Кабулдагы кандуу кол салуу. “ИМ” жихадчыларынын террордук чабуулдары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Мина Аль-Лами
- Role, BBC Monitoring
Афганистандын баш калаасы Кабулда эл ташыган автобус жардырылып, эки киши набыт болуп, 14 адам жараат алган терактка жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" тобу өзүнө алды. Кайсы бир учурда Сириянын түндүк-чыгышынан тартып Ирактын түндүгүндөгү чоң аймакты ээлеген өздөрүн "Ислам мамлекети" тобу деп атаган террористтик уюмдун буга чейинки чабуулдары туурлуу BBC Monitoring чогулткан маалыматтарды жарыялайбыз.
Андагы маалыматтарга караганда, кайсы бир учурда Сириянын түндүк-чыгышынан тартып Ирактын түндүгүндөгү чоң аймакты ээлеген терроисттик топ 2023-жылы өзүнүн чабуулдарынын санын кыйла азайтты.
«ИМ» активдүүлүгү мурдагы жылга салыштырганда эки эсе түштү, жетекчилигинде дагы жоготуулар болду. 2023-жылы бул топтун Египеттеги филиалы үн катпай, Ливия менен Йемендеги кол куушуруп калган башка филиалдарга кошулду. Ошол эле убакта Афганистандагы бөлүгү бир катар кол салууларга жоопкерчиликти өзүнө алды.
Ал эми Африкадагы топтордун дагы аракеттери басаңдаганы байкалат. Бир гана Сахелдеги бөлүк Малинин чыгышына чейин жетип, Нигердеги ири кол салууларга жоопкерчиликти алып, пропагандисттик ишмердигин күчөттү.
Сандар эмне дейт?
«ИМ» 2023-жылы дүйнөдө 838 чабуул жасаганын жарыялады. Буга декабрь кошулган жок. 2022-жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 53% кыскаруу бар.Чабуулдардын саны жөнүндө анализ менен тыянактар «ИМдин» расмий билдирүүлөрү, кабарлары жана пропагандалык материалдарына, алардын тарапташтарынын билдирүүлөрүнө негизделген. Ошол себептүү сандар көбөйтүлүшү, кээ бир учурда азайтылышы да мүмкүн.
«ИМ» чабуулдары жөнүндө эмне билебиз?
Аталган топ күч-кубатка толуп турган убагында Сирия менен Ирактын бир топ аймагын ээлеп турганы белгилүү, бирок 2017-жылы ал ээлеп келген аймагынын 95% кол жууду. 2019-жылы АКШ баштаган эл аралык коалиция жана күрт согушкерлери исламчылардын Сириядагы акыркы тиреги болгон Багуз кыштагын көзөмөлгө алды. Ошондон кийин жихадчылар чабылып-чачылып, туш тарапка житип кете баштады.

Андан бери «ИМ» Жакынкы Чыгыштагы жеңилүүлөрүнөн алагды кылуу үчүн Африкадагы филиалдарына топтоло баштаганы байкалат.Жихадчылар мурдагыдай эле Ирак менен Сирияда козголоң операцияларын жүргүзүп, Азия, Африка жана Жакынкы Чыгыштагы филиалдарын көзөмөлдөп башкарып келатат. Март айында «ИМ» коопсуздук максатында өзү жасаган чабуулдардын баарын эле жарыя кыла бербестигин билдирип, өзүнүн басаңдаган ишин актоого аракет кылды.Синайдагы (Египет) бөлүгү 2023-жылы эч кандай кол салуулар болгон жок деп билдирди, алар 2022-жылы 102 чабуул жасаган (анын ичинде Суэц каналынын жанындагы операция да бар). Демек, мындан улам Египеттин армиясы аларды баш көтөртпөй талкалап салганбы деген ой кетет.
Ал эми Афганистандагы Хорасан провинциясындагы бөлүгүнүн чабуулдары дагы азайды, эгерде 2022-жылы кол салуулар 145, Талибан бийликке келген 2021-жылы 293 болсо, 2023-жылы 20 гана операция болду.
Кол салуулар азайып калган менен алар көп курмандыктарга алып келди. Июль айында Пакистандын түндүк-батышында «Джамиат Улема-и-Ислам-Фазл» исламчыл партиясынын митингинде жанкечти террорчу жасаган жардыруудан 60 адам мүрт кетти.
«ИМ» Иракта 2023-жылы 141 кол салуу болгонун билдирген, андан мурдагы жылы ошол эле учурда 401 кол салуу болгон. Сириядагы чабуулдар 2023-жылы 112 болду, ал эми мурдагы жылы 292 болгон.
Жихадчылар Африкада күчөп жатабы?
2019-жылы Багузду колдон чыгаргандан кийин «ИМ» Африка өлкөлөрүндөгү «экспансия» менен «жеңиштерге» орчундуу көңүл бура баштады. Бул жакта анын беш филиалы бар: Нигерияга багыт алган Батыш Африка провинциясы (ISWAP), Борбордук Африкага багыт алган Конго провинциясы, Сахел, Мозамбик жана Сомали филиалдары.Эң активдүү бөлүгү ISWA Нигериянын түндүк-чыгышы менен Чад көлүнүн аймагында жүрөт, бирок 2023-жылы алардын дагы активдүүлүгү басаңдады. 2022-жылы 470 чабуул жасаган болсо, 2023-жылы алардын саны 266 болду. Борбордук Африка провинциясындагы жана Мозамбиктеги филиалдар дагы чабуулдардын азайганын айтууда. Бирок бул эки топ тең жергиликтүү жана регионалдык күчтөргө кол салып жатканын билдирип жатат.
Борбордук Африка провинциясындагы жана Мозамбиктеги филиалдар дагы чабуулдардын азайганын айтууда. Бирок бул эки топ тең жергиликтүү жана регионалдык күчтөргө кол салып жатканын билдирип жатат.Борбордук Африка провинциясы Угандадагы төрт кол салуу жөнүндө билдирди, анын биринде эки турист жана коштоочу адам курман болду. Бирок алар Уганданын батышындагы орто мектепке кол салуу тууралуу эчтеке айтпады. Бул кол салууга көптөр жихадчыларды айтып жаткан эле.
Жалпы алганда Африкадагы бөлүктөрдүн кол салуулары 2023-жылы 508 болду, бул мурдагы жылга (847) салыштырганда азайды. Ошол эле учурда Африкадагы чабуулдар «ИМдин» дүйнөдөгү согуштук операцияларынын 60% түзөт.
«ИМ» кай жакта баш көтөрүүдө?
BBC Monitoring топтогон маалыматтарга караганда, өткөн жылы анын Сахел регионундагы жана Филиппиндеги филиалдары эң активдүү болду.Ошондой эле жихадчылар апрелден баштап Малинин чыгышындагы Нигер менен чек арага жакын жерде аракетин күчөтүп жатканы кабарланган. Бул жакта саясий толкундоолор болуп, коопсуздук начарлай түшкөн кырдаалдан экстремисттер пайдаланууда.

Газадагы согушка мамиле
Башчылардын ойрон болгондон кийин жаңы жетекчиликтин кайсы бир деңгээлде жашыруун болуп жатканы дагы маанилүү маселе.
Бирок "Ислам мамлекети" мурдагыдай эле бир топ аймактарда, айрыкча Африкада, саясаттагы, коопсуздуктагы кризистен пайдаланып, чабуулдарды жасоодо.
Газадагы согуш "ИМ" жана башка экстремисттик топтор үчүн "ыйык согуш" ураанына жамынып, күч топтогонго ыңгайлуу "мүмкүнчүлүк" болуп саналат.
"Аль-Каида" жакында эле палестин согушкерлери менен бирге болууга чакырык жасаган, бирок "ИМдин" "Аль-Наба" тобунун апталык гезитине жарыяланган жообунда мусулмандарды ХАМАСты колдоого чакырык болгон жок.
Анын ордуна жихадчылар Израилди калкалап жатат деп айрым араб өлкөлөрүн айыптап, аларга каршы тукурук жасоого күч жумшоодо. (МА)








