АКШ туристтердин коомдук желедеги барагын текшерет

Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери президенттик администрация чек арада көзөмөлдү күчөткөн (архивдик сүрөт)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Америка өкмөтү жарыялаган жаңы долбоорго ылайык, ондогон өлкөлөрдөн, анын ичинде Британиядан келген туристтер АКШга кирерде коомдук желедеги барагынын соңку беш жылдагы тарыхын көрсөтүшү керек болуп калышы ыктымал.

Жаңы талап АКШда визасыз 90 күнгө чейин жүрө алган ондогон өлкөлөрдүн жарандарына колдонулуп калышы мүмкүн. Бул шарт Саякатка уруксат берүүчү электрондук системадагы (ESTA) форманы толтурушса гана иштейт.

Январда Ак үйгө кайтып баргандан бери президент Доналд Трамп улуттук коопсуздукту башкы себеп катары көрсөтүп, жалпы эле чек араларды бекемдөөнү көзөмөлгө алган.

Талдоочулардын айтымында, жаңы план алдыда келе турган конокторго тоскоолдук жаратышы мүмкүн же алардын санарип укуктарына доо кетириши ыктымал.

Кийинки жылы АКШга чет элдик туристтердин ири агымы келиши күтүүдө. Себеби өлкө Канада жана Мексика менен бирге Дүйнөлүк чемпионатты өткөрөт. Ал эми 2028-жылы Лос Анжелесте Олимпиада оюндары болмокчу.

Аталган долбоорду Бажы жана чек ара кызматы (CBP) менен Ички коопсуздук министрлиги (DHS) сунуштаган. CBP мекемеси DHS министрлигине карайт.

АКШдагы маалымдоо каражаттары кабарлагандай, долбоор АКШ өкмөтүнүн "Federal Register" расмий журналында жарыяланган. Би-Би-Си DHS мекемесине комментарий алуу үчүн байланышты.

Долбоордо айтылгандай, "ESTA толтуруучулардан коомдук желедеги барагынын соңку беш жылдагы тарыхын берүү талап кылынат". Анда так кандай маалыматтар талап кылынары айтылган эмес.

Азыркы ESTA системасында саякаттоочулардан салыштырмалуу түрдө чектелген эле маалыматтар суралат жана $40 төлөө талап кылынат. Аны 40тай өлкөнүн жарандары толтура алышат. Мисалы, Британия, Ирландия, Франция, Австралия, Жапония жана башкалар. Бул система туристтерге эки жыл ичинде АКШга бир нече жолу келип кетүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле,жаңы документке ылайык, саякаттоочулардын соңку беш жылдагы телефон номерлери жана соңку он жылдагы эмейл даректери, андан тышкары үй-бүлө мүчөлөрү туурасында дагы кененирээк маалымат берүүсү талап кылынат.

Бул план визанын ордуна ESTA системасын толтура алган Британия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына да таасир этиши мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул план визанын ордуна ESTA системасын толтура алган Британия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына да таасир этиши мүмкүн.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Долбоор Трамп январда кол койгон "АКШны, улуттук жана коомдук коопсуздукту чет элдик террористтерден коргоо" боюнча жарлыгына шилтеме келтирет.

Бул план визанын ордуна ESTA системасын толтура алган Британия сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына да таасир этиши мүмкүн.

Трамптын администрациясы мурдараак студенттик же кесипкөй адистердин H1B визаларга тапшырган чет элдиктердин документин кароодо коомдук желедеги барактарын текшерерин билдирген эле.

Мамдепартаменттен айтышкандай, документ тапшыргандардын "онлайн иш-аракеттери" текшерүүдөн өткөрүлүп, профилдик жөндөөлөрдү "баарына ачык" кылып коюуга тийиш.

Мексикадагы АКШ элчилигинин сайтында чыккан билдирүүгө ылайык, визага тапшырган белгилүү бир саякатчылар соңку беш жыл ичинде колдонгон бардык коомдук желедеги бүт ысымдарын тизмектеши зарыл.

Анда эскертилгендей, коомдук желедеги кандайдыр бир маалыматтары тизмектелбесе, анда учурдагы жана келечектеги визалары жокко чыгарылат.

Мамдепартаменттин улук кызматкери студенттердин визасы боюнча төмөнкүлөрдү билдирди: "Америкалыктар өз өкмөтүнөн өлкө коопсуздугун сактоосун күтүшөт жана Трамптын администрациясы күн сайын дал ушул маселе менен алек".

Кызматкерлерге "чет элдик террористтерди колдогондорду же жардам бергендерди жана улуттук коопсуздук боюнча башка коркунучтарды; же болбосо антисемиттик басмырлоого же зомбулукка мыйзамсыз баргандарды" текшерүү көрсөтмөсү берилген.

Өлкөнүн чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү аракеттеринин алкагында азыркы чет өлкөлүктөргө карата чектөөлөр кеңейтилиши мүмкүн экенин расмийлер жакында эле айтышкан болчу. Азыркы мыйзамдар боюнча Африкадагы, Жакынкы Чыгыштагы жана Кариб аймагындагы жалпы 19 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө коюлган.

Мындай чечим Вашингтондо Улуттук гвардиянын эки мүчөсүнө ок атылгандан кийин кабыл алынган. Анда бир афганистандык шектүү катары аталган.

ESTA аркылуу туристтердин жеке маалыматын чогултуу боюнча жаңы долбоор 60 күн коомдук талкууда болот.

Санарип укуктарды коргоо боюнча Electronic Frontier Foundation уюмунун өкүлү София Коуп New York Times гезитине аталган план "жарандык эркиндиктерге зыян келтириши мүмкүн" экенин белгилеп, аны сынга алган.

Ал ортодо иммиграциялык иштерди караган Fragomen юридикалык фирмасы белгилегендей, ESTA аркылуу уруксатты эми саякатчылар көбүрөөк күтүп калышы мүмкүн.

Мурдараак талдоочулар Трамптын тушунда туризм багытында кабыл алынган чечимдер өлкөдөгү туризм индустриясына таасир эткенин айтышкан болчу.

Ушул жылдын башында Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңеши билдиргендей, 184 өлкөнүн ичинен АКШ гана 2025-жылы чет элдик саякатчылардын саны боюнча артка кеткен.

Трамп администрациясынын башка чечимдери дагы өлкөдөгү туризмге таасир эткендей. Мисалы, көптөгөн канадалыктар Трамптын тариф саясатына каршылык көрсөтүү иретинде АКШга баруудан баш тартышууда.

Октябрда АКШга каттаган канадалык саякатчылардын саны онунчу ай катары менен азайганын көрүүгө болот. Мурда канадалыктар АКШга барган чет элдиктердин төрттөн бирин түзүшчү. АКШнын Саякат бирикмесинин маалыматы боюнча, алар жылына $20 млрд ашуун каражат жумшачу.