Ок мөндүр жана кан-тополоң: Москвадагы кандуу булоонго айланган концерт
- Author, Пол Кирби
- Role, Би-Би-Си Жаңылыктар кызматы
Жума күнү «Крокус Сити Холлдун» залына эл толуп, «Пикник» рок-тобунун концерти башталар алдында саат сегиз болуп калган эле.
«Кээ бир адамдар күрөң кийим менен келишти, мен алар террорчуларбы, аскерби, билген жокмун. Залга жулунуп кирип келишти дагы автоматтан отурган элге ок жаадыра баштады»,-дейт окуяга балкондон карап турган фотосүрөтчү Дэйф Примов.
Бандиттер театрдын алдындагы вестибюлдан өткөндө эле туш келди ок чыгарып, көрүүчүлөрдү сулата жыгып өлтүрүп же жарадар кылып жатышты.
Концертке 6200 билет сатылган, ал эми кире бериште күзөтчүлөр бат эле көрүнбөй калды. Кайтаруучу төрт адамдын бирөө кесиптештери жарнама тактанын ар жагына жашынып калганын айтты: "Кол салгандар бизден он метр аралыкта өттү - биринчи кабаттагы адамдарга туш келди чайкап ок ата башташты".
Канча адам кол салганын эч ким билген жок. Биринчи кабаттан тартылган видеодо төрт эркек адам бири-биринен бир метр аралыкта мрамор плитка төшөлгөн полдо баратканы көрүнөт.
Алардын башчысы терезде топтолгон адамдарга куралын мээледи. Алар көп жылдардан бери бейпил элге эң мыкаачылык менен болгон кол салуунун биринчи курмандыктары болуп калды.
Өлгөндөр менен жарадарлардын көбү Красногорск, Химки сыяктуу Москванын түндүк-батышындагы шаарлардын тургундары эле.
Аңгыча биринчи бандитке экинчи бирөө келип кошулду, а үчүнчүсү рюкзак асынып аларга унчукпай карап турат. Төртүнчү террорист ага өзүнүн куралын берип, баары металлдетектор аркылуу өтүп, залга киришти.
11 жаштагы кызын ээрчиткен бир аял кире бериштеги кафеден балмуздак алып жаткан учурда бирөө "жаткыла" деп кыйкырып жиберди.
"Биз балдарга жетип барып, аларды кошо алып жата калдык жана стол, стулдардан баррикада куруп баштадык, Ошондо бизге жарадар болгон бир нече адам келип кошулду»,-деди ал Би-Би-Си орус кызматына.
Театрдагы концерт бир нече мүнөттөн кийин башталмак, ошондуктан кээ бир көрүүчүлөр бул концерттин башталышындагы шоу деп дагы ойлоп жиберишти.
Софико Квирикашвилиге адегенде «бирөөлөр тарсылдатып петарда атып жаткандай" көрүндү. «Мен залды бир карадым, дагы бир карадым. Үчүнчү жолу караганда залда бүт баары туш-тушка качып баратканын көрдүм».
Фотограф Дэйв Примов тополоң-тоз, кымгуут болуп кеткенин айтты. Кээ бирөөлөр театрда орундуктардын ортосуна жашынып жатып калды, бирок бул аларды коргоп калган жок, согушкерлер партерди көздөй ок жаадырды.
Көрүүчүлөрдүн бир даары сахнага агылды. Башкалары жогору жактан жол издешти, бирок кээ бир эшиктер жабык болуп чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, кары-картаң адамдар да бар эле, алар баары кол салуунун курмандыгы болуп калды.
Бир аял үстү жакты айланып барып сахнага жакын келип, ал жактан бир адамдын партердеги отургандарга ок атып атканын көргөн: «Биз далдаа жерге ашынып калдык, ошондо «Крокустун» бир кызматкери качкыла деди, биз парковкага сырткы кийимдерибиз жок качып чыктык».

Сүрөттүн булагы, AFP
Маргарита Бунова спектаклд көргөнү эптеп турнабай табары менен эле тарсылдаган үндөрдү угуп петарда атып жатышат деп ойлоптур. Тарсылдаган үндөр токтобой чыга баштаганда гана күйөөсү экөө атышуу болуп жатканын түшүнгөн.
«Бирөө айтты "ылдый качкыла" деп. Бир маалда капкараңгы болуп калды... Биз сыртка чыкканда дагы автоматтын үндөрү басылбай турду».
VIP-ложадагы бир эркек адам өзү жана башкалар баррикада жасап алышканын, театрдын ичин түтүн каптаганын айтты.
Виталий аттуу башка күбө кол салууну балкондон туруп көргөнүн билдирди. «Жардыргыч бөтөлкөдөн бир нечени ыргытышты, баары күйүп баштады".
Өрт жалындап бат эле имаратты ичи-сыртын каптады.
Ок атуулар уланып жаткандыктан өт өчүргүчтөр имаратка жакындай албай турушту. Өрт бат эле чатырга чаап келип, Красногорскинин бүт горизонтунан көрүнүп турду. Чатырдын бир жагы кулап түшүп, өрт соймоңдоп имараттын маңдай жагына өтүп, жогорку эки кабатты мойсоп түштү.
Залда калгандардын көбү фойе аркылуу качып чыгышты. Графикалык бир видеодо адамдар эскалатордон диванда сулап жаткан эки адамдын денесинин жанындагы эскалатордон түшүп баратканын көрүүгө болот.
Дагы бир видеодо адамдар октун тарсылдаган үнү астында качып баратканы көрүнөт. Алар имараттын коопсузураак болгон арт жагына өтө качышты, кээ бири үймөлөктөшүп, башкалары бири-бирин жөлөп коридордон өтүп баратышат.

Сүрөттүн булагы, VASILY PRUDNIKOV/EPA-EFE/REX/Shutterstock
Телевизордун мониторунан саамга сахнадагы чаң-тополоң көзгө урунат. Имараттын ичинде эч бир жерде полиция менен спецназдын карааны жок.
Аман калгандар тепкич менен көтөрүлүп «Крокус Сити Холлдун» соода эшигине жетишти. Бир эркек киши кусуп баштады, калгандары жакындарына телефон чалып кетип баратышат.
Кол салгандар көрүүчүлөр залына киргенде бийчилер тобунун ассистенти Ева көшөгө артында болчу. «Биз кийим чечкен залда болчубуз, биздин жаныбыздан топураган адамдар өттү. Коридордогу ызы-чуу менен ары-бери жүгүргөндөрдү көрүп, дароо пальтобузду алып башкаларга кошулуп качып чыктык».
«Пикник» тобунун бардык катышуучулары адегенде аман-эсен деп айтылды, бирок кийин такталбаган маалыматтар боюнча музыканттардын биринин дайын дареги жок болуп жатты.
Каза тапкандардын саны 100 адамдан, ал эми жарадар болгондор 200 ашканда, кандуу булоондун масштабы жана кара ниет мүнөзү белгилүү болду. Курмандыктардын биринчи расмий тизмесине караганда, каза болгондордун эң улуусу 70 жашта болгон. Ошондой эле өлгөндөр менен жарадар болгондор арасында балдар да бар экен.

Сүрөттүн булагы, Ostorozhno Novosti via Reuters
Эки жүргүнчүсү бар ак түстөгү Renault автоунаасынын сүрөтүн россиялык күч түзүмдөрү менен байланыштагы социалдык тармактар чыгарды.
«Ислам мамлекети» жихадчылар тобу кыска билдирүүсүндө бул чабуулдун артында алар турганын жарыя кылды, бирок кайсы жактагы күчтөрү экенин айткан жок. Бул «ИМ» Россияга террордук чабуул коюшу мүмкүн деп америкалык чалгын кызматынын билдирүүсүнөн кийин болуп жаткан окуя.
Эки апта мурда эле АКШ Москвадагы «адамдар көп чогулган» жерлерде потенциалдуу кол салуулар болгон жатат деп эскерткен болчу. Россиянын расмий адамдары конкреттүү чалгын маалыматтары жетишпейт деп кенебей коюшкан.
Украина болсо өзүнүн чабуулдары согуш талаасында гана болуп жатат деп бул террорчулукка эч тиешеси жок экенин айтты.
Бирок Россиянын коопсуздук кызматы кылмышкерлер Россиянын чек арасынан өтүп, Украинага өтүп кетмекчи болушканын жана ал жакта тийиштүү байланыштары болгон деп билдирди. Бир нече адам кармалды, анын ичинде кол салууга катышкан төрт шектүү да бар деп кабарлады Федералдык коопсуздук кызматы.
Окуя болгон жерге ишембиде кайтып барган Маргарита Бунова менен анын күйөөсү Павел үйүнө кайтып барышары менен балдарын кучактаганын айтууда.
Ишембиде гана күндүзү Москвада президент россиялык коомчулукка кайрылып, бүт элге кайрат айтты.
Ал киши өлтүргүчтөрдү Дүйнөлүк экинчи согуштун убагындагы нацисттер менен салыштырып, Россиянын биримдигин эч ким буза албайт деп айтты. (МА)











