Орусия: аэропорттон артка кайтарылган кыргызстандыктар

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Аэропорттон Орусия аймагына өтө албай турган кыргызстандыктар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аэропорттон Орусия аймагына өтө албай турган кыргызстандыктар

"Крокус Сити Холлдо" катталган каргашалуу окуядан кийин Кыргызстандан Орусияга учуп баргандар аэропортто отуз саатка чукул кармалып турду. Айрымдарына текшерүүдөн өткөндөн кийин деле Орусиянын аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берилбей, кайра артка жөнөтүлүп жатат.

Элчилик 25-мартка карата аэропорттон он бир кыргызстандык кайра артка кайтарылганын Би-Би-Сиге билдирди. Алар мурда Орусиянын аймагында болуп, "кара тизмеге" киргендер экенин айтууда.

Кыргызстандын Орусиядагы Элчилиги

Сүрөттүн булагы, MFA.GOV.KG

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги

"Шереметьево эл аралык аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар боюнча төмөнкүнү белгилейбиз. Алар мурда Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганы белгилүү болду", - деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Бирок элчиликтин бул билдирүүсүн четке каккандар дагы бар. Аэропортто кармалып тургандардын ичинен "кара тизмеде" жок жана Орусия аркылуу башка өлкөгө уча тургандар дагы болгон.

"Эмне себептен кечке кармап, анан киргизбей артка кетирип жибергени такыр түшүнүксүз. Документтер жайында, "кара тизмеде" жокмун. Орусияга мындан үч жыл мурун баргам. Азыр Москвага бара жаткам. Укугубузду коргоп бергиле деп элчиликке кайрылдык. Алар биздин тамак-ашыбызды камсыздап, кайра артка уча турган учакты дайындап беришти”, - деп билдирди атын атагысы келбеген кыргызстандык.

24-мартта "Шереметьево" аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 24-мартта "Шереметьево" аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар

Аэропортто кармалып тургандардын айтымында, аларга 24 саат бою суу же чай берилген эмес. Арасында орозо кармагандар дагы болгон. Коомдук сайттарга жарыяланган видеолордо бир бөлмөдө көп адамдын турганын көрүүгө болот.

Кармалып тургандар бул көрүнүштү "кылмышкерди кармагандай" деп сүрөттөшүүдө.

Элчилик аларды тамак-аш менен камсыздап, учак маселесин чечип берип жатат. Ошондой эле элчилик учурда аэропортто кармалып турган кыргызстандыктар жок деп билдирди.

"Шереметьево" аэропорту. 2024-жыл, 24-март
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Шереметьево" аэропорту. 2024-жыл, 24-март

Терактка айыпталып кармалгандардын үчөөсү тажик жараны экени айтылгандан кийин Орусияда тажик улутундагыларга басым күчөгөнүн айтып чыккандар болууда. Мисалы Екатеринбургдагы соода борборлору ижарага алып иштеткен борборазиялыктардын толук ат-жөнүн, паспорттогу маалыматтарын тактап жатышат.

Орусиядагы такси айдоочулардын телефондоруна келген билдирүүлөр

Сүрөттүн булагы, THE INSIDER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиядагы такси айдоочулардын телефондоруна келген билдирүүлөр

Москвада мигранттарды текшерүү мындан бир канча ай мурун эле күчөй баштаган. Сакал койгон кишилер дароо суракка алынып, алардын телефондору текшерилип келген. Интернеттен динге байланыштуу видео көргөндөр атайын жайга барып сурак берип же өлкөдөн чыгарылган учурлар катталган. Айрымдары буга нааразы болгон видео кайрылуу менен чыккан.

Учурда ушул сыяктуу текшерүүлөр дале уланып жатканын, мигранттар мындай көрүнүшкө көнүп деле калгандарын айтышты.

Москвада мигранттарды текшерүү бир канча ай мурун эле күчөй баштаган

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Москвада мигранттарды текшерүү бир канча ай мурун эле күчөй баштаган

Борбор Азиядан Орусияга автоунаа менен бара турган жарандар Оренбург облусу аркылуу өтүшөт. Учурда Оренбургдагы чек ара кызматкерлери жүргүнчүлөрдү узак убакытка чейин текшерип жатышат.

"Өзгөчө сакал койгон кишилер катуу текшерилип жатыптыр. Айрым учурда жүргүнчүлөрдүн телефондоруна чейин карап жатышат. Телефондогу паролдорун ачып, ким менен сүйлөшкөнүн, билдирүүлөрүн, сүрөттөрүн тыкыр карап жатыптыр. Бул тууралуу чек арада тургандар улам маалымат берип жатышат", - деди Оренбургдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Урмат Жамгырчиев.

Ошондой эле бүгүн Оренбургдагы "Гулливер" ири соода борбору коопсуздук чараларынан улам жабылып, аны күч органдары курчоого алды.

Оренбург облусундагы "Гулливер" соода борбору

Сүрөттүн булагы, GULIVERMALL.RU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оренбург облусундагы "Гулливер" соода борбору

Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы кыргыздарды киши топтолгон жерлерден оолак болуп турууга чакырды. Ошондой эле зарылчылык болбосо Орусияга барбай турууну сунуштады.

"Крокус Сити Холлдо" иштеген эки кыргызстандык кызды издөө иштери дале уланууда.