Руслан Акун : Жалпы адамзатка таандык маселелерге кайрылышыбыз керек

- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
17-ноябрь кыргыз киносунун жаралган күнү катары белгиленип жүрөт. Мындан 79 жыл илгери Кыргызстанда кинохроникалык студия куруу тууралуу чечим кабыл алынган экен.
Андан бери кыргыз киносу узак жолду басып, өткөн кылымдын 60-70-жылдары "Кыргыз керемети" деп таанылган. Азыркы кездеги кыргыз киносунун жагдайы тууралуу кино режиссер Руслан Акун менен маектештик.
Би-Би-Си: Сиз тарткан "Көк бөрү" тасмасын YouTube каналы аркылуу эле миллиондогон киши көргөн экен. Тасманын жолу кандай болду, кинотеатрларда кандай көрүлдү?
Р.Акун: Биздин тасманы бир гана Кыргызстанда эмес, Орусиядагы мекендештерибиз, боордош казак көрүүчүлөрү, коңшу өзбек, тажик көрүүчүлөрү дагы көрүп, жакшы ой-пикирлерин калтырып, каалоо-тилектерин бүткүл кыргыз элине калтырып жатканы абдан кубандырды. Мындай ийгиликтин башкы себеби, жалпы көрүүчүлөр Жер шаарынын кайсы бурчунда жашабасын биздин жашоодогу азыркы көйгөйлөрдүн бирин терең түшүндү деп ойлойм. Ошол эле учурда бизди кооптондурган, биздин тасмада чагылдырылган көйгөйлөр бир гана кыргыз элине эмес, коңшу өлкөлөргө дагы тиешелүү деп ойлойм. Бул фактор дагы алардын тасмабызды ушундай жылуу кабыл алуусуна таасирин тийгизди окшойт. Бул негизи чыгармачылык топ үчүн, биз үчүн чоң сыймык. Анткени, тасманын продюсери Нурбек Айбашев ушундай деңгээл, сапатка жетүү үчүн каражатын аяган жок. Насыя алып тарткан эмгегибиз ушундай эл оозуна алынып жатканы бизди сүйүндүрбөй койбойт. Андан да маанилүүсү биз чагылдырсак деген көңүлүбүздөгү олуттуу көйгөйлөрдү эл түшүнүп, тереңинен көрө билгендиги биз үчүн аябай кубанычтуу.

Би-Би-Си: Режиссер катары ушул тасма аркылуу айтайын деген оюңузду, идеяңызды толук жеткире алдыңызбы?
Р.Акун: Негизинен эле бул тасманын үстүндө ишин мыкты билген адистер, аябагандай чоң команда иштеди. Менимче, баарыбыз эле болгон күч-аракетибизди жумшадык. Биз чоң жоопкерчиликти сезип турдук. Кыргыздын сүйгөн улуттук ат оюну болгондуктан өтө кылдат талдап, сценарийге дагы аябагандай көп убакыт бөлдүк. Өзүң кошо аралашып билгендей, кинонун сценарийи жазылар алдында биз көк бөрү темасын терең изилдеп чыкканбыз. Ал чакан изилдөө, сурамжылообузда азыркы жана мурунку көк бөрүчүлөр менен, ошол эле саяпкерлер, машыктыруучулар менен, керек болсо бул оюндун чыныгы күйөрмандары менен аңгемелешип, маек куруп көп материалдарды топтодук. Кайра анын баарын көрүп, угуп ошолорго таянып анан сценарийге киришкенбиз. Ошондон улам мазмун, сапат элдин алкышына татыды го дейм.

Би-Би-Си: Алгачкы бир жылды алсак, бул тасманы кинотеатрдан көргөндөр менен интернетте олтуруп көргөндөрдүн саны кескин айырмаланып калды. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?
Р.Акун: Туура айтасыз, чындыгында ушундай айырма болду. Менимче, буга эң башкы себеп, комментарийлерди окусак дагы байкалат. Алар: "Биз мындай жакшы фильм деп ойлогон эмеспиз, буга чейин көк бөрүгө кызыгуубуз жок эле, кинону көрүп аябай кызыгып калдык" деп жазган экен. Бул сыяктуу пикирлер аз эмес. Ушундан улам ой кетет, бул фильм кинотеатрга чыкканда "жүрү, барып көрбөйлүбү" десе, "койчу ай, көк бөрүгө кызыкпайм" дегендер көп болду окшойт. Мисалы, кинотеатрга барганда "10 мүнөт байкап көрөйүнчү, жакпаса чыгып кетем" дебейт да. Билетти сатып алып койгон дегендей. А интернетте болсо тескерисинче, "он мүнөт көрүп көрөйүнчү, жакпаса өчүрүп салам" деген тандоо бар. Анан 10 минута өткөндөн кийин кантип кинону аягына чейин көрүп койгонун өздөрү да байкабай калат. Албетте, эгер жакса. "Көкбөрү" тасмасы бул жагынан ошол миллиондогон көрүүчүнүн үмүтүн, күтүүсүн актады окшойт. Экинчиден, менимче көрүүчүлөрдүн ар башка категориясы бар. Алардын бири дайыма кинотеатрга барышат, кинотеатрга барып кино көргөндү жакшы көрүшөт. Ансыз моокуму канбайт. Кээ бири тескерисинче, канча кызыктарып, чакырып жатышса дагы кинотеатрга барбай, күтүп жүрүп интернеттен көрөт. Буга чейин "Көк бөрүнүн" экинчисин тарткылачы деп аябай көп киши суранды. Бирок, дароо эле жооп бере кетейин, экинчиси тартылбайт.

Би-Би-Си: Аудитория катары алсак, кыргызстандыктардын саны өтө эле аздык кылаары талашсыз. Бир эле Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөр, коңшулар, балким алыскы чет өлкөлөр көрүшү үчүн кандай кино тартыш керек? Кыргыз кино чеберлери ушул жагынан аксап жаткан жокпу?
Р.Акун: Эң негизги эреже бул эгерде башка өлкөлөргө да чыгам, башка элдерге да кызыктуу кылам десе эң биринчи жалпыга орток, тиешеси бар, белгилүү, баарына жаккан же баарын ойго салган тема болушу керек. Мисалга алсак, "Апамды издейм" тасмабыз, эне деген бардык маданиятта, бардык өлкөдө эне да. Анан ар бир көрүүчүдө окшош бир сезимди ойготот. Мисалы, Голливудду ким гана көрбөсүн түшүнөт. Биз дагы ушундай универсалдуу темаларга, жалпы элге таандык темаларга, жалпы адамзатка таандык маселелерге, темаларга тартсак, сезимдерди ойгото алсак, максатыбызга жетебиз. Киноиндустрия боюнча алганда бизде да Корея, Түркия, ошол эле Голливуддун мүмкүнчүлүктөрү бар. Эң башкысы жакшы сценарий тапканды, жакшы сценарий жазганды, ошол чеберчиликти аябай өздөштүрүү керек. Ошондо чоң бир жыйынтык болот.

Би-Би-Си: Тасманы тартып жаткан учурда ат тээп, сиз белиңизден жаракат алдыңыз эле. Ошого карабай көгөрүп жатып фильмди аягына чыгардыңыз. Дагы ушул сыяктуу эсиңизден кетпей турган, кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз
Р.Акун: Биз негизи ушул кинодо Кыргызстандын табиятын, жаратылышын, Кыргызстандын кооздугун чагылдырыш керек деген сонун максатты да койгонбуз. Ошол себептен тартып жатканда бир бөлүгүн Кел-Суудан барып тартабыз же Сары-Челектен деп пландаганбыз. Анан ошол учурда Кел-Сууда суу жок, биз ойлогондон аябай бөксө болгондуктан (тоодо жайгашкан көл, бирде толуп, бирде кемип турат) Сары-Челекке барганбыз. Сары-Челекке барышыбыз эле өзүнчө бир окуя болгон. Канча саат жол жүрөсүң, таштак жолдо, ошончо жол жүрүп, таң атпай барып, 3-4 саатын ичинде тартып бүттүк окшойт. Ал жактан тартылчу сахналар аяктады дегендей. Эми бүттүк, кайра кайталы десек командабызда биринчи жолу иштеп жаткан балдар аябай таң калды эле. Ушул кенедей иш үчүн ушунча киши, ушунча техника, ушунча узак жол басып келдикпи деп таң калышканын жашырган эмес. Айрымдар, кино тартууну аябай оңой көргөн окшойт. Бизде практика өтүп жаткан балдар бир топ эле таң калышканы эсимде. Ат тепкени болсо, ойлобогон жерден тээп жибергендиктен белге тийди. Башында түшүнбөй да калдым. Анан жаткан бойдон Бишкекке дарыгерлерге келгенге туура келди. Иштеп жаткан командага бул бир топ эле ыңгайсыз болгон экен. Көп өтпөй кайра кайтып бардым. Ишти токтотпойлу деп, ошол эле учурда белге күч келбесин деп жатып алып тартып, ошол бойдон ишти уланттык.















