Алты ай өрт өчпөй: Казакстанда 700 миң унаанын зыянына барабар газ текке кеткенби?

Бирок бул Борбор Азияда ири метандын чыгышы биринчи жолу эмес.

Сүрөттүн булагы, INSTAGRAM

Өткөн жылы Казакстандын аймагында газ кениндеги тешиктен метан газы айлап чыгып, текке кеткен. Атайын иликтөөдөн кийин BBC Verify ушундай жыйынтыкка келди.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 127 тонна газ жөн эле абага тарап кеткен. Жарылуунун натыйжасында ал жерде алты айга созулган өрт башталган.

Бул материалды фактыларды текшерүүгө адистешкен BBC Verify тобунун журналисттери даярдашкан.

Метан - көмүр кычкыл газына караганда алда канча күчтүү парник газы болуп эсептелет.

Газдын кенчи “Бузачи Нефть” компаниясына таандык, алар “мынчалык көлөмдөгү” газдын ысырап болгонун четке кагууда.

АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин парник газынын салыштырма эсептөөсүнө караганда, мунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин бир жылда 717 000 ден ашык бензин менен жүрчү унаанын таасири менен салыштырууга болот.

Бул жаратылыш газы негизинен адамдын көзүнө көрүнбөгөн метандан турат.

БУУнун Эл аралык метан обсерваториясынын башчысы Манфреди Кальтаджироне: “Ачыгын айтканда, газдын чыгышынын масштабы жана узактыгы адаттан тыш көрүнүш, бул өтө чоң”, - деди.

2023-жылдын 9-июнунда Казакстандын түштүк-батышындагы Мангистау облусунда геологиялык чалгындоо үчүн жерди бургулап көзөнөк (скважина)даярдоо учурунда жарылуу болгон. Натыйжада өрт тынымсыз жылдын аягына чейин уланган.

Өрттү өчүрүүгө 2023-жылдын 25-декабрында гана мүмкүн болгон. Жергиликтүү бийлик Би-Би-Сиге билдиргендей, учурда ал көзөнөктү цементтеп жабуу иштери жүрүп жатат.

Бул жаратылыш газы негизинен адамдын көзүнө көрүнбөгөн метандан турат.

Бирок күндүн нуру метан буусу аркылуу өткөндө, спутниктер уникалдуу көрүнүштү байкай алышат.

Дал ушул метандын чыгышы биринчи жолу франсуз геоаналитикалык Kayrros компаниясы тарабынан изилденген. Ал эми изилдөөнүн натыйжаларын Нидерландиянын космостук изилдөөлөр институту жана Валенсия политехникалык университети (Испания) тастыкташты.

Бардык маалыматтарды спутниктен изилдегенден кийин окумуштуулар өткөн жылдын июнь айынан декабрга чейин 115 жолу метандын жогорку концентрациясы байкалганын аныкташкан.

Бирок “Бузачи Нефть” скважинага ээлик кылган казакстандык компания ири көлөмдөгү метан агып кетти деген божомолду четке кагууда.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алар бул көрсөткүчтөрдүн негизинде, бир жерден чыккан метандын көлөмү 127 миң тоннага жеткен деген жыйынтыкка келишкен.

Бул метандын текке кетишинин тарыхта катталган экинчи эң чоң учуру болуп калышы мүмкүн.

Газдын чыгышын текшерүүгө катышкан Валенсиядагы Политехникалык университеттин кызматкери Луис Гуантер: "Түндүк Агымдагы саботаж гана мынчалык газдын чыгышына алып келиши мүмкүн" дейт.

2022-жылдын сентябрында суу астындагы жарылуулар орус газын Германияга жеткирген “Түндүк Агым 1” жана “Түндүк Агым 2” деген эки түтүктү жарып кеткен. Натыйжада абага 230 миң тоннага чейин метан чыккан.

Эл аралык энергетикалык агенттиктин маалыматы боюнча, өнөр жай революциясынан бери глобалдык температуранын 30%га өсүшү метандын эмиссиясына байланыштуу.

Спутниктик маалыматтарга булут каптоо сыяктуу тышкы факторлор таасир этиши мүмкүн, бирок окумуштуулар бул жалгыз кудуктан метандын эбегейсиз көлөмү чыкканына толук ишенишет.

Луис Гуантер: "Биз метанга сезгич беш түрдүү спутниктик аспаптын жардамы менен метан түтүктөрүн аныктадык" дейт. "Бул аспаптардын ар бири метанды башкача өлчөйт, бирок биз алардын ар биринен ырааттуу чендерди алдык".

Өз билдирүүсүндө, Мангыстау облусунун Экология департаменти 9-июндан 21-сентябрга чейинки аралыкта абадагы метандын концентрациясы берилген нормадан 10 эсе ашканын тастыктады.

Билдирүүдө ошондой эле биринчи жолу чыгарылгандан бир нече сааттан кийин абадагы метандын деңгээли нормадан 50 эсе ашканы айтылат.

Бирок “Бузачи Нефть” газ кудугуна ээлик кылган казакстандык компания ири көлөмдөгү метан абага тарап кетти деген божомолду четке кагууда.

Компаниянын ырастоосунда, газ кудугунда аз эле көлөмдөгү газ болгон жана агып кеткен метан көзөнөктөн чыкканда күйүп кетмек.

Компания ошондой эле атмосферага суу буусу гана тарап, космостон көрүнгөн чоң ак шлейфтерди пайда кылган деп эсептейт.

Бирок Kayrros’тун изилдөөсүнө катышкан окумуштуулар муну четке кагышууда.

Компаниянын директорунун стратегиялык өнүктүрүү боюнча орун басары Данияр Дүйсембаев Би-Би-Сиге: “Биз кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылдык”, - дейт.

“Бузачи Нефть” компаниясынын тапшырмасы менен жүргүзүлгөн изилдөөлөр Kayrros’тун тыянагынан күмөн жаратышы мүмкүн.

Компаниянын айтымында, спутниктер атмосферадагы суунун буусу сыяктуу башка газдарды метан менен алмаштырып алышы ыктымал. Окумуштуулар жарылуу болгонго чейин абада болгон метанды да байкабай калган болушу мүмкүн.

Бирок Kayrros’тун изилдөөсүнө катышкан окумуштуулар муну четке кагышууда.

Валенсиядагы Политехникалык университеттен Луис Гуантер: "Биз суу буусунун же түтүндүн мүмкүн болгон таасирин текшерип, биздин өлчөөлөргө таасир эте турган эч кандай белги тапкан жокпуз",- деди.

Ал ошондой эле окумуштуулар “өзүнчө метан шлейфтерин” гана издеп жатышканын жана аларга кырсыкка чейин атмосферада болгон метан таасир этпей турганын белгиледи.

Казакстан метандын чыгышын кыскартууну убада кылууда

Метан - көмүр кычкыл газына караганда алда канча күчтүү парник газы болуп эсептелет.

Кырсыктын себептери боюнча Атырау Өнөр жай коопсуздугу комитети тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөдө “Бузачи Нефть” ишканасы газ кудугун бургулоо иштерине тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылбаганы аныкталган.

Мындан тышкары, субподрядчы - Zaman Energo компаниясы бургулоо процессинде көптөгөн катачылыктарга жол берген деп айыпталган. Zaman Energo бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Казакстандын Энергетика министрлиги Би-Би-Сиге жасаган билдирүүсүндө агып кеткен сууну оңдоо “татаал техникалык операция” экенин жана “мындай авариялардын кесепеттерин жоюу үчүн универсалдуу чечим жок” деп билдирди.

Бирок бул Борбор Азияда метан текке кеткен биринчи учуру эмес.

Коңшу Түркмөнстандай эле Казакстан да ондогон “супер эмитенттерди” каттаган. “Супер эмитенттер” деп окумуштуулар атмосферага көп өлчөмдөгү метандын бөлүнүп чыгышын аташат.

Бирок, Гюнтердин айтымында, Мангистау облусунда байкалган окуя башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Бул адамдын "нормалдуу" иш-аракетинен келип чыккан эң чоң метан коромжусу дейт.

Climate Action Tracker компаниясынын климат боюнча эксперттери жаратылыш газын өндүрүүнүн көбөйүшү менен Казакстан газ куурларынан метан агып кетүү коркунучу алдында турганын айтышат.

Былтыркы COP28 климаттык саммитинде Казакстан 2030-жылга чейин метандын эмиссиясын 30% кыскартуу боюнча 150дөн ашык өлкө ыктыярдуу келишим түзгөн Глобалдык метан убадасына кошулган. (NO)