BBC

BBC navigation

“Салам, Нью-Йорк” Бишкекте

Соңку жаңыланышы: 14-февраль, 2013 - 15:20 GMT
Кыргызстандык режиссер Руслан Акун, продюсери Нурбек Айбашов менен жаңы тартып бүткөн “Салам Нью-Йорк” Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.

Кыргызстандык режиссер Руслан Акун, продюсери Нурбек Айбашов менен жаңы тартып бүткөн “Салам Нью-Йорк” Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.

Кыргызстандык режиссер Руслан Акун, продюсери Нурбек Айбашов менен жаңы тартып бүткөн “Салам Нью-Йорк” Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.

Бул тасма жаш киночулардын арасында тартылган бүгүнкү күндүн эң кымбат тасмаларынын бири деп табылууда. Бишкектеги көңүл ачуучу борбордун биринде «Салам Нью-Йорк» фильминин бет ачары болуп өттү.

Экинчи кабаттагы кинзалды карай кызыл килемче төшөлүп, киного келгендердин агымы улам бул көгүш залга толуп атты.

Тегеректе фильмди тартууга катышкан ири топ: фильмдин режиссеру, продюсери, актерлор менен ун жасоочулар, анан баамымда кинотартууга тиешеси барлардын эң жакын санаалаштары отурду.

Тигинде фильмдин ырын аткарган Каныкей, менин жанымда баш каарман Батырдын апасы Бурул, ары жакта продюсер Нурбектин атасы Ниязбек отурду. Анан кино башталды.

Кеңири форматтагы экрандан Нью-Йорктун көчөлөрүн, асман мелжиген имараттарын, көк мейкиндикке кулачын жайган Эркиндик статуясын заолагылар баш каарман Батырдын бакырайган ишенчээк көздөрү менен карап отурушту. Батыр Нью-Йоркко окуйм деп келген... Бирок, аны чакырган Айдар акеси аны келе калат деп ойлогон эмес.

Фильм бүткүчө Батырдын жоруктарына көрүүчүлөр күлүп да, тунжурап ойлонуп да, кээде жашып да отурушту. Фильмдин баш каарманы Батырды ОшМУнун бүтурүүчүсү Бектемир Мамаюсупов ойногон.

Бул анын Руслан Акун тарткан “Бишкек, мен сени сүйөм” киносундагы эпизоддук ролдон кийинки экинчи ролу.

Бектемир “каарманым өзүмө окшош,- дейт.- Себеби жаңыдан Америкага барганымда мен да ошентип баштагам – метродо уктап, идиш жуугуч болуп, курулуштарда иштеп...” Ал башында эмигранттарынын баарынын эле жашоосу окшош болорун айтат.

Киночулардын бул жаш тобу жөп-жөнөкөй формага азыркы кыргыздын эзелтен өзгөрбөй келаткан кадыресе жамааттык болумушун сала алышкан. Андагы Батырдын Бишкектен Нью-Йоркко келип “Айдар байке. Бул мен- Батыр, Темирдин уулумун. Мен келдим” деген кыска сөзү мурдагы айылдан Бишкекке окууга келчү муундун баарына жакындан тааныш.

Салтанат Саматова бет ачарын алып барган. Кинодон кийин ал толкунданганын жашырбай турду:

- Мага аябай жакты. Өзгөчө патриоттук сезимдеримди ойготту. Беш миллион кыргыз мага жер жүзүндө жайнаган триллиондой сезилди. Мен сыймыктанып турам. -деди.

Кинодогу картиналардын 80 пайызы Америкада тартылган. Андагы каармандардын ар бири кесипкөй актер экени көрүнүп турду. Шаар үстүнөн тартылган мега шаардын түнкү жаркырагы менен көгүлтүр таңы көрүүчүлөргө Нью-Йорктун үстүнөн каалгып учуп жүргөндөй сезим калтырып жатты.

Фильмди тарткан режиссер Руслан Акун кино тартуу сырлары менен бөлүштү:

Руслан Акун: Шаар үстүнөн тарткан кадрларды туристтик вертолет менен тартсак деле болмок. Ал арзан эле. Бирок, калчылдап калмак. Атайын ошондой сьемкаларды жасай турган агенттиктер бар. Биз аларга кайрылып, заказ бердик.

Сагын Алаева: Фильмдин сценарийин ким жазган?

Руслан Акун: Мен, анан мага Сергей Кролевич жардам берди. Бул мыкты адис. Ал Казакстан, Орусия үчүн жазып жүргөн жигит. Кудай жалгап, биз менен иштешкенге макул болду. Кээ бир жерин кызыктуураак кылды, кээ бир жерин жеңилдетти.

“Салам, Нью-Йоркту” жашы 25тен 30 чейинки улан-кыздар тарткан. Фильмдин продюсери Нурбек Айбашов болгону 27 жашта. Ал фильмдин тартылышына 100 миң америка долларын сарптаган, анткени, режиссер Руслан Акундун талантына терең ишенгенин айтат:

Нурбек Айбашов: Бул долбоор бир жарым жыл илгери башталган. Бул биздин эң кымбат долбоорубуз.Чындыгын айтсам, Русландын “Бишкек, мен сени сүйөм” деген тасмасынан кийин мен абдан кубанып, Русланга дагы бир ирет ишенип калдым. Руслан менен мурдатан эле тааныш элем. Мен аны менен 2008-жылы Америкада таанышкам. Башыбыздан көп кайгылуу да, кубанычтуу да күндөр өткөн. Бир күнү туштө тамактанып отуруп, анын баарын эстеп, мунун баарын экранга тасма кылып алып чыгалы деп чечтик.

Эми минтип, “Сал ам Нью-Йорк” Кыргызстанда көрсөтүлө баштады.

Руслан Акун кино өлкөнүн бардык аймактарында көрсүлөт дейт: Руслан Акун: Пландагандай кинону көрсөтүүнү Бишкектен баштадык. Ниетибизде 21 мартта Ноорузда Ошто, анан кичине күн жылыса өлкөнүн бардык аймактарында жакшы окуган балдар үчүн бекер көрсөтөлү деп жатабыз.

Бул фильмде 20-жылдык изденүүдөн кийин кыргыз киносу Батырдын образы аркылуу чыныгы азыркы кыргыз жаштарынын чет жерде жүргөндөгү реалдуу турмушу, келечек үчүн күрөшү, ишеними менен сүйүүсү көрсөтүлгөн.

“Салам Нью-Йорк” азыркы жаш киночулардын эң ири жана өзгөчө долбоору экени айтылууда. Нурбек Эгендин “Аталардын керээзи” менен орто муундагы бирин-экин режиссерлордун киносун эсепке албаганда, жаш киночулардын долбооруна мынчалык каражат сарптала элек экени айтылууда.

Тектеш темалар

BBC © 2014Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.

]]>