Жазында ташкын, жайында таңкыс. Казакстанды азапка салган суу

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Казакстандын Петропавловск облусунда тартылган архивдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Elena Berezhnaya

Казакстан дээрлик бир аптадан бери суу каптоонун кесепеттери менен күрөшүп жатат. Айрым аймактарга өзгөчө кырдаал жарыяланып, миңдеген адамдардын мал-жандык, үй-жайын суу басып, президент жабыркагандардан кечирим сурады. Активисттер болсо эмне үчүн мамлекет жазында ташкындаган сууларды топтоп, кургакчылык маалда сугат иштерине пайдаланбайт деген суроого жооп издешүүдө.

Казакстанда күн тездик менен ысыгандыктан кар биз заматта ээрип, суулардын дээңгээли көтөрүлүп, нугунан чыккан дарыялар 10 облустагы жүздөгөн айыл-кыштакты каптаган.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-апрелге карата суу каптаган аймактардан эвакуация болгондордун саны 14 миңге жеткенин, көчүрүлгөндөрдүн жарымы убактылуу жайларда баш калкалап жатканын билдирди.

"Абал туруктуу ошол эле маалда коопту. Батыш аймактарда суунун деңгээли бир аз төмөндөдү, борбордук, түндүк жана чыгыш аймактарда дарыялардын деңгээли кескин көтөрүлүп жатат. Беш облусту дале суу басып турат, – деди Өзгөчө кырдаалдар министри Бауыржан Сыздыков.

Акмоло обулусундагы төөлөрдү куткаруу учуру. 01.04.24

Сүрөттүн булагы, gov.kz

Башында көйгөйдү айткандар айыпка жыгылган

26-апрелде Астанадан алыс эмес Коянды айылынын тургундары үйлөрүн жыл сайын суу каптап, жергиликтүү жетекчилер эч кандай алдын алуу чараларын көрбөгөнүн айтып митингге чыгып, жол тосушкан. Бирок полиция аларды мыйзамсыз митингге чыктыңар деп кармап, сот акциянын катышуучуларын айыпка жыккан. Көп өтпөй тургундар аргасыздан чыкканы, алар көтөрүп жаткан көйгөй чындап эле өтө олуттуу экенин, жергиликтүү бийлик эч нерсе кылбай келгенин табият өзү эле тастыктап койгондой болду.

суу ташкындан коргонуу үчүн чара

Сүрөттүн булагы, gov.kz

Ушул тапта беш облуста эл аралык жана республикалык маанидеги унаа жолдору суу алдында калып, эки көпүрө, электр жана миңден ашык турак-жайлар зыянга учурады.

Интернетке тарап жаткан видеолордон тургундар суу ташкын менен өз алдынча күрөшүп, бийликке нааразычылыгын билдиргендерди да көрүүгө болот.

Бодо малдан баштап унааларга чейин сууга агышы, айрым адамдардын үйлөрдүн чатырында жан соогалап турганы казак коомчулугун катуу убайымга салды.

Казакстандагы көрүнүш

Сүрөттүн булагы, Social media

Куткаруучулар жана аскер кызматкерлери суу ташкын менен күрөшүүгө мобилизацияланды. Башка облус аймактарынан жардамга келгендер да бар. Аламаты, Астана жана Чымкент сыяктуу ири шаарларда жабыркагандарга гумжардам чогултуучу пункттар ачылды.

Казак президенти элден кечирим сурады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев алдын алуу иштерин жүргүзгөн эмессиңер деп тиешелүү жетекчилерди тилдеп, жабыркагандардан кечирим сурады. Президент бардык жарандарга материалдык колдоо көрсөтүлөрүн убадалап, ишкерлерди дагы жардамга муктаждарга кол сунууга чакырды.

Касым-Жомарт Токаев

Сүрөттүн булагы, akorda

“Силердин аткарган жумушуңарды шалаакылык жана кызматтык милдетин так аткарбастык деп баалайм. Мунун кесепетинен жарандарыбыз материалдык жактан чоң зыянга учурашты. Албетте мамлекет жоготуулардын ордун толтуруу үчүн зарыл чараларды көрөт. Жарандарга кабатыр болбогула деп айтат элем, келтирилген бардык зыяндын орду толтурулат", – деди Токаев.

Экологдор эмне дейт?

Казакстанда жазында эл суу каптоонун кесепетинен азап жесе, жайы менен сугат суунун тартыштыгынан кыйналып келет. Экологдор Казакстанда жыл сайын кайталанган суу каптоолорду климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштырышат. Бирок тургундардын жапа чегишине тиешелүү органдар күнөөлүү дешет.

"Глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдөн улам жылдан-жылга жаз эрте келип, аба-ырайы өзгөрүп жатат. Бирок азыр суу каптап жаткан аймактарда кардын түшүшү жылдык нормадан ашкан жок. Суу каптоонун кесепеттерине келсек: 32 жылдан бери инфраструктуралык түзүм, дамбарлар курулган жок. Ошондуктан айыл-кыштактын баар суу асында калууда. Бул окуяларга адамдан башка эч ким күнөөлү эмес”, – деди эколог Ерасыл Ашымбай Би-Би-Си кыргыз кызматына.

Эрасыл Ашымбай

Сүрөттүн булагы, Social media

Адистердин айтымында мамлекет жыл сайын селдин кесепеттерин жоюу менен гана күрөшүп, табият кырсыгын алдын алууга көңүл бурбайт.

Айрым активисттер болсо Казакстан эмне үчүн жазында ташкындаган суууларды топтоп, кургакчылык маалда сугат иштерине колдонбойт деген суроого жооп издешүүдө.

Сүйүнтө турган суу, күйүткө салып олтурат...

Суу жана ирригация боюнча адис Ерлан Бадашев Советтер Союзу учурунда сууну топтоочу кампалар курулганын, бирок 32 жыл ичинде алар каралбай, ылай жана акыр-чикирге толуп калганын Би-Би-Сиге айтып берди.

Ерлан Бадашев

Сүрөттүн булагы, atameken.kz

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Союз учурунда деле ушундай суу каптоо болчу. Бирок ал кезде дамбалар курулуп, арык-каналдар убакты-сааты менен тазалангандыктан жарандарга зыяны деле тийчү эмес. А кезде аталабрыбыз суу көп болсо сүйүнчү. Азырчы, жапа чегип жатабыз. Казакстанда керектүү гидротехникалык жабдыктардын 90 пайызы бар. Болгону аларды тазалап, жаңылоо керек. Биз өзүбүз сууга муктаж болуп, жайында Кыргызстандан алабыз. Андан көрө жазында ашып-ташкан сууну бир жерге топтоп, колдонуу ишин жандантуу керек. Дагы бир маселе, акыркы убактарда калак көбөйүп, суу каптай турган коопту аймактарга жерлерге отурукташып өзөндөрдө айыл-кыштактар пайда болду. Илгери эч ким суу баса турган коопту аймактарга үй салчу эмес. Муну мыйзамга, тартипке баш ийбегендиктин кесепети десе да болот", – деди Бадашев.

Адистердин айтымында, суу каптоону болтурбоо үчүн жумуштун баарын куткаруучуларга артып койгон туура эмес:

"Суу адистери суу сактагычтардын жана инфраструктуранын абалын жакшы билгендиктен, ташкындын алдын алуу иштерине ӨКМ кызматкерлерине караганда адистер көбүрөөк тартылышы керек".

Кыргызстан коңшусуна колдоо көрсөтүүгө даяр

Суу каптоодон жапа чегип жаткан Казакстанга колдоо көрсөтүлүшү керектиги парламентте көтөрүлдү. Депутат Эльвира Сурабалдиева февраль айындагы Бишкек ЖЭБинде болгон аварияда Казакстан гуманитардык жардам катары 2000 тонна солярка жөнөткөнүн эске салды.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардамга кол сунууга даяр экенин билдирди. Бирок коңшу өлкө азырынча куткаруу иштерине күч жетиштүү экенин айткан.

"Биз табяит кырсыгы башталганда эле жардамга баруугаа, суу каптоонун кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигибизди билдиргенбиз. Бирок алар акырындык менен абал турукташып баратканын айтып, эгерде абал оорлошо турган болсо кайрылабыз дешкен", – деди Би-Би-Сиге ӨКМ өкүлү Алим Токторов.