Казакстанда аялын сабап өлтүргөн экс-министр соттолууда

Сүрөттүн булагы, СЛУЖБА ЦЕНТРАЛЬНЫХ КОММУНИКАЦИЙ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ РЕСПУБЛИКИ КАЗАХСТАН
Айсымбат Токоева, Би-би-си
Астана сотунда экономика боюнча экс-министр Куандык Бишимбаевге каршы иш каралууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, мурдагы чиновник ресторандын коттедж-кабинасында жубайы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Бишимбаевдин өзү күнөөсүн четке какты. Ал жубайы ошол түнү спирт ичимдигин ичип, аны "агрессия" көрсөтүп, "провокациялаган"деп ырастайт. Мурдагы министрдин айткандары Казакстанда гана эмес, коңшу өлкөлөрдө да коомчулукта резонанс жаратты.
Астанадагы сотто 43 жаштагы мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев жана анын аталаш тууганы Бахытжан Байжанов соттолуп жатат.
Сот жыйыны сот арачыларынын катышуусу менен өтүп жатат. Буларды катыштырууну Бишимбаев өзү сурады. Ал расмий эмес (жарандык) никеде турган 31 жаштагы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишимбаев былтыр 9-ноябрга караган түнү ресторанда жубайын өлгүчө сабап салып, аны 6-8 саат бою VIP-кабинада калтырып кеткен.
Экс-министрдин аталаш тууганы болсо видеокамералардагы жазуулардын бир бөлүгүн алдырып салып, кылмышты жаап-жашырган деп айыпталууда.
"Тез жардамдын ордуна төлгөчүгө чалдым"
3-4-апрель күндөрү сотто Бишимбаев суракка алынды. Ал Нукенова каза болгон күндөгү окуянын версиясын айтып берди. Анын айтымында, ошол күнү кечинде жубайы аны менен үч бөтөлкө шарап ичип, ошол учурда "аны менен кер-мур айтышып кеткен".
Айыпталуучу Нукенова чыр чыгарып, аны "каргап-шилеп сөгүп", белекке берген "кымбат" аксессуарларын ажатканага агызып жиберди деп айтты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Ал даараткананы карап, мага жөлөнүп турду. Ал мени кармайм деп ойлоду окшойт, мен аны кое берсем, тең салмактуулугун жоготту жана [...] полго бети менен бир тийди. Абдан катуу", - деди Бишимбаев, кыздын бетиндеги жаракаттын келип чыгышын түшүндүрүүгө аракет кылып.
Анын айтымында, ал көтөрүлүүгө аракет кылып жатканда "даараткананын плитка төшөлгөн полуна кулап түшкөн". Экс-министр аны эсине келтириш үчүн жубайын төрт-беш жолу тепкенин мойнуна алат. Бирок, ал сокку урганда "эч кандай маанилүү орган жабыркаган эмес"деп ишендирет.
Бишимбаев жубайы эс-учун жоготуп, өзүнө келбей койгондон кийин төлгөчүгө телефон чалганын суракта айтып берди.
"Мен аябай толкунданып, тааныш экстрасенске чалдым. "Ал ойгонгон жок, [бетинде] ушундай көгала бар"деп айттым. Ал: "жөн эле чарчады, эсине келет, үйгө кет" деди. Менин жүрөгүм ылдыйлап калды", — дейт мурдагы министр.
Ошентип Бишимбаев тез жардам чакырбай койгон. Ал аталаш иниси Бахытжан Байжановго телефон чалып, кетонал менен аспирин алып келүүнү суранган.
Сотто Бишимбаев жаңжал чыккан видеолор телеграмма каналдарына түшүп калбашы үчүн тууганынан видеокамерадагы жазууларды алып салууну суранганы белгилүү болду. Экс-министр инисине Нукенованын геолокациясын жакындарынан жашыруу үчүн анын телефонун үйүнө алып кетүүнү да буйруган.
Бирок экспертиза жана видео жазуулар Бишимбаевдин көрсөтмөсүн четке какты.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Нукенова баш мээсинен алган жаракатынан улам каза болгон. Мурду сынып, башында көп сандаган көгала жана жабыркоолор аныкталды.
Экспертизанын жыйынтыгында айыпталуучу ырастагандай, Нукенова жаракатты жыгылгандан алган эмес.
Мындан тышкары, мамлекеттик айыптоо сотто байкоо камералары менен видеотасманы жарыялады. "Бишимбаев Нукенованын чачынан алып, тепкилейт, анан бетке урат. Андан ары аны VIP-кабинага киргизүүгө аракет кылып жатат", — деп түшүндүрдү прокурор видеого.
Соттун биринчи отурумунда, 29-мартта, ресторандын кызматкерлери видеокамералардагы жазуулардын бир бөлүгүн Бишимбаевдин иниси Байжановдун өтүнүчү менен өчүрүшкөнү белгилүү болду.
Ошол эле учурда, мамлекеттик айыптоочу бармендин берген көрсөтмөсүн окуп берди. Анын айтымында, милиция келгенге чейин Бишимбаев колуна бычак кармап алып басып жүргөн.
"Биз аны кармаганда Бишимбаев аялын өлтүргөнүн жана ал кабинада жатканын айтты. Ушундан улам, кыязы, ал өзүн да өлтүргүсү келген", — деп прокурор күбөнүн көрсөтмөсүн айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эмне үчүн бул иш коомчулуктун нааразылыгын жаратты?
Бишимбаевдин берген көрсөтмөлөрү, анын күнөөсүн моюнга албаганы Казакстанда жана башка өлкөлөрдө коомчулукта резонанс жаратты. Социалдык тармактарда маркумду колдогон #салтанат хэштеги пайда болду. Бишимбаевди виктимблейминг жана маалыматты манипуляциялоо боюнча айыпташууда.
Бишимбаевдин каршылаштары экс-министрди өмүр бою түрмөгө кесүүнү талап кылышууда.
"Кризистик борборлор союзунун" башчысы Зульфия Байсакова Би-Би-Сиге сот процессин онлайн форматта өткөрүү коомчулуктун нааразылыгын күчөткөнүн айтты.
Соттук отурум Казакстандын Жогорку Сотунун ютуб каналынан видео трансляция болуп жатат
"Бишимбаевге болгон кызыгуу жогорулады, анткени бул рецидив. Ал буга чейин да коррупциялык айла-амалдар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган, бирок башка берене боюнча. Президент аны шартуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошоткон жана ал кайрадан [мыйзамды] бузду. Бул өзгөчө ырайымсыздык болду", — деди укук коргоочу.
Мындан тышкары, бул үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сот арачыларынын катышуусу менен каралып жаткан биринчи иш экенин Байсакова белгиледи.
Казакстанда үй-бүлөлүк абьюзерлер кантип жазаланат
Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, полицияга күн сайын үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 300дөй арыз түшөт. Жылына кеминде 80 аял өлөт.
"Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жөнүндө" мыйзамга ылайык, полиция абьюзерге жабырлануучу менен 30 күн байланышууга тыюу салган коргоо буйругун бере алат. Агрессор аны бузган учурда 10 күнгө чейин камакка алынышы мүмкүн.
Казакстанда азыр үй-бүлөлүк агрессорлор үчүн да жаза каралып жатат. Өлкө бийлиги "ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү" жана "уруп-сабоо" беренелерин криминалдаштырууну чечти.
2024-жылдын февралында мыйзам долбоору Мажилисте (Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы) кабыл алынып, Сенатка (парламенттин жогорку палатасы) кароого жөнөтүлгөн.
Беренелер Кылмыш-жаза кодексине которулганы менен, жазанын түрлөрү ошол эле бойдон калууда — айып пул жана камакка алуу, алардын өлчөмү гана көбөйүүдө. Ошентип, токмоктогондор үчүн айып пулдун өлчөмүн 36 миңден 295 миң теңгеге (80 доллардан 650 долларга) чейин көбөйтүү пландалууда. (КС)







