Мандат чырына байланыштуу аял талапкерлердин сотто арыздары каралды

Сүрөттүн булагы, Official
Талапкер Ыргал Кадыралиеванын №9 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арызын Ош шаарынын Административдик соту "мөөнөтү өтүп кетти" деген негизде кабыл алган жок.
Бул тууралуу маалыматтты Би-Би-Сиге Кадыралиева өзү ырастады.
"Сот мөөнөтү өтүп кеткен деп арызды кароодон баш тартты. Эми Жогорку Сотко кайрылам. Шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгына таасирин берген бир токтомду 2-декабрда, экинчисин 4-декабрда чыгарган. Бирок мага ал токтомдор 8-декабрда гана колума тийип жатпайбы. Ошол токтомдор чыкканда эки күндүн ичинде кайрылуу керек болчу деп жатышат", -деди талапкер.
Талапкер Ыргал Кадыралива №9 округунан шайлоого катышып, аял талапкерлердин ичинен алдыга чыгып, бирок жети шайлоо тилкесиндеги (№5039, №5548, №5040, №5054, №5577,№5041,№ 5050 )добуштар жокко чыгарылгандан кийин мандатка илинбей калган эле.
Талапкер БШК үстүнөн да Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылып, иши бүгүн-эртең каралары күтүлүүдө.
Бүгүн аталган сот дагы бир аял талапкер Жылдызкан Жолдошеванын мандат чырына байланыштуу маселени карап, доо арызын канаттандырган жок.
Жолдошева да бул чечим үстүнөн Жогорку Сотко кайрылганы жатат.
"Сот БШКнын 190-токтомун туура деп тапты, биздин аны жокко чыгаруу боюнча ташка тамга баскандай жүйөөлөрүбүз бар болчу", - деди Би-Би-Сиге талапкер өзү бул тууралуу.
Жолдошева №8 округунан шайлоого катышып, аял талапкерлердин ичинен алдыга чыгып, бирок эки шайлоо тилкесиндеги (№5249 жана №5514) добуштар жокко чыгарылгандан кийин мандат тийбей калган.
Кыргызстанда 30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо 29 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланды. 13-округундагы шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыкты. Бул округдан парламентке аттанган Бакыт Сыдыков баштаган бардык талапкерлерге жаңы шайлоого катышууга тыюу салынды.












