2023 – аба ырайы экстремалдуу болду. Бул эмнеден кабар берет?

Сара Кит-Лукас, Би-Би-Си Аба ырайы кызматы

2023-жылы Кытайда абанын температурасы кескин өзгөрүп жатты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2023-жылы Кытайда абанын температурасы кескин өзгөрүп жатты

2023-жылы Би-Би-Синин Аба ырайы кызматы бүткүл дүйнө жүзү боюнча аптап жана кургакчылык, бороон-чапкын жана суу ташкындары сыяктуу экстремалдуу аба ырайы тууралуу кабарлап турду. Мен өткөн жылдагы таасири эң катуу болгон, аба ырайына байланышкан айрым окуяларга кыскача көз чаптырдым.

Январдан мартка чейинки мезгил

Өткөн жыл Кытайда катуу суук менен башталды, анда жаңы рекорддук төмөнкү температура -53 Цельсийге жетти.

Ошол эле учурда түштүк жарым шарда эки бороон болду. Мурдагы Габриэль циклону Жаңы Зеландияны катуу жамгыр жана 11 метрлик толкундар менен каптады, ал эми Фредди циклону Мадагаскар, Мозамбик жана Малавиге суу ташкындарын алып келип, рекорддук эң узакка созулган тропикалык циклон болуп калды.

Бипаржой циклону июнь айында Индия менен Пакистандын айрым жерлерине катуу селдерди алып келип, Индиянын Гужарат штатынын тургундарын үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз кылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бипаржой циклону июнь айында Индия менен Пакистандын айрым жерлерине катуу селдерди алып келип, Индиянын Гужарат штатынын тургундарын үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз кылган

Апрельден июньга чейинки мезгил

Күндүн ысык аптабы Европа менен Азиянын түштүгүн каптады. Испаниянын чыгышында катуу кургакчылык болуп, Францияда токой өрттөрү күч алды. Индиядан Вьетнамга чейин мектептер жабылып, жолдор эрип, ысыктан каза болгондордун саны кескин көбөйдү. Индияда аптаптан кийин жаан жаап, Бипаржой циклону Гужарат штатына кыйроолорду алып келди.

11-августта Гавайи штатынын Мауи аралындагы Лахайна шаарынын көпчүлүк бөлүгүн, имараттарды жана унааларды катуу шамалдан улам тез тараган токой өртү жалмап кеткен.

Сүрөттүн булагы, HAWAI'I DLNR

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 11-августта Гавайи штатынын Мауи аралындагы Лахайна шаарынын көпчүлүк бөлүгүн, имараттарды жана унааларды катуу шамалдан улам тез тараган токой өртү жалмап кеткен

Июлдан сентябрга чейинки мезгил

Жайында түндүк жарым шарда ысык толкундар АКШнын түштүк-батышынан Кытайга чейин жетти. Канадада катталган эң ири токой өртү учурунда күйгөн аймак сезондук орточо көрсөткүчтөн жети эсе көп болгон. Өрт Гавайи аралын да каптады, ал жерде жалын Мауидеги Лахайна тарыхый шаарчасынын көп бөлүгүн жок кылды.

Сентябрды Жер Ортолук деңизинде акыркы он жылдагы эң коркунучтуу бороон болуп өттү. "Даниел" бороонунан улам Грециянын чыгышында 24 сааттын ичинде алты айда жаай турган көлөмдөгү жаан жаады. Андан кийин, бороон Ливиянын жээгине тийгенде, жамгыр эки дамбаны кыйратып, 4000ден ашуун адамдын өмүрүн алган катастрофалык суу ташкынына себеп болду.

Ливиянын чыгыш аймагындагы "Даниел" бороонунан улам катуу жааган жамгыр Дерна шаарынын түштүгүндөгү эки дамбанын урап калышына алып келди

Сүрөттүн булагы, STR/EPA-EFE/REX/SHUTTERSTOCK

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ливиянын чыгыш аймагындагы "Даниел" бороонунан улам катуу жааган жамгыр Дерна шаарынын түштүгүндөгү эки дамбанын урап калышына алып келди

Октябрдан декабрга чейинки мезгил

Ал эми “Отис” бороону Мексиканын түштүгүн, Акапульконун айланасын каптады. Ал тездик менен күчөп, Тынч океандын чыгышындагы эң күчтүү бороон болуп калды. Ошол эле учурда, Европада “Сиаран” бороону Ла-Манш аркылуу Франциянын түндүгүнө суу ташкындарын алып келип, каттамдарды, электр жарыгын үзгүлтүккө учураткан. Жерси аралы тарыхтагы эң күчтүү торнадого кабылды.

Октябрда 5-категориядагы бороондон кийин Мексиканын жээгиндеги Акапулько шаарынан туристтер эвакуацияланган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Октябрда 5-категориядагы бороондон кийин Мексиканын жээгиндеги Акапулько шаарынан туристтер эвакуацияланган

Быйылкы жылы бизди кандай аба ырайы күтөт?

Кээ бир илимпоздор Эль-Ниньо кубулушунун толук таасири келерки жылга чейин сезилбейт деп болжолдоп жаткандыктан, божомолдорго ылайык 2024-жыл 2023-жылдай эле өтө ысык жылдардын тизмесине кириши мүмкүн, бүткүл дүйнө боюнча дагы катаал аба ырайы катталышы ыктымал .