Назира Айтбекова: Зомбулуктан куткарчу “алтын таякча” жок...

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Психолог: Мына эми деп зомбулуктан коргоноордо жакындары кайра басат...

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Психолог: Мына эми деп зомбулуктан коргоноордо жакындары кайра басат...

Кыз-келиндерге зомбулук азайбай келет. "Милиция өзү кошулуп, 13 жаштагы кызды зордуктап жүрүптүр" деген кабар ачыкка чыгып, коомдун кыжырын кайнатып турган учур. “13 жаш деген эмне, куурчак ойной турган кыз да” деп зээни кейигендер күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону талап кылууда. Канча жардам көрсөтпөйлү, ал кыздын тагдырын эми кантип, ким калыбына келтирет деген суроо кабыргасынан турат.

Бул окуя сотто каралат деп ошол жерге талап менен чыккандар тараганга үлгүрө электе, ошол эле райондук соттун судьясы башка бир 16 жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөрдү коё берип жибериптир деген кабар талкууну ого бетер күчөттү. Бул ишти прокуратура көзөмөлүнө алганда, ал судья арызын жазып иштен кетип калганы белгилүү болду. Кыязы далай маселе чыкчудай...

Би-Би-Си аялдар укугун жактап келе жаткан блогер, алып баруучу Назира Айтбекова менен психолог Алтынай Кариеваны чакырып, баш ооруга айланган зомбулуктун тамыры кайда жатат деген теманы талкуулады. Азыр анын үзүндүсүн жарыялбайбыз. Талкуунун видеосу толугу менен Би-Би-Синин Facebook баракчасына чыгат.

Назира Айтбекова: Зомбулуктун чынжырын сөзсүз үзүшүбүз керек

Сүрөттүн булагы, Thinkstock

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назира Айтбекова: Зомбулуктун чынжырын сөзсүз үзүшүбүз керек

Би-Би-Си: Зомбулукту токтотуу же болтурбоо үчүн көп аракет, көп чара керек деп талкуулап жатабыз. Ага ар кимдин эле акылы, чамасы жете берчүдөй эмес. Ошентсе дагы орток бир (универсалдуу) ыкмасы табылчудайбы?

Н. Айтбекова: Туура үлгүлөрдү жайылта берүү керек. Ошону аңдап, түшүнгөн адамдар өздөрү өзгөрүп, оңоло баштайт. Мисалы мен өзүмдү өзгөртүүгө аябай иштеп жатам, аябай. Эмне өзгөрүү, ойлор келсе ошону китебиме, коомдук сайттардагы баракчаларыма жазып жатам. Адамдар окуйт дагы, “аа мен деле ушинтсем болот турабайбы, мен деле ушул жол менен бассам болот экен. Мындай болсо деле болот турбайбы” деген көз караш пайда боло баштайт. Бул көз ирмемде эле өзгөрүп кетчү нерсе эмес. Кайталап эле көрсөтө бериш керек. Анан, анан барып “аа, ии” деген нерселер пайда болот. Ошон үчүн көрүнүктүү адам - бул жетекчилер. Кайда баратат, кайда барыш керек дегенге жетелеш керек деп ойлойм.

Назира Айтбекова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Назира Айтбекова

А. Кариева: Эң негизгиси зордук-зомбулукка байланышкан стереотиптерден арылышыбыз керек. Зордук-зомбулук аял менен эркектин ортосунда эле болбойт. Бул ар бир сферада кездешет. Зордукту жолдошу көрсөтпөсө да, жумуштан жетекчиси көрсөтүшү мүмкүн. Өзүңдүн башыңдан өтпөсө, ал нерсени билбейсиң.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кантип алдын алуу керек? Психологиялык коңгуроо деген бар. Ошого көңүл буруш керек. Зомбулук көрсөтчү адам аффект болбосо эле, дароо баса калбайт. Көп учурда анын баскычтары болот. Мисалы: “мен чалсам эмне албай жатасың? Кайда жүрөсүң, бул досторуң менен сүйлөшпө, барба, кийбе” деген сыяктуу коңгуроолордон башталат. Сен баспа дегенде дароо кел, экөөбүз муну сүйлөшөлү деп ачык талкуулоо керек. Ириң чыга турган жерин сыгып салуу керек. Аны териштирмейинче ал улана берет. Кордук, зордук көрсөткөн адам аны эмне үчүн кылат? Бул биринчиден бийлик. Мен аны кылсам, мен өзгөчө болом дейт. Бүт дүйнө анын алаканында тургандай сезим болот. Бул өтө чоң сезим. Жагымдуу сезим десем дагы болот. Адам буга алданып калышы да мүмкүн. “Аа, бул сонун турбайбы, коркутуп койдум, аялым угуп ары-бери чуркап, апамдын көзүн карап калды го. Ушинтсе жакшы турбайбы” деп калат. Андай эмес. Ошондой башталган жерден качып, көз жумуп эмес, ошону ачыкка чыгарып сүйлөшүү керек. Карачы бул жерде менин чегим бузулуп жатат, мага бул ыңгайсыз, буга менин жан дүйнөм ооруп жатат, мага бул жаккан жок, мындай мамилени каалабайм деп ачык сүйлөшүү керек. Муну эмоция катары жутпаш керек. Биз жута беребиз, жута беребиз, чапмайынча реакция кылбайбыз да. Ал башталганда дароо токтотуу керек. Эгер аны дароо айтпаса, кайра кийин күнөөнү өзүнө оодарат. Анда эмне мага күйөөгө тийдиң, эмне мени менен сүйлөштүң, бар кетип кал дегенге өтөт. Кордук көрсөткөн адамдын да “кайырмактары” бар да. Эмне кыласың, 3 бала менен сени ким алат, кайда барасың, жолуң жок деп аялдын акылын тумандатат. Жок эмес, ар убакта жол бар. Бара турган жер да бар. Ошону жаап салган көздү ачып гана көрүш керек. Күйөөңдүн жанында өзүңдү жакшы сезип, ал жокто дагы жакшы сезгендей абалга жетиш керек.

Психолог Алтынай Кариева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Психолог Алтынай Кариева

Би-Би-Си: Сиз абдан баалуу, пайдалуу кеңештерди айттыңыз дейли. Бирок психолог катары сиз өзүңүз ошол ыкмаларды пайдаланасызбы?

А. Кариева: Албетте, албетте. Бул нерселерди пайдалануу өтө оор. Мен зомбулук көрүп жатам деп айтуу, кабыл алуу бул өтө оор. Биз өзүбүздү өзүбүз актай беребиз. Жакында эле бир китеп окудум. Көрсө ар бир адам табигый бир деңгээлде өзүн-өзү актайт экен. Эмне гана болбосун. Согуш болуп жактан жерде дагы биз жакшылыкты каалайбыз деп өзүн актайт. Актануу ДНКда бар. Ошентип өзүбүзгө өзүбүз каршы чыкпай, ооба, азыр мен алсызмын, ооба, мен азыр зомбулук көрүп жатам, мен азыр чыгып кеткенге алым жетпей жатат, анткени акчам жок, төрөп үйдө олтуруп калдым, ушундай бир түйүндө турам деп ошол эмоцияны кабыл алганда гана сууда туруп, бутуң менен жерге бир таянып алып, кайра теминип чыккандай болосуң. А теминмейинче чыга албайсың. Ылдый тарта берет. Ошол эле сени төрөгөн энең чыгат, эми эч нерсе болбойт, багып атпайбы, үй алып берди, чекпейт, ичпейт чыда, сен башкасын кайдан тапмак элең дегендей. Ошондо дагы эптеп теминип чыгалы деп жатканда энебиз, байкебиз баш болуп кайра матырып салып жатпайбы. Ички мотивация, өзүңө ишеним болушу керек. Муну айтпасак болбойт.

Моюнга алуу же түшүнүү кантип жардам берет?

Психологдун бул айткандары бир жолку кызык жолугушууну эске салды. Анда акырындап иче берип, акырында арака аябай берилип, айласын таппай аракеч болуп калган, аягы сай таппай тентип калганга жетип, анан кайра оңолдук дегендер топтолгон. Баары мурунку аракечтер. Айрымдары жүзүн бет кап менен жаап алган. Жакшы жагы, баары ичкилигин таштап, бир кездеги өзүлөрү сыяктуу ичип кеткендерге кеңеш берген эле. Анда эң негизгиси арданбай, кур намыска алдырбай, мен сопсонун эле турам го деген жалган сезимге алданбай, аракеч экениңерди моюнуңарга алгыла. Бул баарына жардам берчү ыкма. Ошентип аракеч экениңерди өзүңөр моюнуңарга алганда эң чоң жана алгачкы жеңишке жетесиңер. Анан силерде ага каршы күрөш башталат дешкен эле. Анын сыңарындай зомбулукка кабылган адам өзү зомбулукка кабылганын, кор болуп жатканын, андан чыгуу керектигин аңдашы керек окшобойбу.

Сексуалдык эле зомбулук эмес, турмуштагы зомбулук дагы мүңкүрөтүп жатканы далай айтылып келет. Адистердин эсеби боюнча зомбулук психологиялык эле запкы же кесепет менен чектелбейт. Ал миллиондогон каржылык чыгым, мамлекетке ашыкча жүктөн баштап адам өмүрүн алганга чейин жетет.