Crocus City Hall. “Ислам мамлекетинин” Россияда эмне өчү бар?

Сүрөттүн булагы, ТАСС
Уилл Вернон
BBC News, Вашингтон, Колумбия округу
”Ислам мамлeкети” террордук тобунун Корасан аймагынын Москвадагы террордук чабуул анын иши экени жөнүндө билдирүүсү чын болуп чыкса, бул жихадчылардын Россияга каршы кылган кезектеги кыянат иштеринен болуп калмакчы.
2015-жылы Египетте Синай чөлүнүн үстүндө россиялык учак жардырылган. Анын бортунда 224 адам бар эле. Алардын көбү Россиянын жарандары болчу.
Ошондо бул чабуулга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” алган. Окуядан кийин жардыргыч заттын сүрөтүн жарыялаган.
2017-жылы Санкт-Петербургдагы 15 адамдын өмүрүн алган метродогу жардыруу дагы радикал исламчылардын жасаган иши болгон.
Жихад ураанын чакырган согушкерлер ондогон жылдар бою Түндүк Кавказда орус армиясына каршы согушуп келди.
Алардын көбү Сирияда он жыл мурда “Ислам мамлекети” түзүлгөндө, террордук уюмдун армиясына барып кошулду. Түндүк Кавказда туш-тушка житип кеткен согушкерлер “ИМге” кызмат кыларын билдиришкен дейт эксперттер.
Бирок бүгүнкү террордук чабуулдун жоопкерчилигин алган “Ислам мамлекети, Корасан аймагы” (ИМКА). Бул Ирандын, Түркмөнстандын жана Афганистандын айрым бөлүктөрүн камтыган аймактын эски аты.
Терроризм боюнча эксперттердин айтымында, Россияга террордук чабуул жасаган ИМКА өзүнүн пропагандасында Путинди көп сынга алат.
Ал Кремлди Чеченстандагы жана Сириядагы аскердик операция убагында жана совет доорунда Афганистанга кирген учурда мусулмандарга каршы көп кыянатчылык кылган деп айыптоодо. (КС)
Эң катаал жана мыкаачы жихадчылар

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Ислам мамлекети, Корасан аймагы” дегенди түшүндүргөн ИМКА (англ. Isis-K) – бул “Ислам мамлекети” (ИМ) тобунун Афганистан жана Пакистанда аракеттенген аймактык бөлүгү.
Бул Афганистандандагы куралдуу жихадчылардын эң катаал жана мыкаачы тобу.
Ал, 2015-ж. январь айында, өзүн Иракта жана Сирияда халифат атаган, кийин АКШ баштаган коалициялык күчтөр талкалап жок кылган, “Ислам мамлекети” тобунун таасири күчөп турган маалда түптөлгөн.
ИМКА өз катарын Афганистан жана Пакистандан чыккан, өзгөчө Талибанды жетиштүү катаал эмес деп эсептеп, анын катарынан чыгып кеткен жоокерлер менен толуктап келет.
ИМКА акыркы жылдардагы эң жеткен мыкаачылыктарга – кыздардын мектептерине, ооруканаларга кол салганы, ал тургай кош бойлуу аялдарды жана медайымдарды атып өлтүргөндүгү үчүн күнөөлөнүп келет.
Кызыкчылыгы Ооганстан менен чектелген Талибандан айырмаланып, ИМКА жеткен жерден батыш өлкөлөрүнө, эл аралык жана гуманитардык уюмдарга тиешеси барларга кол салат.
ИМКА Ооганстандын чыгышындагы Пакистанга кирип-чыккан, баңгизаттарды жана кишилерди ташып саткан жолдорго жакын Нангахар облусунда жайгашкан.
Күчүнө толуп турган учурда топтун 3000 чейин жоокери болгон. Бирок АКШ, Афган куралдуу күчтөрү жана Талибан менен кагылышуулардан улам чоң жоготууларга учураган.
Изилдөөчүлөрдүн пикирине ылайык, ИМКАнын Хакани желеси менен бекем байланышы бар, өз кезегинде, ал Талибан менен байланышта.
Азыр Кабулдун коопсуздугу үчүн жооптуу Халил Хаканинин башы үчүн $5 млн сыйлык жарыяланган.
Asia Pacific Foundation фондунун өкүлү Сажжан Гокел Афганистандагы куралдуу топтордун желелерин көп жылдар боюу изилдеп келет.
Ал “2019-2021-жж. аралыганда ИМКА, Талибандын Хаккани желеси жана башка Пакистанда жайгашкан террористтик топтордун биргелешип кылган бир нече чоң чабуулу болгон”, - дейт.
Талибан 15-августта Кабулду алганда, Пуле-Чарки түрмөсүнөн көп кишини бошотушкан, алардын арасында ИМКА жана ал-Каиданын жоокерлери дагы болгону кабарланган.

Сүрөттүн булагы, AFP
End of https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/cjkpd4lmgedo
Бирок ИМКА менен Талибандын чоң айырмачылыгы бар. ИМКА талибдерди жихадды жана согуш талаасын таштап, Катардагы Доханын "кымбат мейманканаларында" жайлуу жатып алып тынчтык жолун издегенге өткөнү үчүн айыптайт.
ИМКА согушкерлери эми келе жаткан Талибан өкмөтү үчүн чоң коопсуздук көйгөйүн жаратат. Бул жагынан алганда, Талибандын батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары менен санаасы бир болуп чыгат.
Сандар эмне дейт?
«ИМ» 2023-жылы дүйнөдө 838 чабуул жасаганын жарыялады. Буга декабрь кошулган жок. 2022-жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 53% кыскаруу бар. Чабуулдардын саны жөнүндө анализ менен тыянактар «ИМдин» расмий билдирүүлөрү, кабарлары жана пропагандалык материалдарына, алардын тарапташтарынын билдирүүлөрүнө негизделген. Ошол себептүү сандар көбөйтүлүшү, кээ бир учурда азайтылышы да мүмкүн.
Аталган топ күч-кубатка толуп турган убагында Сирия менен Ирактын бир топ аймагын ээлеп турганы белгилүү, бирок 2017-жылы ал ээлеп келген аймагынын 95% кол жууду. 2019-жылы АКШ баштаган эл аралык коалиция жана күрт согушкерлери исламчылардын Сириядагы акыркы тиреги болгон Багуз кыштагын көзөмөлгө алды. Ошондон кийин жихадчылар чабылып-чачылып, туш тарапка житип кете баштады.












