Би-Би-Синин WhatsApp каналына кошулуңуз

WhatsApp

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сиз эми Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жаңылыктарын, талдоолорун жана эксклюзивдүү баяндарын түз эле чөнтөк телефонуңуздан окуп, көрө аласыз.

Би-Би-Синин дүйнө жүзүндөгү жана Кыргызстандагы кабарчылары даярдаган макалаларды, видеобаяндарды кыргыз тилинде жаңы ачылган WhatsApp каналыбызга жайгаштырып турабыз.

WhatsApp түйүнүндөгү 2023-жылдан тартып иштей баштаган мындай каналдар колдонуучуларга өздөрү кызыккан медиа уюмдардын жаңылыктары менен таанышып турууга мүмкүндүк берет.

Би-Би-Синин тил кызматтарынын WhatsApp каналдары жалпысынан 200дөн ашык өлкөдө 15 миллиондон ашык катталуучуга ээ болду.

Анда эмесе, Кыргызстан жана дүйнө тууралуу Би-Би-Синин такталган, бейтарап жаңылыктарын WhatsApp каналыбыздан биринчилерден болуп кантип окуса болорун түшүндүрүп берели.

  • Эгер сиз уюлдук телефонуңузду же WhatsApp'тын веб-версиясын колдонуп жатсаңыз, анда бул шилтемени басып, биздин WhatsApp каналыбызга катталыңыз.
  • Эгер сиз муну компьютериңизден окуп жатсаңыз, төмөндөгү QR кодду сканерлеңиз, ал сизди түз эле биздин каналга алып барат.
WhatsApp
  • Ошондой эле WhatsApp'тагы "Жаңыртуулар" өтмөгүнөн BBC News Кыргыз кызматы деп издесеңиз болот.

Эгер сиз iPhone колдонсоңуз, "Жаңыртуулар" (Обновления/Updates) баскычын экраныңыздын төмөнкү сол бурчунан таба аласыз. Эгерде телефонуңуз Android болсо, анда "Жаңыртуулар" баскычын экраныңыздын жогору жагынан тапсаңыз болот.

Биздин бардык билдирүүлөрүбүз ошол жерге чыгат. Ал кадимки "Чаттар" (Чаты/Chats) деген баскычтан бөлөк жерде жайгашкан.

Жаңылыктарды өткөрүп жибербөө үчүн каналдын жогору жагындагы коңгуроо баскычын басып, үнүн жандырып коюңуз. Каалаган убакта аны кайра үнсүз режимге койсоңуз болот. Каналга жазылууну да каалаган убакта токтото аласыз.

Биз чыгарган кабарларга быйтыкчаларды колдонуп, реакцияңызды билдирсеңиз болот. Ал эми сиз үчүн эң маанилүү жаңылыктарды WhatsApp'тагы жеке байланыштарыңызга жана башка группаларга оңой эле жөнөтө аласыз.

WhatsApp, Facebook жана Instagram социалдык платформаларынын ээси болгон Meta компаниясы каналда эч ким сиздин байланыш маалыматыңызды, сүрөтүңүздү, атыңызды же телефон номериңизди көрө албай турганын билдирет.

Купуялык тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: Би-Би-Синин WhatsApp каналдарынын жана жамааттарынын купуялык тууралуу эскертүүсү.