АКШ Венесуэланын жээгинен мунай танкерин "колго түшүргөнүн" билдирди

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШ президенти Дональд Трамп америкалык бийлик Венесуэланын жээгинен "абдан чоң" мунай танкерин колго түшүргөнүн жарыялады. Анын айтымында, танкерди басып алууга "олуттуу себептер" болгон жана ал толук маалыматты кийинчерээк берерин убада кылды.
"Жаңылыктар жагынан алганда, бул кызыктуу күн болду. Сиздер билгендей, биз Венесуэланын жээгинен жаңы эле танкерди колго түшүрдүк. Чоң танкер, абдан чоң, буга чейин кармалгандардын эң ириси. Башка да окуялар болуп жатат, андыктан сиздер аны кийинчерээк көрөсүздөр жана бул тууралуу башка адамдар менен сүйлөшөсүздөр",— деди АКШ президенти Ак үйдө журналисттерге.
"Ал абдан олуттуу себеп менен колго түшүрүлдү",— деп кошумчалады Трамп бир аздан кийин, бирок чоо-жайын айткан жок.
Трамптын билдирүүсүнөн көп өтпөй, АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди социалдык тармактарда кошумча маалымат жарыялады. Ал танкер көп жылдар бою санкциялардын тизмесинде болгонун айтып, анткени ал "чет элдик террордук уюмдарды колдогон мыйзамсыз мунай ташуу тармагына катышкан" деп билдирди.
Ал ФБР, Ички коопсуздук министрлиги жана АКШнын Жээк коопсуздугу мекемеси Коргоо министрлигинин колдоосу менен "Венесуэладан жана Ирандан санкцияланган мунайды ташууда колдонулган мунай танкерин камакка алуу ордерин аткарышканын" билдирди.
Бонди Венесуэланын жээгинен кемени кармоо "коопсуз жана ийгиликтүү жүргүзүлгөнүн", ал эми "санкцияланган мунайды ташуу" боюнча иликтөө улана берерин кошумчалады. Ал ошондой эле операциянын кыскача видеосун жарыялады.
Венесуэла танкердин кармалышына жооп кылып, Дональд Трампты айыптаган билдирүү таратты. Анда "АКШ президентинин максаты дайыма венесуэлалык мунайды эч кандай компенсациясыз басып алуу болгон" деп баса белгиленген.
Ноябрь айынын аягында Дональд Трамптын Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган эле. Анда Мадуро АКШнын бийликтен кетүү боюнча чакырыгынан баш тартканы айтылган.
Дүйшөмбү күнү Трамп Politico басылмасына "Мадуронун күндөрү саналуу эле калды" деп билдирген жана АКШнын Венесуэлага кургактан басып кирүү мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.
Сентябрь айынан бери АКШ Кариб деңизинде баңгизат соодасына шектелген 20дан ашык кемеге сокку уруп, анын натыйжасында кеминде 87 адам каза болгон.












