Crocus City Hall: 133 кишинин өмүрүн алган кандуу окуянын кара тагы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул материал улам жаңырып, толукталууда
Соңку жагдайы:

Сүрөттүн булагы, TASS
Кандуу кол салуудан каза болгондордун саны өсүп жатат. Буга чейин 115 кишиге жеткенин Орусиянын Тергөө комитети билдирсе, көп өтпөй 133 киши каза тапканын расмий жарыялашты.
Орусиянын Ички иштер министрлиги кол салууга катышкандардын баары чет өлкөлүктөр экенин билдирди. Министрлик кармалгандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин так жарыялаган жок.
Эксперттер "Крокус Сити Холлдогу" кол салуунун зыянынын өлчөмүн 9-11млрд рублга (102 млн - 120 млн доллар) тете деп баалашты.
Орусиянын президенти Путин 24-мартты жалпы улуттук аза күнү деп жарыялады. Путин бул тууралуу кол салуу боюнча орусиялыктарга теле кайрылуусу учурунда айтты. Ал бул кол салууну варвардык теракт деп атады.
Симоняндын суук кабары
Пропагандалык маалымат каражаты катары таанылган RT телеканалынын редактору Маргарита Симонян Crocus City Hall терактында каза болгондордун саны 143кө жеткенин билдирди. "112" телеграм-каналы өз булактарына таянып, курмандыктардын саны 150гө жеткенин жазды.
Расмий маалымат боюнча, каза тапкандардын такталган саны азырынча 115 киши. Бирок Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев курмандыктардын саны дагы бир топ өсө турганын айтты.
Baza телеграм-каналы өз булактарына таянып, концерттик залдын чатыры мына-мына кыйрайт деп жаткан учурда имараттын ичинде 200дөн ашуун киши болгонун жазды.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге 11 адам, анын ичинде "Крокус Сити Холлдогу" кол салууга түздөн-түз тиешеси бар делген төрт адам кармалганы тууралуу билдиргенин Кремлдин басма сөз кызматы жазды.
Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин, ишемби күнү эрте менен берген маалыматында, ар кайсы ооруканаларда жаткандардын арасында беш бала дагы бар экенин билдирди.
Воробьев өзүнүн телеграм-каналы аркылуу Москва убактысы боюнча саат 10:00дө курман болгондордун ичинен өздүгү аныкталгандардын тизмеси жарыялана турганын жазды. Түндө Тергөө комитети 60тан ашуун киши каза тапканын билдирген.
Учурда куткаруучулар өрт болгон жерде иштерин улантууда. Таң эрте алар чатырынын бир бөлүгүкыйрап калган залда ишин башташты.
Кол салгандар тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, RIA Novosti
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Биз азырынча алардын ким экенин, эмне максатта кол салганын жана азыр кайда экенин так билбейбиз.
Күбөлөр аларды "күрөң кийимчен" же "камуфляж кийген адамдар" деп сүрөттөп жатышат. Күбөлөрдүн бири дагы ал жерде канча адам болгонун так айта элек. Бир адам кол салгандар бир нерсе деп кыйкырбаганын, бет кап кийишпегенин айтты. Бирок дагы бир күбө кол салгандарды жүзү жоолук менен жабылган, сакалчан деп сүрөттөгөн.
"Крокустагы" кол салуудан кийинки видеолорго карап, кол салгандар кеминде үч киши болгон деп айтууга болот.
Кийинчерээк Baza укук коргоо органдары кылмыш болгон жерден качып кеткен "камуфляж кийген төрт кишини" издеп жатканын кабарлады.
РИА Новости мамлекеттик агенттиги Тверь облусунан мамлекеттик номердеги түсү ак Renault Symbol үлгүдөгү унаанын сүрөтүн жарыялады.
"Новая газета Europe" унаанын акыркы ээсин аныктады, 24 жаштагы жигит унааны "болжол менен бир жума мурун аялынын инисине сатканын" айткан, ал өз кезегинде досу машина досуна керек экенин айткан.
Орус ММКлары унаа башында кара түстө болгонун, бирок кийин ак түскө сырдалганын аныкташкан.
Жол кыймылынын камерасына түшүп калган бул унаанын сүрөтүн алууга жетиштик. Унаанын ичинде эки адамдын бирөөсүнүн гана жүзүн даана байкаса болот. Ал кепкачан болгон, бирок анын кара чачтуу, камуфляж сыяктуу кийими бар, кыязы, сакалчан экени көрүнүп турат. Бул адамдардын "Крокустагы" кол салууга тиешеси бар же жок экени азырынча белгисиз.
Кийинчерээк коопсуздук күчтөрү боз түстөгү Renault Fluence үлгүсүндөгү экинчи унааны издеп жатканы тууралуу маалымат пайда болду.
Бул маалымат расмий тастыктала элек.
"Коммерсант" укук коргоо органдарына шилтеме жасап, кол салгандар аскердик машыгуудан өткөн деп ырастоодо.
Бир нече анонимдүү телеграм каналдар кол салгандар Брянск облусунда байкалганын, алардын бири өлтүрүлгөнүн жазышкан. Бирок бул маалыматты тастыктоого мүмкүн болгон жок.
Бул боюнча Орусиянын расмий бийликтери үн ката элек.

Сүрөттүн булагы, Officail
Кандуу окуянын кыскача чоо-жайы
- 22-марттын кечинде, кечки саат сегиздер чамасында "Крокус Сити Холл" деп аталган концерттик жайда эл топтолгон учурда камфуляжчан бир нече киши ок атып кирген.
- 115 киши каза болуп, Орусиянын Өзчөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлоосуна караганда, 140 жаракат алды.
- Кол салууну өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топ уюштурганын билдирди. Орусиялык айрым бир саясатчылар Украинанын тиешеси болушу ыктымал деп жатат. Киев мындай пикирди кескин четке какты.
- Ак үй Киевдин тиешеси бар дегенге эч кандай илинчек жоктугун билдирди
- Орусияынын Тергөө комитети теракт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.












