Активист Айбек Теңизбай 48 саатка камалганы кабарланды

Айбек Теңизбай, активист

Сүрөттүн булагы, Social media

Активист, саясий темалардагы подкасттын автору Айбек Теңизбай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкектеги башкармалыгына 48 саатка камалды. Бул маалыматты "Азаттык" радиосу анын адвокаты Жаныш Бараковго шилтеме кылып билдирди. Азырынча атайын кызмат активисттин кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Теңизбайга Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси (330-берене) боюнча айып коюлууда.

Активистти 11-декабрдын таңында Чүйдөгү Кой-Таш айылындагы үйүнөн белгисиз беш-алты адам күчкө салып, кармап кетишкени белгилүү болгон. Анын жакын тарапкери Максат Темирбаев окуя эртең мененки 08:00дөр чамасында болгонун Би-Би-Сиге айтып берген.

"Телефон, планшетин, керек болсо апасынын номерин бери тартып алышып, Айбектин өзүн алып кетишкен. Андан бери аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Өз булактарыбыздан тактадык, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгына алып кетишти деп уктук",— деген Темирбаев.

Би-Би-Си Айбек Теңизбайдын апасы Анаркүл Касымалиева менен да байланышып окуянын чоо-жайын сураган болчу.

"Биз эртең менен жаңы эле туруп жатканбыз, кирип келишти. Өздөрүн тааныштырышкан жок. Анан үйдүн баарын аңтарышты, документтерди карады, телефон, ноутбук болгон нерселердин баарын алып кетишти. Балам ишкерлик кылып эле жүргөн, эмнеге кармашты, кармоого себеби жок эле",-деди активисттин апасы.

Анын 48 саатка камалганы тууралуу маалымат кечке маал чыкты. Ага чейин Би-Би-Си Айбек Теңизбайга жактоочулук кылып жаткан адвокат Бакыт Автандил менен байланышканда, ал активистти кармоого эмне себеп болушу мүмкүндүгүн билбей турганын айткан.

"Азыр биз УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын имаратынын алдында турабыз. Бирок азыркы учурга чейин эч кандай маалыматыбыз жок. Айбек Теңизбайдын экстремисттик мүнөздөгү билдирүүлөрүн деле билбейбиз. Болгону сын гана айтчу. Олуттуу кылмыш койчудай айыпка себеп жок эле. Бизге белгисиз болуп жатат эмне маселе боюнча кармалганы", - деген эле юрист.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Айбек Теңизбайдын камалганы тууралуу маалыматты ырастай элек. Ички иштер министрлиги Би-Би-Сиге активистти кармап-камоого тиешеси жоктугун билдирди.

Айбек Теңизбай буга чейин да УКМКга чакыртылган.

Активист социалдык тармактардагы баракчаларына коомдук-саясий маселелерге байланыштуу пикирин ачык жазып жүргөнү менен белгилүү. Соңку постторунда ал Конституциялык соттун өлүм жазасына каршы соңку чечимин кубаттап, Бишкектени мурдагы мэри Нариман Түлеевдин борбор калаадагы курулушун сындаган.

"Бизде бардык чечимдер президентке же УКМКга байланганы үчүн башка мамлекеттик мекемелер өз алдынча чечим чыгара албай калды. Бир адам же эки киши бардыгын көзөмөлдөй албайт, убакыт да, ресурс да, билим да жетпейт", - деп жазган Теңизбай.

Мындан тышкары Айбек Теңизбай бир катар саясатчылар менен видеоподкасттарды уюштурганы менен белгилүү.