Борбор Азиядагы жихадчылар Израил-ХАМАС согушун кантип пайдаланууда?

БА Жихад уюмдар

Сүрөттүн булагы, thediplomat.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Катибат аль-Таухид валь Жихаддын (КТЖ) өзбек тектүү лидери Абдул Азиз жана Борбор Азиядагы суннит жихадизминин көрүнүктүү идеологу Ахлуддин Навкотий

Уран Ботобеков, диний экстремизм боюнча изилдөөчү, АКШ

Борбор Азиялык жихадчылар жалдоо жана каржылоо аракеттерин күчөтүү үчүн Жакынкы Чыгыштагы конфликттин кайра жанданышынан пайдаланып жатышат. Диний радикализмди изилдеген окумуштуунун "The Diplomat" журналына жарыяланган макаласынын котормосун сунуштайбыз.

“Аль-Каида”, “Ислам мамлекети” (ИМ) жана “Хаят Тахрир аш-Шам” (ХТШ) менен байланышы бар Борбор Азиядагы жихадчылардын топтору Израилдин Газаны бомбалоосун жана палестиндерди колдоо үчүн дүйнөнүн борбор шаарларында өтүп жаткан массалык жүрүштөргө чыккан мусулмандардын кыжырдануусун пайдаланууну көздөшүүдө.

Адегенде, “Ислам мамлекети-Хорасан” (ИМХ), “Катибат аль-Таухид валь Жихад” (КТЖ) жана “Катибат аль-Гураба” (КГ) батальондору менен байланышы бар өзбек жихадчыларына 7-октябрда ХАМАСтын Израилге аёосуз чабуулу катуу таасир этти. Алар ХАМАСтын “Аль-Акса ташкыны” операциясын даңазалашып, аны 12-кылымда Иерусалимди жана ал-Акса мечитин христиандардан кайтарып алган улуу мусулман кол башчысы Салахуддин Айюби жетектеген аскердик жүрүшкө салыштырып жиберишти.

Израилдин Коргоо Күчтөрү (ИКК) ХАМАСты жок кылуу үчүн Газаны катуу бомбалоо менен контрчабуулга өткөндө, Борбор Азиядагы жихадчы топтор "Аль-Каиданын" жана ИМдин жөөттөрдү жек көрүү позициясына жигердүү кошулуп, “америкалык-сионисттик жалпы душманга каршы бириккиле” деп, бүткүл мусулмандар жамаатына чакырык ташташты.

"Катибат ат-Таухид вал Жихадд"

"Катибат аль-Таухид вал Жихад"

Сүрөттүн булагы, MODERNDIPLOMACY.EU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аль-Каиданын" жолун жолдогон жихадчылардын бири болуп Борбордук Азиядан чыккан, негизинен ферганалык өзбектерден турган согушкерлердин "Катибат аль-Таухид вал Жихад" уюму эсептелет.

Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын кайра жанданышынан кийин, "Катибат аль-Таухид валь Жихаддын" (КТЖ) өзбек тектүү лидери Абдул Азиз эки видео билдирүү таратты. 18-октябрда жарыяланган “ХАМАСтын жөөттөргө каршы чабуулу жөнүндө” деп аталган биринчи кайрылуусунда ал ХАМАСтын чабуулун стратегиялык жактан мыкты даярдалган жана тактикалык жактан туура деп баалады жана көптөн бери келе жаткан Палестина жаңжалы келечекте оң чечилет деп билдирди.

Ал ХАМАСтын чабуулу менен 1955-жылы АКШга жана анын түштүк вьетнамдык союздаштарына каршы Вьетконгдордун партизандык каршылыгынын ортосундагы окшоштуктарды белгиледи. Ал Вьетнамдын чабуулдары акыр аягында АКШда согушка каршы катуу нааразылык акцияларына, Ричард Никсондун президенттиктен кетишине жана 1975-жылы АКШнын Вьетнамдан маскара болуп чыгып кетишине алып келди деп билдирди.

Анын айтымында, Израилдин палестиндерди түп-тамырынан бери жок кылуу жана пайгамбардын биринчи кыбыласы болгон ыйык Кудс (Иерусалим) жерлерин басып алуу пландарына бүткүл дүйнө күбө болуп жаткандыктан, Вьетконгдордой болуп, ХАМАСтын да стратегиялык максаты да сөзсүз ишке ашат. Абдул Азиздин ишениминде, ХАМАСтын мыкты ойлонулган чабуулунан кийин Израил ал-Акса мечитин тартып ала албайт, анткени дүйнө жүзүндөгү можахеддер жөөттөргө каршы бирикти.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

КТЖ эмиринин экинчи видео кайрылуусу “Биз Палестинага кантип жардам бере алабыз” деп аталат. Анда ал дүйнө жүзүндөгү мусулмандар регионалдык, улуттук, өкмөттүк жана диний бөлүнүүлөрдү жеңип, глобалдык Ислам Халифатынын желеги астында биригип, “сионист-крест жортуулдарына” каршы биргелешип күрөшүү керек деген ишенимди баса белгилейт. Ал мусулмандарды ар кандай жолдор менен, анын ичинде даават кылуу, дуба кылуу, каржылык жардам, ыйык жихадга активдүү катышуу аркылуу, атүгүл өз жанын курман кылуу менен Палестина маселесине салым кошууга үндөйт. Абдул Азиз андан ары жөөттөр менен болгон кагылышуу Израил-Палестинанын чегинен тышкары глобалдык масштабга жайылганын белгилеп, дүйнөнү жөөттөрдөн арылтуу керек деген терең антисемиттик зарылчылыкты баса белгиледи.

Бирок ал белгилегендей, анын КТЖ согушкерлери ыйык жихад үчүн Кудска бара алышпайт, анткени алардын милдети ыйык Шамды (Сирия) коргоо. Палестиналык ислам аалымы жана Аль-Каиданын идеологу Абдулла Аззамды мисал келтирип, андан эмне үчүн өз мекенинде жихадка чыкпай, Хорасанга көчүп кеткенин сурашканда, ал ооган жихады Палестинанын боштондукка чыгуусуна салым кошоорун айткан деп билдирди. Ошол сыяктуу эле, Абдул Азиз КТЖнын Сириядагы жихады акыры Кудусту бошотууга салым кошот деп ишенет.

КТЖ эмиринин артынан топтун имамы жана Борбор Азиядагы суннит жихадизминин көрүнүктүү идеологу Ахлуддин Навкотий Палестина боюнча бир нече видео кайрылуу жасап, дүйнө жүзүндөгү можахеддерди Бейт аль-Макдисти (Иерусалимдин башка аталышы) азат кылуу максатында өмүрлөрүн Алланын ыраазычылыгы үчүн курман кылууга үндөдү. Ал бул Палестина менен Израилдин ортосундагы кадимки кагылышуу эмес, Ислам менен америкалык-сионисттик союздаштар ортосундагы чыныгы согуш экенин баса белгиледи. Анын айтымында бул күрөштүн жыйынтыгы бардык мусулмандардын тагдырын аныктайт. Ошентип ал топтун жактоочуларын сионизмге каршы глобалдык жихадга активдүү катышууга чакырды.

Өзбек согушкерлеринин батальону Израилдин ХАМАСка каршы “жамааттык жазалоосунан” улам пайда болгон глобалдык салафи-жихаддык кыймылында үстөмдүк кылган жөөттөргө каршы кастык маанайды пайдалангысы келип жатканын КТЖнын Палестина боюнча билдирүүлөрүнөн көрүүгө болот. Түпкүлүгүндө, “Аль-Каиданын” да, ХТСтин да ишенимдүү өнөктөшү болгон КТЖ Израил-ХАМАС жаңжалы берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнүн жалдоо аракеттерин өркүндөтүүнү жана Борбор Азиядагы жихадчылардын бытыранды топторун ыйык ал-Кудс жерин коргоонун жалпы ишинин астында бириктирүүнү көздөйт. Ал эми аталган уюм өзү бул күрөшкө жигердүү катышпашы деле мүмкүн.

"Аль-Каидага" ант берген өзбек жихадчылары

Сүрөттүн булагы, MODERNDIPLOMACY.EU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Аль-Каидага" ант берген өзбек жихадчылары

Ислам Мамлекети-Хорасан (ИМХ) өзбек канатынын пропагандасы: Израилге зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакыруу

Ал ортодо “Ислам мамлекетинин” Борбор Азиядагы бутагы болгон ИМХнын Өзбек канаты “Аль-Азаим медиа фонду” аркылуу Израил-ХАМАС жаңжалын зордук-зомбулук жана диндер аралык кастыкты жайылтуу үчүн пайдаланууну максат кылууда. Айрыкча, конфликттин алгачкы күндөрүнөн баштап жигердүү чыгып жаткан ИМХнын өзбек бөлүмү өзүнүн “Хуросон Лашкари” (Хорасан жоокери) жана “Хуросон Овози” (Хорасан үнү) Telegram каналдары аркылуу Израил-ХАМАС согушу боюнча көптөгөн видео, аудио жана тексттик билдирүүлөрдү таратты. Бул билдирүүлөрүндө ал колдоочуларын жөөттөргө каршы бүткүл дүйнөлүк чабуулдарды жасоого үндөп, өзгөчө Түндүк Америка менен Европаны бутага алууга чакырды.

Алгач, “Xuroson Ovozi” ИМ-Борбордук башкармалыгынын “Жөөттөр менен күрөшүү боюнча практикалык кадамдар” аттуу аль-Наба гезитинен алынган нускамасын (№413 саны) өзбек тилинде кайра басып чыгарды. Нускама топтун Израил-ХАМАС жаңжалы боюнча үгүтчүлөрү үчүн идеологиялык жол көрсөткүч катары кызмат кылат. Кийинчерээк, ИМдин негизги лидерлеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык, өзбек жана тажик үгүтчүлөрү жөөттөргө жана алардын “эки жүздүү каапыр” союздаштарына кол салууга үндөшкөн.

“Ислам мамлекетинин” экстремисттик идеологиясынын жалынынан от алган ИМХдын өзбек канаты Израилге каршы зордук-зомбулукту жана кастыкты пропагандалоодо жихадчыл социалдык медиа платформаларында материалдарды жигердүү жайылтып өзүнүн идеологиялык дымагынан да ашып түштү. Белгилүү өзбек жихадчы акын Асадуллох Урганчийдин чыгармаларынын негизинде ИМдин өзбек батальону палестиналык балдардын жана аялдардын трагедиялуу өлүмүнө жооп катары израилдик балдар менен аялдардын өлтүрүлүшүн жактаган нашид (жихад ыры) чыгарды.

Каржылык пайда үчүн колдонуу

Ноябрь ичи Израил-ХАМАС жаңжалы уланып жатканда, Ооганстандагы жана Сириядагы борборазиялык салафи-жихаддык топтор андан каржылык жана идеологиялык пайда табууга, ошондой эле жаңы мүчөлөрдү тартууга катуу аракет кылышты. Бул согуштун фонунда ИМХ Борбор Азиядагы жана Орусиядагы колдоочуларына өзбек тилинде кайрылуу жасап, өз эсептерине криптовалюта которуу аркылуу каржылык колдоо көрсөтүүгө чакырды. ИМге жан тарткандар чындап эле электрондук каражаттар аркылуу аз өлчөмдө болсо да садака беришерин аналитикалык изилдөөлөр көрсөтүп турат.

Кызыгы, Сириядагы тажик КТЖ согушкерлери да Орусиядагы борбор азиялык мигранттарга кайрылуу жасап, аларды палестиналык мусулмандарды колдоо максатында Газа үчүн криптовалюталык каражаттарды чогултууга үндөшкөн. Бирок, ислам экстремизми боюнча айрым эксперттер КТЖ менен ХАМАСтын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экенинен күмөн санашат.

Жихадчылардын амалы: Террористтерден Исламды коргоочуларга айлануу

Чынында эле, учурдагы окуялар Борбор Азиядагы террористтик топторду кайраттандырды. Алар радикалдуу идеологиялык амалкөйлүк менен өздөрүн ислам дининин жана мусулман Үммөтүнүн коргоочулары катары көрсөтүп, өз тарапкерлерин аракетке өтүүгө тукуруп жатышат. Алар Борбор Азиядагы динчилдердин көз алдында өздөрүн тайманбас жихадчылар катары көрсөтүп, мусулман өкмөттөрүн Палестинаны жетиштүү колдобой жатат деген жүйөө менен тагут (бутка сыйынуучу) башкаруучулар деп айыптап алууга мүмкүнчүлүк алышты.

КТЖ жана Катиба аль-Гурабанын (КГ) өзбек жихадчы үгүтчүлөрү Сауд Арабиясын, Түркияны, Пакистанды жана Борбор Азиянын беш өлкөсүн исламдын, ыйык Бейт аль-Макдис жеринин жана ал-Акса мечитинин кызыкчылыктарына чыккынчылык кылып жатат деп айыпташты. Алардын медиа платформаларында аталган мусулман өкмөттөрү америкалык-сионисттик башкаруучулар тарабынан манипуляцияланган Батыш державаларынын куурчактары катары көрсөтүлөт. Алар Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) жана араб өлкөлөрүнүн Палестина боюнча соңку конференциясын куру сөз деп четке кагып, Израил ал талкууларга көңүл да бурбайт деди.

КТЖны колдогон Telegram’дагы пропаганда каналдары, тагыраак айтканда “Тавхид Хабарлари”, “Ислам Жолу” жана “Шом минбари” Кыргызстандын Азирети муфтийинин Палестинада жихадга катышуу шариятка туура келбейт деп тыюу салган фатвасын сынга алышты. Алар ошондой эле өзбек жана кыргыз бийликтеринин Палестинаны колдогон митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу чечимин исламга каршы жана сионизмди жактоо деп шылдыңдашкан (чындыгында эки өлкөнүн бийликтери чакан демонстрацияларды өткөрүүгө уруксат беришкен).

ХАМАСтын 7-октябрдагы чабуулунан кийин Борбор Азиянын интернет айдыңы Израилге каршы зордук-зомбулукка үгүттөгөн жана палестиндерди колдогон өзбек, кыргыз, орус жана тажик тилдериндеги жаңы үгүт каналдары жана топтук чаттар көбөйгөнүнө күбө болду. Бул Telegram каналдарынын, мисалы, "Сыймыктуу Аль-Акса", "Эркин Аль-Кудс" жана "Биз баарыбыз Абу Убайдабыз" (ХАМАСтын аскердик канатынын Изз ад-Дин аль-Кассам бригадасынын басма сөз катчысына шилтеме катары жазылган) деген аталыштары алардын позициясын даана көрсөтөт. Демек, Борбор Азиялык террордук топтор өздөрүн исламдын коргоочулары катары көргөзүшөт жана ошону зордук-зомбулук аракеттерин мыйзамдаштыруу үчүн колдонушат – мындай түшүнүк динге ишенген карапайым адамдардын арасында тараган.

Кээ бир өлкөлөрдүн ХАМАСты террористтик уюм катары тааныбаганы Борбор Азиядагы жихадчыларга зордук-зомбулукту жана конфессиялар аралык кастыкты жайылтууга оңтойлуу болду. Бул абалдан пайдаланып, жихадчылар Борбор Азия менен Батыштын өкмөттөрүн аларды чет элдик террордук уюмдар (ЧТУ) деп атаганын сынга алышып, өздөрүн ХАМАСтай эле исламды коргоочулар деп ырасташкан.

ХАМАС: Чоочун жихад

Кызыгы, “ИМ” жана “Аль-Каида” менен байланышы бар Борбор Азиядагы салафи-жихаддык топтор Израил-Палестина чатагынан пайдаланып, өз тарапкерлерин исламды коргоого чакырып жатканы менен, ХАМАСты сунниттик жихадчылардын кыймылы катары даңазалоодон карманышууда. Чынында, алар палестинанын интифадасын өз максаттарына "чоочун" деп карап, Батыш жээк менен Газада эч качан жихадга катышкан эмес.

Палестина маселеси алгач 2005-жылы Өзбекстан Ислам Кыймылынын (ӨИК) негиздөөчүсү Тахир Юлдаш тарабынан көтөрүлгөн. Сыягы, ага жихадчы устаты, Аль-Каиданын лидери Усама бен Ладендин анты таасир эткен сыяктуу. Ал 11-сентябрдагы чабуулдардын алдында “капырлардын бардык аскерлерин Мухаммеддин жеринен кууп чыгабыз” деп коркуткан. Ошого карабастан, ӨИК ХАМАС менен эч качан байланышта болгон эмес, анткени алардын глобалдык халифатка карата көз караштары кескин айырмаланат. ӨИК трансулуттук максаттарды көздөсө, ХАМАС тар, улутчул идеологияны карманат.

Борбор Азиядагы жихадчылар менен ХАМАСтын ортосун бөлүп турган дагы бир фактор бул анын шиит Иран жана ливандык Хезболла менен тыгыз байланышы. Өзбек радикал топтору Иранга жана анын шиит согушчандарынын ишенимдүү өкүлдөрүнө катуу кастык менен мамиле кылып, аларды мушрик жана адашуучулар деп эсептеп, рафида (кабыл албай койгондор) деп кемсинтишет. Мындан тышкары, КТЖ имамы Ахлуддин Навкотий жакында Газаны сионист-христиандар жана шиит рафидаларынан бошотууга чакырды. Көрүнүп тургандай, ал шииттер менен жөөттөрдү сунни мусулмандарынын элдешкис душмандары деп эсептейт.

Корутунду

“ИМ” жана “Аль-Каида” өздөрүн жападан жалгыз таасирдүү уюм катары көрсөтүүгө аракет кылып жатканын, ошондуктан экөө тең Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан пайда көргүсү келерин бул эки уюм менен байланышы бар Борбор Азиялык топтордун билдирүүлөрүн талдоо айгинеледи. Бирок, экөөнүн ортосундагы негизги айырмачылык алардын билдирүүлөрүндөгү айкын ырайымсыз тонунда жатат. ИМХнын өзбек жана тажик үгүтчүлөрү дүйнө жүзү боюнча жөөттөргө каршы катаал чабуулдарды жактаса, ал-Каида менен байланышы бар КТЖ жана КГ өздөрүн парадоксалдуу түрдө аль-Кудустун байыстуу коргоочулары катары көрсөтүшөт. “Аль-Каиданын” жактоочулары өз көз караштарын каймана түрдө билдирип, “аль-Аксанын дарбазалары жихадсыз ачылбайт” деп белгилешүүдө.

Аль-Аксаны бошотууга болгон жалындуу чакырыктарына карабастан, Борбор Азиялык исламчылар өздөрүнүн риторикасын Израилге каршы түз чабуулга айландыра алышпайт. Бирок алар постсоветтик мейкиндикте өздөрүнүн идеологиялык таасирин күчөтүү жана жаңы мүчөлөрдү тартуу үчүн Израил-ХАМАС жаңжалын пайдаланууга даяр экени көрүнүп турат. Аль-Кудс менен аль-Аксанын ислам дүйнөсү үчүн диний маанисин эске алганда, бул топтордун зордук-зомбулукка үндөөсү кээ бир жактоочулардын колдоосун таап, Батышта жеке кол салууларга алып келиши мүмкүн экенин жокко чыгарууга болбойт.

Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азиялык топтор жихаддык аракеттердин дүйнөлүк театрында өз алдынча роль ойной электигин белгилеп кетүү зарыл. Алардын операциялары ырааттуу түрдө Аль-Каиданын, ИМдин жана ХТСтин колдоосу астында жүргүзүлүп келген. Учурдагы Израил-ХАМАС жаңжалында бул топтордун багыты алардын негизги уюмдарынын чечимдери менен гана аныкталат.