"Аткылап жатканын көрдүм". Crocus City Hall кандуу окуянын күбөлөрү эмне дейт?
Анастасия Платонова, Сергей Горяшко
Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жума күнү кечинде автоматчан белгисиз кишилер "Крокус Сити Холлго" кирип келип, туш келди аткылай баштаган. Москвадагы бул имарат 6200 кишини бата турган ири концерттик жайлардын бири. Ошол учурда "Пикник" тобу коё турган концертке баардык билеттер сатылып, миңдеген киши чогулган. Расмий маалыматка караганда, кеминде 60 киши өлүп, 146 киши жабыркады.
Би-Би-Си окуяга күбө болуп, залдан качып чыгууга үлгүргөн айрым кишилер менен байланышып, кандуу окуянын чоо-жайын сурады.
"Крокус" борборуна концерт башталарына аз калганда, саат сегиздер чамасында чабуул коюшкан. Көрүүчүлөрдүн көбү залга чогулган. Софико Квирикашвили жубайы менен концерт көргөнү келиптир.
"Биз 6-катардагы вип партерде олтурганбыз. Экранда жакында боло турган концерттердин афишасын көрсөтүп, кайсы бир музыка жаңырып жаткан. Концерт башталаарын кабарлаган экинчи коңгуроо кагылып, залдын жарымынан көбү толуп калган эле",- деди Софико.
"Биз өйдө жагындагы балконодо элек. Концерт башталаарына он мүнөт калган. Залдын дээрлик 70% толуп, көп киши чогулуп калган эле",- дейт аткылоонун күбөсү болгон фотограф Дейв Примов.
"Концерт башталарына беш мүнөт калган. Биз тобубуз менен көшөгөнүн артына барып туралы деп камынып жатканбыз. Мен Көшөгөнүн аркасындагы боёно турган бөлмөдө элем",- дейт бий тобунун жетекчисинин жардамчысы Ева.. Ал дагы "Крокус-сити холлдо" саат сегизде баштала турган концертке катышмак.
Залда олтургандар фойеге белгисиз кишилер кантип кирип келгенин жана аткылай баштагынан көрүшкөн эмес, ал тургай эмне болуп жатканын да аңдай албай калышкан.

Сүрөттүн булагы, Москва облусунун губернаторунун басма сөз кызматы жарыялаган сүрөт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Эмне болгон аткылоо экенин түшүнө албай жаттык. Бул тарсылдагы тыйылбаган кандайдыр бир фейерверкпи, мүмкүн кандайдыр бир куру дүрмөттөрбү деп да ойлодум. Залды айланта бир карадым, эки карадым. Үчүнчү ирет караганымда гана эмне болуп жатканын түшүндүм. Залдагылардын баары дүрбөп кача баштады",- деп эскерди Софико Квирикашвили.
"Салюттун ундөрүн угуп жаткандай болдум. Мага ушундай угулду. Мени менен чогуу ошол жерде болгон досум дагы "Бул эмне салютпу?" деп сурап калды. Ошондон кийин гана залдын ылдый жагында, сценага жакын тарабында эл сүрмө топ болуп, паравоздой кетип бара жатышканын көрдүм. Бул эмнеси деп түшүнө албай жаттым",- деди Дэйв Примов.
"Кинодо иштеген киши катары мен аткылоонун добушунан корккон жокмун. Биринчи эмне болуп жатканын такыр түшунө албай койдум. Биз боёнучу бөлмөдө элек. Ызы-чууну, коридордо дубүрттөп чуркагандарды уктук. Күрмөбүздү ала коюп эле топураган бойдон көчөгө качып чыктык",- деди Ева.
Софико күйөсү менен партерде олтурган экен. Залдан сахна тарап аркылуу чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.
"Мени олтургузуп, биринчи айткан сөзу эле сен кач, мен сени кууп жетем",- деди күйөм. Биз качкан жокпуз, Адгенде акырын сахна тарапка чыктык. Андан кийин кызматтык эшик аркылуу көчөгө чыктык. Көпчүлүктүн арасынан бирөө маньяк аткылап жатат деп кыйкырып калды. Имараттын коопсуздук кызматы "сахнаны көздөй качкыла" деп рация аркылуу кабарлады. Биз менен кошо аябай көп киши качты. Бирок бул сүрмө топ кишилер ал кезде ызы-чууга алдыра элек болчу. Мен сыртка чыгып күйөмдү күттүм. Ал келгенде машинени көздөй чуркадык",- деди окуяны өз көзү менен көргөн Софико.
Ева дагы күзөт кызмат тез эле баардык чыга турган жолдорду ача салышканын айтты. "Күзөт кызматы ызы-чууга алдырбагыла, деп баарын иш билигилк менен жөнгө салып турду. Мен сүрмө топ менен кошо эле сүрүлүп чыгып калдым",- деп эскерди ал. Анын сөзүнө караганда, жоон топ киши концерттик залдан ага жанаша турган соода борбору аркылуу качып чыгышкан.
Залдын өйдө жагында олтургандар жана партер менен сцена аркылуу качып чыгууга үлгүрбөй калгандар башка жол менен качышкан. "Салюттукундай тарсылдак күчөп, жакындай берди. Залда ошондо чоң ызы-чуу, чуру-чуу түшүп калды. Кишилер туш келди качып, бири-бирине уруна баштады. Эч кандай эвакуациялоо болгон жок",- деди Дейв Привов.
Бул учурда аткылоо залда жетип, сценанын сол тарабында болуп жаткан. Дэйв Привов чабуул койгондордун залга киргенин көргөн. Фотограф досу менен сцендан алыс балкондо болгон. "Алар кочкул түстөгү кийимчен же кочкул түстогү жеңи жок кийимчен эле",- деп сүрөттөдү Привов.
"Топураган кишелерди көздөй ок атышты. Алар эшик тарабынан залга кирип, сценаны көздөй партер жактан элди залдын ортосун көздөй сүрүп жөнөдү. Элдин арасын аралап өтүп жаткан окту көрдүм",- деди фотограф.
"Баары боортоктоп жерге жата башташты. Биз баскылыкта эле бири-бирибизге эле баса жаттык. Алдыны көздөй жылуу үчүн биз баш-көз боло баштадык. Ошол эле учурда автомат менен кайсы каалгадан болбосун кирип келерин түшүнүп жаттык. Ошондуктан жогору тарапта кайсы жерден чыгууга мүмкүн болсо ошол жакты көздөй жылдык. Акырын, боортоктоп, олтура калып басып олтуруп залдан чыктык. Ошентип имараттан качып чыктык",- деди Примов.
Кандуу окуянын кыскача чоо-жайы
- 22-марттын кечинде, кечки саат сегиздер чамасында "Крокус Сити Холл" деп аталган концерттик жайда эл топтолгон учурда камфуляжчан бир нече киши ок атып кирген.
- Кеминде 60 киши каза болуп, Орусиянын Өзчөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлоосуна караганда, 115 киши ооруканаларда жатат.
- Кол салууну өздөрүн "Исалам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топ уюштурганын билдирди. Орусиялык айрым бир саясатчылар Украинанын ыктыма тиешеси бар деп жатат. Киев мындай пикирди кескин четке какты.
- Ак үй Киевдин тиешеси бар дегенге эч кандай илинчек жоктугун билдирди
- Орусияынын Тергөө комитети теракт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.












