боюнча иштеп жатам. Бир эле киши ушунча тармакты камтыса болот. Азыр илим абдан жуурулушту.
Сиздерде эң башкысы дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүү максаты болсун, анан баары болот. Ошонун баары чогулуп максатты ишке ашырууга, кыздардын өзүнө ишенимин жогорулатууга жол ачат. Алар химик болом десе дагы, дарыгер болом десе дагы жол ачык. Бизде кенедейинен “турмушка чыгасың” деп келет. Мен өзүм да андайды далай уккам. "Сага механиканын эмне кереги бар. Баарыбир турмушка чыгасың да" дешчү.














