"Коронавируска каршы вакцина алып койчу, оорубайсың" - деп суранбайбыз
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соңку күндөрү Кыргызстанда вирустун жайылышы өтө күчөп, жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Кээде эки миңге чамалап, көз жумгандардын да саны өстү. Вируска кабылгандардын эң эле көбү Бишкекте. Вакцина маселеси дагы деле кабыргасынан турат. Би-Би-Си вирустарды изилдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматовду кепке тартты.
З. Нурматов: Эң маанилүү жагы бизде эми дагы канча адам вируска кабылышы мүмкүн дегенди жакшылап түшүнүп алуу керек. Аны кантип билебиз? Апрелде жалпы калктын 72%га жакынында бул вируска каршы антитело бар экени аныкталган. Кайра аларды изилдей келгенде алардын 53%га жакыны вирус жугузуп алганын сезбегенин билдик. Ооруганын өздөрү дагы билбей калган. Эми эсептесеңер 28% киши вируска чалдыккан эмес. Жалпы сандын ичинен 28% деген канча болот? Болжолдуу 1 миллион 800 миң киши деп коёлу. Булар вируска кабылып көрө элек. Булардын баарына вирус жуккан күндө дагы алардын жарымы симптому жок өтүп кетет. Иммунитети күчтүү деп коёлу. Ошондон сырткары 900 миң киши тобокелде калып калат. Бул деген бизде жалпысынан вируска кабылды деп жаткан 120 миңдей адамдан 7-8 эсе көп болуп жатпайбы. Ушуну көбү түшүнбөй жатат да. “Ой, 70%дан ашууну ооруп койгон турбайбы, аз эле калыптыр. Эми биз бет капсыз эле жүрсөк болот экен” деп жаңылып жатышат. Жөнөкөй эле эсебин болсо чыгарып бердим.
Антитело
Окумуштуулар Covid-19 менен ооруган бейтаптардан организм вируска каршы иштеп чыккан антителонун баш-аягы 250гө жакын түрүн табышкан. Алардын 28и оору менен (вирусту жок кылган) натыйжалуу күрөшкөнү белгилүү болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Коронавирус, вакцина, иммунитет
Би-Би-Си: Бул вирус адамга жаңы жуккан учурда көп маалымат жок эле. Азыр эмнелер белгилүү болду?
З. Нурматов: Ушул эле коронавирус 293 миллион жыл мурун пайда болгону аныкталды. Адамзат бул вирустун “жашоосундагы” кенедей эле эпизод болуп калат. Вирус адамдын организмине кирди. Жашоо үчүн күрөш жүрүүдө. Биринчи кезекте адамды жок кылбоого аракет кылат. Экинчиси, оор формада орутпаганга аракет кылат. Бул вирустардын жашоо үчүн күрөштөгү эң негизги максаты десек болот. Муну мен атайын жөнөкөй сөздөр менен түшундүрүп жатам. Үчүнчүдөн, вирустун көздөгөнү тез таралуу жөндөмүнө жетишүү. Вирус үчөөнү тең аткарып жатат. Мына өткөн жылы апрель-майда дүйнө жүзү боюнча ооруугандардын 7%дан ашыгы каза таап жаткан. Азыр бул 2.2%га түштү. Кыргызстанда болсо 1.7% болсо июнда 1.1% деп эсептедик. Бул вирус жуккандардын өлүм-житими жана аябай кыйналып ооругандар азайды дегени.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Сиз муну дүйнөлүк илимпоздордун, вирусологдордун айткандарына таянып айтып жатасызбы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
З. Нурматов: Ооба. Вирус тездик менен тароого аракет кылганын илим далилдеди. Мындай штамм пайда болуптур, тез тарайт экен деп муну көбү жаңылык деп жатат. Бул жаңылык эмес. Эгер вирус өзгөрбөй койсо, кандайча бул өзгөрбөй калды деcек, мына ошондо дүйнөлүк жаңылык болмок. Вирус тездик менен өзгөрүп, адамдын организмине ыңгайлашып жашап калайын деп жаткан кези. Ошондуктан мурдагыдан 50-70% жугуштуу болду. Адамдын организмине кирип, тездик менен көбөйүүдө. Көп вирус көп кишиге жугат. Буга миграция деген фактор дагы аябай шарт түздү. Бул вирус эки кылым мурун чыкса мынчалык жайыла алмак эмес. Адамдар азыр түшкө чейин бир материкте, кечинде бир материкте жүрүп калды да. Антитело болмоюн ооруй берет. Оорубай калуунун жападан жалгыз жолу - бул вируска каршы эмдөөдөн өтүү. Башка жолу жок. Жукпай турсун деген аракеттин баары убактылуу. Себеби бир учурда аябай көп кишиге жукса медицина көтөрө албай калат да. Вакцина ошонун баарын токтото турган негизги күч. АКШда кандай болуп жатты эле, мына 300 миллиондон ашуун киши эмделген соң вирус аябай басаңдады. Индияда кандай ааламат болуп жатты эле? Вакцина ал жерде дагы вирусту аябай басты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Индия штаммы абдан кооптуу, кескин чаралар талап кыланат деп айтылып жатат. Туурабы?
З. Нурматов: Ооба, сөзсүз түрдө чара көрүү керек. Вирустун таралышын жайлатып, даярданып алуу керек. Ылдамдыгын азайтуу зарыл. Бул эми адамдардын өзүнөн көз каранды. Чыкпа, баспа деп тыюу кимге керек экенин түшүнүү маанилүү. Ооруй берейин, мага жуксун десе жүрө берсин.
Би-Би-Си: Мурда вакцинага ишенбегендердин бир тобу азыр алганга даярмын десе дагы Кыргызстанда вакцина жокко эсе болуп жатат
З. Нурматов: Вакцина негизи эле дүйнөдө тартыш. Жакында келет деп жатат. Азыр эми мурдагыдай эмдөөдөн өтүп койчу деп аябай үгүттөйлү деген ой деле жок калды. Адамдар өзү тандасын, ооруйм, кыйналам, мага ошол керек десе, эмделбей эле койсун. Жок, жашайм, оорубашым керек десе, эмдөөдөн өтүү керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images







