Москвадагы теракт: Россия соту төрт адамга күнөө койду
- Author, Грэм Бейкер
- Role, BBC News
Россия Москвадагы концерттик залган террордук кол салып, кеминде 137 адамды өлтүрдү деген шек менен кармалган төрт адамга күнөө такты.
Үчөөн көздөрүн таңып Москва сотуна алып келишти, ал эми төртүнчүсү майыптар арабасы менен келди. Алардын баардыгына террордук кара ниет иш кылды деген күнөө коюлду.
Россиянын расмий бийликтери кандайдыр бир далили жок туруп эле бул окуяга Украинанын катышы бар деп билдирүүдө. Киев бул айыптоону "акылга сыйбайт" деп жооп берди.Кармалган төрт шектүү адамдын аты-жөнү жарыяланды: Далерджон Мирзоев, Саидакрами Муродали Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Видеодо үч шектүү адамды көздөрүн таңып беткап кийген полиция кызматкерлери баш калаанын Басман райондук сотуна алып баратканы көрүнөт. Баары жарадар өңдүү.
Мирзоев менен Рачабализовдун көздөрү карайып калган, бирөөсүнүн кулагы катуу таңылган - айрым кабарларда кармап жатканда анын кулагын кескилешкен деп айтылууда.
Мирзоевдун мойнуна айрылган политэтилен баштыгы оролгон.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Фаридунинин бети аябай шишиген, ал эми Файзовду сотко майыптар арабасы менен алып келишти. Ал оорукананын кийиминде жана көзү көрбөй калган сыяктуу.
Алардын баарын сот жүрүп жатканда айнек камерада кармап, беткап кийген полиция кызматкерлери кайтарып турушту.Соттун билдирүүсүндө Мирзоев Тажикстандын жараны экени жана ал "күнөөсүн бүт моюнга алды" деп айтылат.
Рачабализода дагы "күнөөсүн мойнуна алды" деп кабарланды. Бул төртөө 22-майга чейин камакта болот деп жарыялады сот.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Бул адамдар жума күнү кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлго" төрт куралчан адам кирип барып, рок-концертке келген 6000 чамал көрүүчүгө жаадырып ок аткан окуядан кийин кармалды. Кол салгандар өрт чыгарып, имараттын ичи-сыртын каптап, чатыры кыйрап түштү.
Россиянын бийликтери террордук кол салуудан 137 адам курман болуп, 100 дөн ашык адам жарадар болгонун билдирди.
"ИМ" (Кыргызстанда жана Россияда тыюу салынган) бир нече саат бою кол салуу жөнүндө кабарлап, аны аткарган "Ислам мамлекети-Корасан аймагы" (ИМКА) экенин билдирди.
Андан соң алар кол салгандар концерттик залдагы көрүүчүлөргө кандай ок атышканы тартылган видеону көрсөтүштү. Би-Би-Си текшерип, видеонун чындыгын ырастады.
Бирок бир дагы россиялык расмий өкүл бул билдирүүнү айткан жок, анын ордуна эч далилсиз эле кол салгандарга Украина жардам берген, алар чек араны кесип өтөрдө Брянск областынан кармалды деген божомолду согууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул айыптоолорду жекшембиде четке какты, ал эми анын аскер чалгын башкармалыгы жүз миңдеген орус аскери кайтарган, минага шыкалган чек арадан өтүп кетмекчи болгону "акылга сыйбайт" деп билдирди.
Россияда терактка жардамдашкан деген шек менен дагы жети адам камакка алынды.
Россияга кастарын тиккен жихадчылар
Ушул айдын башында АКШ Россияда чоң террордук чабуул боллушу мүмкүн деп Москваны эскерткен, андан кийин өзүнүн жарандарына да атайын кабар тараткан.
Кремль муну пропаганда жана президенттик шайлоого кийлигишүү аракети катары четке каккан.Кол салуу болгондон кийин Вашингтон "ИМ" жихадчыларынын билдирүүсүнөн шектенүүгө негиз жок билдирди.
"ИМ" же анын союздаштары Россияга же анын чет өлкөдөгү кызыкчылыктарына кол салган бул биринчи учур эмес.
2015-жылы Египетте Синай чөлүнүн үстүндө россиялык учак жардырылган. Анын бортунда 224 адам бар эле. Алардын көбү Россиянын жарандары болчу.
Ошондо бул чабуулга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" алган. Окуядан кийин жардыргыч заттын сүрөтүн жарыялаган.
2017-жылы Санкт-Петербургдагы 15 адамдын өмүрүн алган метродогу жардыруу дагы радикал исламчылардын жасаган иши болгон.
Жихад ураанын чакырган согушкерлер ондогон жылдар бою Түндүк Кавказда орус армиясына каршы согушуп келди.
Коопсуздук боюнча аналитиктер бир топ себептерге байланыштуу, анын ичинде Сириядагы жихадчылардын уюгун талкалоодогу ролу, 1994-2009-жылдардагы Чеченстандагы мусулмандар менен болгон эки оор согушту жана Афганистанга советтик аскерлердин киргенин эске алып, Россияны террордук бутада экенин айтышууда.
Москвадагы террордук чабуулдун жоопкерчилигин алган "Ислам мамлекети, Корасан аймагы" (ИМКА). Бул Ирандын, Түркмөнстандын жана Афганистандын айрым бөлүктөрүн камтыган аймактын эски аты.
Терроризм боюнча эксперттердин айтымында, ИМКА өзүнүн пропагандасында Путинди көп сынга алат.
"Ислам мамлекети, Корасан аймагы" дегенди түшүндүргөн ИМКА (англ. Isis-K) - бул "Ислам мамлекети" (ИМ) тобунун Афганистан жана Пакистанда аракеттенген аймактык бөлүгү.
Бул Афганистандандагы куралдуу жихадчылардын эң катаал жана мыкаачы тобу.
Ал 2015-ж. январь айында өзүн Иракта жана Сирияда халифат атаган, кийин АКШ баштаган коалициялык күчтөр талкалап жок кылган "Ислам мамлекети" тобунун таасири күчөп турган маалда түптөлгөн.
ИМКА өз катарын Афганистан жана Пакистандан чыккан, өзгөчө Талибанды жетиштүү катаал эмес деп эсептеп, анын катарынан чыгып кеткен жоокерлер менен толуктап келет. (КС)









