Казакстан: түз эфирдеги сот элдин көзүн ачабы? Экс-министрдин аялынын чуулуу өлүмү
Мээрим Айныкеева, Руфат Эргешов, Би-Би-Си, Бишкек

Казакстанда мурунку министрдин жарандык никедеги аялынын зордук-зомбулук менен аёосуз өлтүрүлүшүнө байланышкан иш кайрадан резонанс жаратууда. Айыпталуучу Бишимбаевге буга чейин “өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” деген оор берене тагылган. Ал бул беренени “атайлап эмес, кокусунан өлтүрүп алуу” беренеси менен кайрадан кароону суранган. Учурда бул иш арачы соттордун катышуусунда каралып жатат.
Тергөөнүн версиясы боюнча, мурдагы чиновник ресторанда жарандык никедеги жубайы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Бишимбаев күнөөсүн четке кагууда. Ал Нукенова ошол түнү спирт ичимдигин ичип алып, аны "агрессия" көрсөтүп, "провокациялаган" деп жатат.
Бул соттук иш казак коомчулугунда кызуу талкууланып, сот адилеттиги, сот реформасы, адам укугу, жактоочулардын ишмердиги, прокурор, соттордун кесипкөйлүгү деген олуттуу суроолорду кабыргасынан койду.
Би-Би-Си казакстандык эксперт Галым Агелеуовду кепке тартты.
Би-Би-Си: Казакстанда мурунку министр Бишимбаевдин иши боюнча сот жараяны ачык, түз эфирде өтүп жатат. Казакстанда соттук ишти түз эфирде өткөрүү иши жаңылыкпы же мурунтан эле түз эфирлер көп өтүп келгенби?
Галым Агелеуов: Бишимбаевдин соту ачык өтүп жатат. Бул алгачкы чоң прецедент. Мурун укук коргоочулар, байкоочулар соттук процессти түз эфирде бөлүшүп келсек, көрүүчүлөр социалдык тармактагы группалар аркылуу көрө алган чакан гана топ болчу. Азыр болсо бул процесске болгон кызыгуу эбегейсиз. Бардыгы тең сүрөт, видеолор менен бөлүшүп, түз эфирди көрүп, социалдык тармак аркылуу активдүү пикир билдирип жатышат. Менин көз карашымда, бул албетте көңүл көтөрө турган иш, себеби сот арачылар бар, ошондой эле сот кандай аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Бизде резонанстуу соттук процесстер ошондой эле саясий иштер, дайыма жетекчиликтин көзөмөлү астында болуп турары анык. Мында болсо көрүүчүлөр өзүнүн пикири менен бөлүшө алат жана бул элге жакшы тажрыйба дагы боло алат. Өлкөгө реформа, өзгөрүү, адамдын укугу бирдей сакталуусу жана аялдарга карата зомбулуктун жок болушу керектигин бардыгы көрүп турат. Бул адам өлтүрүү өлкө ичиндеги жалпы абалга жана аялдарга кандай таасир эте аларын көрсөтүүдө.
Би-Би-Си: Бишимбаевдин ишинин түз эфирде көрсөтүлүп жатканына казак коомчулугу кандай реакция кылып жатат?

Сүрөттүн булагы, screenshot
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Галым Агелеуов: Комментарийдин көпчүлүгү азыркы болуп жаткан учурду реалдуу баалашууда. Бир гана Бишимбаевдин адвокаттары эмнеге аны мындай коргоп жатышат деген эмоционалдуу пикир болуп жатат, бирок ошол эле учурда бул адвокаттардын иши экенин, алар аны коргоого милдеттүү экенин эч ким эске албагандай. Албетте, адвокаттар максималдуу түрдө иштеп, толук кандуу коргоону камсыз кылышууда. Бул тескерисинче жакшы, себеби ошондо тараптардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн эл көрө алат.
Бизде, саясий процесстерде атаандаштык жөндөмдүүлүк жок, себеби сот буйрутмага ылайык айыптоочу тарапка кармана берет. Бул жакта сот коомчулуктун көз алдында объективдүү болууга аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Ал эми чечим кандай чыгат ал башка иш. Бирок менин байкашымча азыр баары дыкат каралып жатат.
Кабыл алынган ар бир берене боюнча ар кимдин өзүнүн пикири болот. Бул атайылап жасалган өлүмбү же этиятсыздыктан улам келип чыккан өлүмбү? Мунун артынан коомчулук соттук процесс реформага муктаж экенин көрө алат. Бизде соттук процесс көптөн бери түп-тамырынан өзгөртүүчү реформаны талап кылып келет. Себеби соттогу коррупция жана терс көрүнүштөр, өзгөчө саясий жана ушундай резонанстуу иштерди кайрадан карап чыгууну талап кылат.
Би-Би-Си: Бишимбаевдин ишинин түз эфирде өтүшүн прецедент деп атоого болобу?
Галым Агелеуов: Мурда мындай публикалык прецедент иштер жокко эсе болчу. Себеби мындай чоң кызыкчылык деле жок болчу. Бул иш чоң кызыгууну пайда кылды.
Аялдар укугу бул азыр башкы тема. Бийлик 8-марттагы аялдар маршына жолтоо кылып келет. Алар эки жыл мурун аялдар укугун коргоого арналган марш өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген. Коомчулук бул майрамдын бардыгы тең аял укугун коргоого арналганын түшүнөт. Бийлик муну көзөмөлдөп, чектөөгө алгысы келет. Алар митинг өткөрүүнү өздөрүнүн уюмуна гана уруксат берет.
Көз карандысыз бейөкмөт уюмдарга митинг жана марш өткөрүүгө уруксат бербейт. Бул чоң суроо жана чоң көйгөй. Мисалы Дина Исмаилованын "не молчи" уюмун улам аңдып келет. Алар өлкөдөн чыгып кетип, Грузиядан иштөөгө аргасыз болушууда. Аларга полиция, күч органдары тараптан жабыркаган аялдар көп кайрылышат. Бул зордук-зомбулук, бул прецеденттин баары көз карандысыз бейөкмөт уюмдар аркылуу коомго үндөрү жете алат.
Коомчулукта негизги көйгөй болуп жаткан суу каптоо, өлкөнүн ондогон облусунун суу астында калганы негизги көйгөй болбой, коомчулуктун көңүлүн ушул ишке буруу аракети болуп жатат деген пикирлер бар. Суу азыр дагы көп келип жатат, мамлекет тараптан берилип жаткан жардам жетишсиз, себеби алар мурдагы жылдары берген убадаларын аткарган жок. Бул маселе Казакстанда жыл сайын болот.
Бийлик акчаны коррупциялык жол менен кымырып алат, бюджеттик каржылоону алып алып, өзгөчө кырдаал жарыялап коёт. Азыркы абалдын курчуп жатканы ушундай соттук процесстин алдында көз жаздымда калууда. Бул дагы туура эмес. Мындай процесстер кадимки көрүнүш болуп калуусун каалайт элем. Коомчулуктун түшүнүгү кеңейип өсө берсе. Маанилүү темалар манипуляцияга алдырбай, маанилүү маселеден бийликке ыңгайлуу болгон темага бурулуп кетпесе.

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Казакстанда зордукчуларды кантип жазалайт?
Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, полицияга күн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 300дөй арыз түшөт. Жылына кеминде 80 аял өлөт.
"Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жөнүндө" мыйзамга ылайык, полиция абьюзерге жабырлануучу менен 30 күн байланышууга тыюу салган коргоо буйругун бере алат. Агрессор аны бузган учурда 10 күнгө чейин башкаруу камакка алынышы мүмкүн.
Казакстанда азыр үй-бүлөлүк агрессорлор үчүн да жаза каралып жатат. Өлкө бийлиги "ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү" жана "уруп-сабоо" беренелерин криминалдаштырууну чечти.
2024-жылдын февралында мыйзам долбоору Мажилисте (Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы) кабыл алынып, Сенатка (парламенттин жогорку палатасы) кароого жөнөтүлгөн.
Беренелер Кылмыш-жаза кодексине которулганы менен, жазанын түрлөрү ошол эле бойдон калууда — айып пул жана камакка алуу, алардын өлчөмү гана көбөйүүдө. Ошентип, токмоктогондор үчүн айып пулдун өлчөмүн 36 миңден 295 миң теңгеге (80 доллардан 650 долларга) чейин көбөйтүү пландалууда












