Уу коргошун президенттин сунушу: Кыргызстандын Covid-19 бейтаптарына "дарысы"
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында Covid-19 бейтаптарын уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылап жатышканын жар салды.
Саламаттыкты сактоо министринин айтымында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөргөндөн кийин коронавирус кескин көбөйө баштады.
"Мурда Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 50-60 учур катталып аткан болсо, ал эми айрым облустарда эки айлап жаңы учурлар катталбай келген, азыр абал начарлай жатат",-дейт министр.
Министр уу коргошун ооруканада жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөну тууралуу айтты. Ал мындай дарылоону президент Садыр Жапаров сунуштаганын билдирди. Ошондуктан президенттен кеңеш сурап жатканын айтып өттү.

Сүрөттүн булагы, official
"Садыр Жапаровдун атасы Нургожо ажы ушул чөп менен дарылачу экен. Жапаров 2020-жылы 2-мартта ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго абактан кат жазып, ушул чөптү колдонууну сунуштаган. Бирок ал катты ачып да окубаптыр. Садыр Жапаров мага сунуштагандан кийин дозасын көргөзүп бериңиз деп айттым. Андан кийин инфекциялык ооруканада иштеген дарыгерлерге үйрөтүп жатабыз. Азыр муну ичкендин баары жакшы уктап жатат. Өлүп калам го дегендин баары айыкты",-дейт министр.
Көрсө, кечээ президент Садыр Жапаров "дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапты" деген билдирүүсү ушул болуп чыкты. Ал өзүнүн коомдук сайттагы расмий баракчасына "Уу коргошун" деген жазуу бар бөтөлкөлөргө суюуктук куюлуп жаткан видеону койгон.
Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
Instagram посттун аягы
"Кудай буюрса, баары жакшы болот. Сиздерден бир гана сураныч, дайыма эрежелерди сактап, бет кап кийип жүрүңүздөр. Оорунун белгилери пайда болору менен үйдө жатып албастан, дароо ооруканага жөнөңүздөр.Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. (Видеоматериалдан дарысын билсеңиздер болот)",-деп жазылган анда.
Мындай "уу коргошунду" элдик табыптар колдонуп келгени тууралуу маалыматтар бар. Ушул күнгө чейин буга медицинада тыюу салынып келген. Министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзү дагы ушул дарыдан ууртап, зыяны жок деп ишендирди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча үн ката элек.
Мунун алдында президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырган эле. Кечээ күнү президент Covid-19 илдети менен ооруп жаткан бейтаптардын абалын сурады. Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга, Токмок аймактык ооруканасына барган.
"Азыркы учурда абал өтө коркунучтуу эмес десек болот. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калгандардан сурап чыктым, алар көбүнчө жардам сурап кайрылбай үйүндө жата бергендер, такыр болбой баратканда келип, реанимацияга түшүп калгандар экен.Ошондуктан сиздерге кайрылып кетээрим, жөтөлүп же оорунун ушундай бир белгилери пайда болору менен ооруканаларга барыңыздар. Жаңыдан башталганда барып кайрылсаңыздар биздин дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышты. Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот",-деди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында Кыргызстан азыркы түзүлгөн кырдаалдан катаал карантин чараларын көрбөй эле чыгып кетүүгө күч жумшап жатат.
Үчүнчү толкун
Кыргызстанда 24-марттан бери коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген. Алды менен медицина кызматкерлери, мугалимдер, милиция кызматкерлери, чек арада, аба майданда, санитардык-көзөмөл бекеттеринде иштеген кызматкерлер эмеделет деп айтылган. Ошондой эле өнөкөт оорулуулар жана улгайган жарандар эмделет.
Кыргызстанга Кытайдан 150 миң дозалык Sinopharm вакцинасы келген. Аны менен 75 миң адамды эмдөөгө мүмкүн. Мындан тышкары Орусиядан "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасы, ошол эле өлчөмдө AstraZeneca вакцинасы COVAX аркылуу алынып келинери айтылган.
Кыргызстандагы эмдөө өнөктүгү вирусту жаңы жуктургандар саны кайра көбөйүп жаткан учурга туш келди. Адистер коронавирус пандемиясынын үчүнчү толкуну тууралуу сөз кылууда. Соңку апталарда коронавирус жуктургандар саны кескин көбөйдү. Жаңы учурлардын көбү баш калаа Бишкек менен Чүй облусунда. Акыркы суткада 230 кишиден вирус табылып, төрт бейтап көз жумду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кечээ күнү бир суткада коронавирус инфекциясынын 305 жаңы учуру катталды. Анын 186сы баш калаа Бишкекте. Ал эми вирустан алты бейтап каза тапканы кабарланды. Бул соңку төрт айдагы эң жогорку көрсөткүч.
Өкмөт абалды оңой эмес деп баалаган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда Covid-19дан 1540 бейтап каза тапты.
Өткөн суткада коронавируска каршы 1473 киши эмделген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жалпысы 5280 киши эмделди.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун үчүнчү толкуну майдын соңу, июндун башына туура келет деген эсептөөлөрү тууралуу айткан. Ал мындай божомолду Covid-19 антитулкусу 8 айдан бир жылга чейин кармалары менен түшүндүргөн.
"Калктын көпчүлүк катмары өткөн жылдын июнь-июль айларында коронавирус менен ооруп чыккан. Айрымдар жеңил түрүнө кабылып, аларда антитулкунун көрсөткүчү анчалык деле жогору болгон эмес. Алар вирусту алып жүрүүчүлөр саналып, башкаларга жугузушу мүмкүн. Мына ошондуктан биз алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз",-деген эле министр.
Кыргызстанда вирустун биринчи толкуну өткөн жылдын июнь-июль айларында болуп, саламаттыкты сактоо тармагындагы мүчүлүштүктөр ачык көрүнүп, коомчулуктун кыжырдануусуна себеп болду. Экинчи толкуну ноябрь айында өттү.












