“Агай”. Руслан Акун: Чыныгы каармандардын укмуш эмгектерин көрүп ыйладым...

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Руслан Акун: Байкасаңар биздин балдардын мээси укмуш иштейт, бирок, билимсиз, сабаты жок. Ошонунун айынан жашоодо аксап калат

Сүрөттүн булагы, Bairak group

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Руслан Акун: Байкасаңар биздин балдардын мээси укмуш иштейт, бирок, билимсиз, сабаты жок. Ошонунун айынан жашоодо аксап калат

“Жада калса шар окуй албаган бүтүрүүчүлөр мугалимдик кесипке келип жатат. Абитуриент кезиндегисинен жашы эле өзгөргөнү болбосо, ошол эле бойдон университетти бүтүп, мугалим, ал тургай мектепке директор болуп кеткендер бар. Эгер ушундай көрүнүш улана берсе эмне болот?”, - деп кейигендерди угуп жүрөбүз.

Жакында эле жарыяланган “Агай” сериалы кыргыз коомундагы билим берүүгө мугалимдин, ата-эненин, жетекчилердин такыр башка мамилеси зарыл экенин ташка тамга баскандай айгинеледи.

Сериалды тартып жаткан учурдан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Bairak Group

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сериалды тартып жаткан учурдан бир көрүнүш

Сериал даяр болду, тармактагы кемчиликтердин көбү, тескери мамиле, көз караштар ашкереленди. Көрүп олтуруп баш каармандардай жаратман, эмгекчил болгусу келген мугалимдердин жоон тобу пайда болду. Эми ушунча эмгектен кийин чындап өзгөрүү болобу, баарынын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер кылган сериалдан тармактагы чечим кабыл алчулар жыйынтык чыгарышабы деген суроо кабыргасынан туруп калды.

Би-Би-Си белгилүү кинорежиссер Руслан Акун менен кенен маек курду.

Руслан Акун

Сүрөттүн булагы, Internews

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Руслан Акун

Би-Би-Си: Көрүүчүлөр сиз тарткан тасмаларды ичкен ашын, ишин таштап салып, кубанып, ыйлап, аябай таасирленип көрөт. Ошол эле тасмаларды сиз өзүңүз кантип көрөсүз?

Руслан Акун: Жалпы тобубузбун эмгеги, ийгилиги болду. Ошол эле тасмаларды мен кандай көрөм? Мисалы “Агайда” мен 2-3 жеринде ыйладым. 11-серия катары дагы бир бөлүгү чыгат.

Би-Би-Си: "Агай" сериалынын өзөгү болгон Гапыр агайды качан, кантип таптыңыз?

Руслан Акун: Мен “Акыркы сабактан” кийин билим берүү темасында дагы бир жакшы фильм тартып толуктайын дедим. Анткени “Акыркы сабакта” өспүрүмдөр менен окуучулардын көйгөйү, жашоосу болсо, эми биз мугалимдер менен ата-энелер үчүн кандай чыгарма тарта алабыз, эмне кылсак болот деп иш баштаганбыз. 3-4 ай бою алпурушуп жазган сценарий да даяр болду. Ал арада сураштырып көрсөм Гапыр агай тууралуу айтып калышты. Ошентип Гапыр агайга чалдым, сүйлөшө баштадык. Күндө аңгемелешип, талкуулап жатып окуясына кирип кеттим. Бир апта бою сүйлөштүк. Таразалап көрсөм бир жагында биз айлап жазган сценарий турат, бир жагында Гапыр агайдын чыныгы таржымалы турат. Экөөнүн салмагы эки башка. Кыргызстанда ушундай адам болсо, чыныгы окуясы турса, кыргыз усулун иштеп чыкса, анда мен эмнеге ойдон чыгарылган сценарийди алам деп ойлондум дагы түйшөлбөй туруп эле жаңы сценарийге кириштик.

Гапыр Мадаминов менен актер Бактияр Шаршембиев

Сүрөттүн булагы, social

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гапыр Мадаминов менен актер Бактияр Шаршембиев

Билим берүүдөгү Толубай сынчы...

Гапыр Мадаминов ара чолодо деле кайда болбосун окутуу менен алек...

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гапыр Мадаминов ара чолодо деле кайда болбосун окутуу менен алек...
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: "Ушул инсан тууралуу тасма тартыш керек" деп так кесе чечим кабыл алышыңызга агайдын кайсыл окуялары же аракети себеп болду?

Руслан Акун: Эң биринчиси, өйдө жактан же башкалардан жардам күтүп олтура беребиз. Өзгөчө өкмөт, бийлик тараптан колдоо күтмөй. Салыштырып айтканда агай эч кимден жардам күтпөптүр. Көмөк көрсөткөндөр болуптур, бирок ошол эле учурда бут тоскондор да болуптур. Ошого карабай өжөрлөнүп эмгек кыла бериптир. Менимче бул кыргыз мектебинин алгачкы ийгиликтүү окуясы.

Экинчиден, агай иштеп чыккан ыкма, усул бул керемет! Мисалы үчүн түрк лицейлеринде окуган балдардын жалпы республикалык тесттеги (ЖРТ) упайын эсептегенде 160тын айланасында экен. Агайдыкы болсо 165-170тин айланасында. Бул жерде айырма абдан чоң да. Түрк лицейи балдардын ичинен тандап туруп жеңүүчүлөрдү чогултушат, каймагын калпып алышат. Агай болсо сериалда айтылгандай эле окуйм деген баланын баарын алат. Экиден башы чыкпаган бала болсо дагы анын окуйм деген кызыгуусун көрсө, ата-энеси окутам деп кызыгып турса эле алат экен. Анан ошолордун ичинен ушундай жеңүүчүлөрдү даярдап чыгып жатат. Бул адам азыркы замандын билим берүүдөгү Толубай сынчысы. Толубай башкаларга кашаң көрүнгөн аттан аргымакты көрүп, таптап чыгат эмеспи.

Сериалдагы эң негизги каармандардын бири - математика мугалими Кочкор агай
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сериалдагы эң негизги каармандардын бири - математика мугалими Кочкор агай

Балдарыбыздын мээси укмуш иштейт. Анда эмнеге алар сабатсыз бойдон калууда?

Байкасаңар биздин балдардын мээси укмуш иштейт, бирок, билимсиз, сабаты жок. Ошонунун айынан жашоодо аксап калат. “Колунан келбейт, шыгы жок” деп кол шилтеп салгандарды агай мектебине алып, сугарып, аларды кулпуртуп, жашоодон ордун табууга чоң өбөлгө болуп берет экен.

Би-Би-Си: "Агай" сериалынын соңку бөлүмүн тар чөйрөдө көрсөткөн учурда ага улай дагы бир даректүү тасманы көрсөттүңүздөр. Дал ошол фильмди сунуштап жатып, сиз "бул тасманы канча жолу көрсөм ошончо жолу ыйлай берем" дедиңиз. Сизди ыйлаткан көз ирмемдер кайсылар болду экен?

Руслан Акун: Көп эле учур. Мисалы карасаңыздар, кышында тарттык. Балдарга деп олтургучтарына төшөкчө жасап коюшуптур. Сууктан улам сырт кийимдерин чече албай олтурушат. Ошого карабай окуп жатышат. Мугалимдер өздөрү кошо жылуу кийимчен жүрөт, жылынып алыштын айласы кылып чай коюп жүрүшөт. Ошону көргөндө зээним кейиди. Бирок, ошондой оор шарттарга карабай ушундай балдарды тарбиялап жатышат деп кубандым. Экинчиси, даректүү тасманы көрсөңүздөр балдар жапырт эле мектептин сыртында китеп окуп жүрүшөт. Сериалда да муну чагылдырганбыз. Суукка карабай сыртта китеп окуп, өз ара пикир алышып жүрүшөт. Ошону көргөндө көзүмдөн жаш кетти...

Агайдын айткан сөздөрү, кыйналгандары, үй-бүлөсүнүн кыйналганын мурун угуп келдим да. Чыгарманы жазып жатканымда бул чыныгы жашоодо экенин унуткарып коёсуң. Анткени бир үзүмүн ойлоп таптың, бир жерин өзгөрттүң, дагы бир жерин коштуң дегендей. Ошондон улам бул сенин каармандарыңдай сезилип калат. Даректүү тасманы көргөндө бул менин каармандарым эмес, бул чыныгы жашоодон экенин түшүндүм. Бул каармандар аябагандай эрдик кылып жатышат деп бышактадым.

Гапыр Мадаминов менен жолугушууга келгендер. Салымбеков университети
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гапыр Мадаминов менен жолугушууга келгендер. Салымбеков университети

Би-Би-Си: 1990-жылдарды бороон-чапкынга, селге салыштырсак туура болот го. Ошол оомал-төкмөлүү, сыноосу өтө оор жылдар күчтүү инсандарды жараттыбы же тескерисинче кендирин кесип салдыбы? Сиз кандай ойдосуз?

Руслан Акун: Менимче, 90-2000-жылдардын кесепетин дагы да тартабыз го. Менин муунум, 90-2000-жылдардын мууну баарыбыз билимден, маданияттан, тарбия тараптан өксүп калдык. Мындай айтканда жоготулган муун. Эми ошол муун күчкө кирип, азыр мамлекеттик кызматтарда, башка кызматтарда иштеп турган кезибиз. Жаңы эле санап өткөн өксүктөрүбүздүн айынан биз өлкөбүзгө бизге чейинки муундардан да көбүрөөк залакабызды тийгизип алабызбы деп корком. Мен ошондон корком... Ошол себептен биз билимге олуттуу басым жасайлы деп Интернюьстун колдоосу менен ушул сериалдарды тарттык.

90-жылдар биз үчүн начар эле болду. Мунун кесепеттерин дагы көрбөсөк экен. Анткени ошол учурдагы балдар биз азыр ата-энебиз. Билимди жакшы албасак, кардыбыз жакшы тойбосо, биз эмнени үйрөтөбүз? Ошондон улам азыркы жашообуз акча, акча, акча болуп бара жатабы дейм...

Анткени биздин муун акча, “жапайы капитализм” келгенин көргөн муунбуз. Бизге чейинкилер ток пейилирээк болсо биздин муун короодогу жез, алюминийден бери уурдап, акчага салып, баары акчага өтүп жатканын көрүп, ошол бизге сиңип калды. “Оозу кыйшык болсо да байдын уулуу сүйлөсүн” дегенге келип калбайлы деп жатам.

Гапыр Мадаминов Салымбеков университетинин Ардактуу профессору болду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гапыр Мадаминов Салымбеков университетинин Ардактуу профессору болду

Би-Би-Си: Гапыр агай сөз жок дасыккан мугалим, кесибинин чебери. Ошентсе дагы сиз сериалды көркөмдөп жатып агайды идеаладаштырып салдым деп ойлобойсузбу же агай сиз көрсөткөндөгүдөн дагы бийикпи?

Руслан Акун: Мен чагылдыргандан да бийик деп ойлойм. Анткени биз агайдын өмүр жолунун, ишмердигинин болгону бир жылын чагылдырдык да. Агай андайдын жыйырма бешин басып өткөн. Менимче, негизи жаман адам жакшы окуучу чыгара албайт. Идеалдуу адам гана идеалдуу жыйынтыктарды чыгара алат.

Би-Би-Си: Түркиялык режиссерлор тарткан тасмалар жөн эле көрүп коё турган тасмалар эмес. Алар каражат таап, коомдук пикир жаратып, өз тарыхын дүйнөгө даңазалап, аны менен эле чектелбей жаштарын үйрөтүп, шыктандырып жатышат. Алар бир эле ок менен кантип ушунча көп коёнду бир учурда атып жатышат. Сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Руслан Акун: Чынымды айтсам түркиянын бир дагы сериалын көрө элекмин. Бирок, себебин билем. Алар өз уникалдуулугун, тарыхын, турмушун, көйгөйлөрүн эч тартынбай көрсөтүшөт. Эң белгилүү тарыхий тасмалары мамлекеттин көмөгү менен чыгат. Ушунун өзү идеологияга болгон мамилесинен кабар берет. Дагы бир кызыктуу жагын айтып берейин, Түркия сериал тартып жатканда эч качан бул орустарга жагат, ушундай тартыш керек, индустарга же арабдарга ушундай жагат, ушундай тартыш керек дебейт. Түрк көрүүчүсүнө эмне керек, ошону талдап, түрк көрүүчүсү үчүн тартат. Бир жакшы жери 80 миллион калкы бар, ошол жагы жеңилдик берет. Биз деле негизи өзгөчө мамлекттик каражатка тартып жатканда элдик тасмаларды, сериалдарды тартышыбыз керек. Элге, идеологияга керек тасмаларды тартуу зарыл.

"Курулуш Осмон" сериалы, 12-сериасы, 2020-жыл, февраль айы. Монгол кол башчысынын (нойон) ролунда кыргызстандык жаш окумуштуу Дастан Разак уулу

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Курулуш Осмон" сериалы, 12-сериасы, 2020-жыл, февраль айы. Монгол кол башчысынын (нойон) ролунда кыргызстандык жаш окумуштуу Дастан Разак уулу

Орусча сөздөр менен кыргызча...

Бир учурда орусча билбей калсаң кыргызча сөзгө “скийди” улап жибер деген тамаша бар эле. Азыр кыргызча билбесең орусча сөзгө “этипти” улап жибер болуп бара жаткан жокпу?

Би-Би-Си: Кино индустриясында режиссер көтөргөн темадан сырткары тил дагы эң маанилүү факторлордун бири. Мисалы, кыргыз тилин кыргыздар гана түшүнөт. Ошондон улам кыргыз кинолорунун аудиториясы абдан тар деп келебиз. Бирок бир укмуш феномен бар. Чарли Чаплин эч үнү, сөзү жок эле дүйнөнү өзүнүн тасмаларына арбап алган. Так ушуну эске алып, кыргыз киносунда чоң секирик жасоого болобу?

Руслан Акун: Биз Кыргызстанды дүйнөгө жайылтабыз дегенди коюп, биз биринчи өзүбүздү тыңытып алалы. Андан кийин анан башкалар эмне дейт, башкалар бизди түшүнөбү жокпу дегенге жетишибиз керек. Азыр байкасаңыздар кыргыз тилибиз кескин түрдө өзгөрүп бара жатат. Тилекке каршы оңолуу жагына эмес.

Бизде “өзгөчө” кыргыз тили пайда болуп бара жатат. Байкасаңар орусча сөздөр менен кыргызча сүйлөйбүз. “Эми келгиле ушул законду принимать этели, мобул фактыларды отрицать этпейли, анан момундай мероприятиелерди организовать этип, жакшы результататрга добивасть этели” деп тилибиз ушундай болуп бара жатат. Жаштарды да карасаңар “анан келипптир да, анан тиякта воин келиптир, воин келип тиякта врагдар менен воевать этип, анан азыр время канча болду?” деп калды. Ушундай сүйлөп жатабыз.

Мурун “кыргыз тили жоголуп кетет” десе ишенчү эмесмин. Бирок азыр ошого ишенип баратам. Сенин өзүңдүн айылың Оттукта деле кичинекей балдар орусчаны шатырата сүйлөйт. Бул эмнени билдирет? Бизде кыргызча тасма, сериал, мультфильм, контент аз, жокко эсе. Ошондуктан биз кыргызча контентке басым жасап, көбөйтүшүбүз керек. Экинчиден, таза кыргызча сүйлөсөң сен мыктысың деген сыяктуу жакшы адатты мамлекет тарабынан жайылтуу зарыл.

Сериалды тартып жаткан учурдан бир көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Bairak group

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сериалды тартып жаткан учурдан бир көрүнүш

Би-Би-Си: Кыргыз тилинин ушундай абалга келип калышына тигил же бул тасмаңыздагы, тамашалуу сезилген “даң-даң” же ушул сыяктуу сөздөрдү сүйлөгөн каармандар аркылуу сиз да “салым” кошуп койгон жоксузбу?

Руслан Акун: Коштум... Бирок мен нагыз элдик тасманы тарткым келген. Менин каармандарым жашоодо кандай болсо кинодо дагы ошондой сүйлөйт. Мисалы, “Эки баатыр”. Анда баатырдын сүйлөгөнүн укканда моокумуң канат. Ошол эле тасмада депутаттын ролун аткарган актердукун уксак ал бир кызыктай сүйлөйт. Бир жагынан баарын толугу менен көркөм сүйлөтсөм бул азыркы учурда “жапайы” көрүнүп жатат. Эгерде баардыгыбыз ошондой тартсак бара-бара эл көнөт.

Мисалы, кезинде баары Фрунзе деп сүйлөчү. Акырындап олтуруп Бишкек, Бишкек дегенге өттү. Бул жаатта чындап иштеш керек. Ой пикирди калыптандырчу адамдардын баары ушуну адат кылса ээрчийт го дейм.

Сериалдын башкы продюсери Максат Болотбек

Сүрөттүн булагы, internews

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сериалдын башкы продюсери Максат Болотбек

Би-Би-Си: Окуучу кезиңизде эле сиздин көз карашыңызга түп тамырынан өзгөрүү жасаган Мээрим эже, сизге ошончолук чоң таасир бергенин өзү билеби?

Руслан Акун: Ооба, билет. Facebook аркылуу пикир алышканыбызда дагы мен ыраазычылыгымды айткам. Билет.

Би-Би-Си: “Агай” сериалы тартылгандан бери билимге болгон көз караш абдан жакшы жагына ооп, кадимкидей толкун пайда болду. Эми ошол толкунду чындап жакшы нукка буруп кетүү үчүн тиешелүү мекемелер, чечим кабыл ала тургандар эмне кылышы керек деп ойлойсуз?

Руслан Акун: Билим берүү тармагына реформа керек. Түздөп чыгуу зарыл. Азыр коомчулук тараптан сунушталган мыйзам долбоору бар экен. Ошол мыйзамга жанаша министрлик сунуштаган мыйзам долбоору бар экен. Эми коомчулук дегенде эл да. Эл сунуштаган мыйзам менен чиновниктер сунуштаган мыйзамды салыштыргыла. Кайсынысында адилеттүүлүк, элдин чыныгы талабы көрсөтүлгөн деп ойлойсуз? Албетте элдики, себеби эл көрөт, билет. Мисалы 30 жылдан бери өзгөрүү болбогон системаны, ошону башкарып келген мамлекеттик орган өзүн-өзү реформалай алабы?

Коррупциялашкан көп иштер бар окшойт. Мисалы мугалимдер билимдин сапаты боюнча аккредитациядан өтүшү керек экен. Билим сапатын бир канча мугалим бир мекемеге келип, белгилүү бир мөөнөт сайын текшерип турат дейт. Эми элестеткиле, ошол мекемеде иштеген 65 киши 85 000 мугалимдин билимин, кесиптик деңгээлин кантип текшере алат? Текшере албайт, келет, берет, сүйлөшөт деп ойлойм.

Азыр бизди кубандырганы ЖРТ. ЖРТны ким өткөрөт? Көз карандысыз, мамлекеттин тиешеси жок борбор өткөрөт. Ошондуктан акыйкат, чыныгы жыйынтыктарды алабыз. Ошонун негизинде бүтүрүүчүлөр окууга тапшырып жатышат. Эми ошону элестетип көргүлө, ошону мамлекттик бир органга же билим берүү министрлигине берип койгондо ЖРТ ушундай болот беле? ЖРТнын жыйынтыгына эл ишенет беле?

Мисалы, ЖРТга чейин мен өзүмдүн окуямды айтып берейин. Биз Арабаев университетине өтөбүз деп акыркы 3000 сомду салып алып апам менен келдик. Босогосун аттаганда эле шыпылдаган бир байке келип, “эже 700 доллар берсеңиз балаңыз бюджетке өтөт” деген. Аны угуп, көрүп апам аябай чочуган, корккон. Андай мисалдар көп. Ошондуктан билим берүүнү биз абдан реформалап чыгышыбыз керек. Мыйзамдын баарын абдан кылдаттык менен караш керек. Өзгөчө депутаттар. Коррупцияга алып барчу тобокелдин баарын жоюш керек. Ата-энелердин баары өз эл өкүлдөрүнөн сапаттуу билим бере турган мыйзам иштеп чыккыла деп талап кылчу учур.

Руслан Акундун Би-Би-Сиге курган маектерин бул жактан окуңуз:

Би-Би-Си: Кино сүрөттөн башталат дейт эмеспи. Өзүңүз дагы окуучу кезиңизден эле калың дептерлерге таш бака нинза, каратисттерди тартып, аныңызды сабак окубайт деген балдардан бери талашып окуган жайы бар. Ошол дептерлериңиз сакталып калганбы?

Руслан Акун: Билбейт экенмин. Мен 16 жашымда окууга деп Бишкекке келдим. Анан ата-энем көчүп келди. Оокаттардын кээ бири ыргытылса, кээ бири калды дегендей. Азыр жок го дейм. Эгер болсо, аябай кызыгуу менен окуп чыкмак болушум керек. Бирок ал дептерлерде каталар аябай көп го дейм. Анткени чыныгы окууну мен мектептен кийин баштадым. Мектепти бүтүп жатканымда бир да сүйлөмдү катасыз жаза албасам керек. Кийин-кийин мен өзүм окудум. Мындай айтканда мектептин программасын мен кийин өз алдымча кубалап окудум. Азыр дагы менин муунумдагы ата-энелерге чоң бир мүмкүнчүлүк бар. Кайрадан өзүбүзгө билим жолун ачып, балдарыбыз менен чогуу олтуруп, алар менен окуп, аларга түшүндүрүп берсек. Биринчиден, балаңыздын келечеги үчүн чоң салым кошосуз, кийин тың болуп, өз ордун таап кетишине жардам берип, өзүңүз дагы сабаттуу болосуз. Жалкоолонбой кошо окуп чыксак жакшы болгудай.

Би-Би-Си: Педагогикада “үйрөтүп жатып, үйрөнөм” деген жакшы түшүнүк бар.

Руслан Акун: Ооба.

Гапыр Мадаминовдун Би-Би-Сиге курган маектерин, ой толоолорун бул жактан окуңуз:

Би-Би-Си: Сизди ар бир мүнөтүнө чейин санап иштеген, жаны тынбаган адам катары билебиз. Жакында тартам деген долбоорлоруңуз кайсылар?

Руслан Акун: Дагы бир сериал баштаганы турабыз. Бул үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча. Бул биз үчүн аябагандай оор тема болгудай. Тилекке каршы зордук-зомбулук бизде кадимки көрүнүшкө айланып бара жатат. Ошону менен күрөшүшүбүз керек. Андан кийин дагы бир сериал тартылат. Биз бир нерсени түшүндүк. Бизди билим жана ишкердик оңдойт, өзгөртөт. Ошондуктан так, туура жүргөн жаш ишкерлер тууралуу тартабыз.

Бул маектин видеосу толугу менен Би-Би-Синин Facebook, YouTube жана Instagram баракчаларына 4-апрелде жарыяланат.