Адахан Мадумаров чуулгандуу 150 миң доллардын чоо-жайы боюнча комментарий берди

Мадумаров

Сүрөттүн булагы, Official

  • Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.

Бүгүн, 11-декабрда Фейсбуктагы "Чалкан Медиа" аттуу аккаунттан быйыл 22-ноябрда Адахан Мадумаровдун үйүн тинтүү маалында 150 миң доллар эсебинде акча табылганы тууралуу видео материал жарыяланды.

"Шайлоодон кийин өлкөдө массалык башаламандыкты уюштурууну каалаган топ аныкталып кармалган. Алардын арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер дагы бар. Чагым уюштуруу аркылуу өлкөдө башаламандык кылгысы келгендер арасында Адахан Мадумаров дагы суракка чакыртылган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМ кызматкерлери Адахан Мадумаровдун үйүн тинтүүгө алган... Тинтүү учурунда кара сумканын ичинде 150 миң доллары табылган", - деп айтылат белгисиз адамдар тарабынан таратылып жаткан бул видеодо.

Анын авторлору саясатчы өз үйүндө табылган ири суммадагы акчанын булагын көрсөтө албаганын айтышат.

Адахан Мадумаров Би-Би-Сиге кыска маек куруп, 150 миң доллар анын үй-бүлөсүнө тийиштүү экенин билдирди:

"Ортончу уулум батирин саткан, Мамлекеттик каттоо кызматындагы сатуу жана сатып алуу келишимдеринен бери турат. Булар эми спектакль ойнойт. Маалымат булагы өзүбүздүн колубузда, каалагандай таратабыз, андан кийин актанып жата бер деген саясат".

Саясатчы анын уулу өзүнө тийиштүү каражатты кайрый албай жатканын да билдирди:

"Менин балам заматта эртеси эле ИИМге "мага тиешелүү болгон акчаны тез кайтарып бергиле" деп арыз жазган. Ошол бойдон жатат ал арызы".

Би-Би-Си Адахан Мадумаровго байланыштуу бул видео жана 150 миң доллар тууралуу маалыматты тактоо максатында ИИМге кайрылды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Азыр тергөө иши жүрүп жатат, комментарий бере албайбыз", - дешти ИИМден.

22-ноябрда, парламенттик шайлоого дээрлик бир жума калганда Кыргызстанда чуулгандуу камоолор орун алган. Күч органдары "массалык башаламандык уюштурууну пландаган" деген негизде атайын операция жүргүзүп, ондон ашык адамды кармап, айрымдары сурактан кийин кайра бошотулган эле.

ИИМ тинтүү учурунда курал-жарактар жана 150 миң доллар табылганын да кабарлаган.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүктөн баштап, Бишкекте жана башка облустарда массалык нааразылыкты жаратып, өлкө боюнча бир катар митингдерди мерчемдешкен. Алардын мерчемдеринде Конституцияга каршы чакырыктар, ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарактарды жана пенитенциардык системанын мекемелерин басып алуу ыктымалдыгы болгон",— деп айтылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Анда баш-аягы 10 адамга "зомбулук, талкалоо, өрттөө менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү" айыбы коюлуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалгандардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов, саясатчы жана ишкер Урмат Барыктабасов, Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев бар.