Эмне үчүн эмдөөдөн өтүү зарыл? Сизге керектүү маалыматтар

Би-Би-Си коронавирус инфекциясына каршы вакцина боюнча маанилүү делген суроолорго жооп издеди.
Эмне үчүн эмделиш керек?
Эмдөө - өзүңдү жана жакындарыңды Covid-19 илдетинен коргоонун эң ишенимдүү жолу. Коронавирустун тароо динамикасын эске алганда эртели-кеч инфекция бардык кишиге жетет. Ал үчүн алдын ала организмди даярдап, иммундук коргонуу менен камсыздоо зарыл.
Коронавирус өнөкөт оорусу бар кишилер үчүн кооптуу экени белгилүү болгон. Аларда аутоиммундук реакция (организм чоочун вирус менен күрөшүүнүн ордуна өзүнүн ден сак клеткаларына чабуулга өтөт) башталып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бардык өлкөлөрдө өпкөнүн өнөкөт оорудан жабыркап жүгөндөрдү, жүрөк, кан-тамыр, диабет илдети менен ооругандарды биринчилерден эмдөөдөн өткөрүү сунушталууда. Бирок эмделерден мурун мындай кишилер милдеттүү түрдө дарыгерлердин кеңешин алуусу зарыл.
Эл арасында вакцина уколунда вирус бар деген карама-каршы пикирлер айтылып келет. Анда көбөйүп, өөрчүп кете турган вирустук бөлүкчөлөр жок. Вакцинанын түрүнө карап, анда же инактив вирус (эмдөөнүн салттуу технологиясы), же анын генетикалык кодунун фрагменти (вектордук вакцина), же болбосо белокту (пептиддер) жасалма жол менен жаратуу болот.
Кандай болгондо дагы алар клеткалардын ичине кирип, инфекцияны өөрчүтүп жибере албайт. Эмдөөдөн кийин ооруп калдым деген кишилер вакцина сайдыруу жараянында (жолдо баратып транспортто, уколго кезекте турганда ж.б.у.с.) жуктуруп алган болушу толук мүмкүн. Бирок вакцина аркылуу вирус жукпайт.
Мурда Covid-19дан айыгып чыккан, дени сак киши дагы вирусту алып жүрүүчү жана таратуучу эсептелет. Ошондон улам аралыкты сактоо, беткап менен жүрүү сыяктуу сактык эрежелери талап кылынууда. Мунун эмдөөгө чейин эле эмес, вакцина алгандан кийин дагы сөзсүз колдонуу керек.
Эмдөөдөн өтсөм болобу? Кандай тескери көрсөткүчтөрү бар?
Башка медикаменттер сыяктуу эле коронавирус вакцинасынын тескери көрсөткүчтөрү бар. Ошону менен бирге эле кесепетине караганда пайдасы алда канча чоң.
Тескери көрсөткүчтөр ар бир конкреттүү вакцинаныкы өз-өзүнчө көрсөтүлгөн. Алардын бирөө дагы жаш балдарга колдонулбайт. Андан сырткары кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга, аллергиялык реакциясы барларга болбойт.
Мындан тышкары айрымдар конкреттүү вакцинанын компоненттерин көтөрө албаган учурлар бар. Мындай өтө сейрек. Аларга башка препараттар сунушталат.
Эгерде сиз Орусияда жүрсөңүз, "Спутника V" сунушталышы мүмкүн. Бул каражаттын инструкциясында аны: "боордун жана бөйрөктүн өнөкөт оорулары, кант диабети, кан-тамыр оорулары, эпилепсия, инсульт жана борбордук нерв системасынын башка оорусу барларга ж.б. илдеттерге этияттык менен колдонуу" сунушу берилген.
Күтүүсүз келген коронавирус пандемиясы дүйнөнүн айласын кетире койду. Ошондуктан вакциналар өтө кыска мөөнөттө иштелип чыгып, чукул арада сыноодон өттү. Балдар инфекцияны жеңил көтөргөндүктөн клиникалык сыноолордо аларды эсепке алышкан жок.
Pfizer компаниясынын жетекчиси (анын препараты 2020-жылдын 31-декабрында ДССУ тарабынан бекитилген) 12-16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн биринчи вакцина күзүндө даяр болорун айтты. Ал эми жаш балдар үчүн жыл соңуна барып даяр болуп калат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Эмдөө
Вакцинанын коопсуздугуна окумуштуулар канчалык ишенет? Бир жагынан алганда вакциналардын бирөөсү дагы үчүнчү баскычтагы сыноосун толугу менен аягына чыгара элек. Экинчи жагынан, дүйнө жүзү боюнча активдүү түрдө жапыр эмдөөнүн башталганы бул коопсуз экендигине далил.
Жалпысы болуп дүйнөдө вакцинанын кур дегенде бир дозасын алгандар саны 500 млн. кишиге чамалады. Окумуштуулар кеңири колдонулуп жаткан вакциналардан олуттуу коркунуч тапкан жок. Аларга Covishield (AstraZeneka), Janssen (Johnson&Johnson), Moderna, Comirnaty (Pfizer/BioNTech), кытайлык эки вакцина (BBIBP-CorV менен CoronaVac) жана орусиялык "Спутник V" кирет. Азырынча ДССУ биринчи аталган төртөөнү гана расмий түрдө бекитти.
Ден соолукка, ал тургай өмүргө коркунуч туудурган (бейтаптардын канын уютуп, тромб пайда болгону) учурларды толугу менен жокко чыгарууга болбойт. Бирок алар ушунчалык индивидуалдуу болгондуктан, аларды алдын-ала айтуу мүмкүн эмес. Мындай учурлар сейрек кездешет. Эмдөөнүн пайдасы мүмкүн болгон тобокелдиктерден бир топ эле жогору.

Сүрөттүн булагы, EPA
Эмдөөнүн алдында эмненин эске алуу зарыл?
Кандай гана өнөкөт ооруу болбосун андайларга эмдөөдөн өтүү сунушталбайт: оорусу күчөп турган маалда (анын чинде онкологиялык оорулар дагы кирет), же башка бир курч инфекциялык оору активдүү формада болсо.
Айрым гормоналдык препараттарды колдонуу эмдөөнүн эффективдүүлүгүн төмөндөтөт. Бирок ага тоскоолдук жаратпайт. Эгерде эмдөө алам дегендин алдында өзүңүздү жаман сезсеңиз (кандай себеп менен болсо дагы), анда вакцина алууну жылдырып турганыңыз оң.
Өнөкөт оорулар күчөп кетип айыккан соң эки аптадан кийин же оору белгилеринин убактылуу жоголушунан (ремиссия) кийин гана дарыгерлердин кеңешин алып, эмделсе болот. Мүмкүнчүлүк болсо бир ай күтүү керек. Эң жакшысы сизди дарылаган дарыгер менен кеңешүү зарыл.
Эмдөөнүн алдында же андан кийин болжолдуу тескери көрсөткүчтөрдү төмөндөтө турган кандайдыр бир дары-дармекти колдонууну сунуштаган кеңештерге кулак салбаңыз. Дарыгерлер мындай кеңештер пайдасыз гана эмес, өтө зыян экенин айтат.
Эмдөөдөн кийин кандай болот?
Эмделгенден кийин бир топ убакытка дарыгердин кароосунда болосуз. Укол алган күнү кечке чейин унаа башкарбай эле койгон туура. Дарыгерлер бир-эки күнгө алкоголь ичпөөнү дагы эскертүүдө.
Сунушталган көрсөтмөлөр башка эмдөөлөрдөн көп деле айырмаланбайт. Бир-эки күнү укол сайылган жерди тырмабаш керек жана суу тийгизбөө зарыл. Бир нече күнү оор жумуш (мүмкүн болсо эмоционалдык жактан дагы) кылбай турган туура. Ошол эле маалда организм бир аз алсырай турганын эстен чыгарбаңыз. Өтө ысып, же үшүп кеткенден (айталы, баня же саунда) качыңыз. Ошондой эле аллергиялык реакциянын козгой турган азыктардан алыс болуңуз.
Болжолдуу тескери кесепеттер

Сүрөттүн булагы, EPA
Көпчүлүк кишилер эмдөөдөн кийин эч кандай деле өзгөчө симптомдорду сезбейт. Бир аз алсыроо, оору, укол алган жерди кызарып, же шишип турушу, булчуңдардагы бир аз ооруксунуу, кээде дене табынын көтөрүлүшү, кээ бир учурда гана чыйрыгуу, көңүл азуу болушу мүмкүн экен.
Мунун баары иммунитеттин пайда болушундагы нормалдуу реакциялар.
Температураны 38 градус болгонго чейин түшүрбөш керек. Эгер андан дагы жогорулап кетсе, аны түшүрө турган, адатта парацетамол колдонууга болот. Айрым учурда гана чыйрыгуу эки-үч күнгө созулат.
Олуттуу тескери натыйжалар сейрек учурда гана байкалууда. Айталы, тромбоз белгилери соңку иликтөөгө таянсак, эмдөөдөн өткөн миллион кишинин 4-5 учуру (0,0005%) гана.
Вирус менен ооруп айыккан болсом, эмделишим зарылбы?
Эгерде Covid-19 менен акыркы алты айдын ичинде ооруп айыкканыңыз анык болсо, анда эмделбей эле туруңуз. Сиз дагы эки-үч ай күтүп турасыз. Расмий диагноз коюлбай, балким коронавирус инфекциясынан ооруп айыктым деп күмөнсүп турсаңыз, антитулкуга тест тапшырыңыз.
Бирок ошол эле маалда антитулкунун бар экени - вирустан коргойт дегенге кепилдик эмес. Окумуштуулар кайсыл деңгээлдеги антитулку ишенимдүү коргошун азырга чейин аныктай элек.
Covid-19 менен күрөштө антитулку эмес, иммунитет маанилүү ролду ойнойт деген дагы божомолдор бар. Соңку маалыматтарга караганда ооруп айыккан киши сегиз-тогуз айга чейин кайталап жуктуруп алуудан алыс болот. Бирок бул дагы аябай эле индивидуалдуу көрсөткүч.
Макала ДССУ, Орусия, Биритания, АКШнын саламаттыкты сактоо тармагынын сунуштарына жана вакцина иштеп чыккан компанияларды сунуштарына негизделген.











