Аянычтуу Арал деңизи

Борбордук Азиядагы Арал деңизинин соолушу дүйнөдөгү эң ири экологиялык кырсыктардын бири болуп калды. Аянты боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Арал көлү баштапкы көлөмүнөн үчтөн бирге азайды.

Британиялык жаш фотосүрөтчү Катриона Грей Арал деңизине саякаттап барып келди. Бул Нукустун жанындагы Мистакан күмбөзү.
Мусулман зыяратчылар үчүн ыйык жай болуп саналат. Анын тарыхы биздин заманга чейинки төртүнчү кылымга зороастризм дооруна кетет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британиялык жаш фотосүрөтчү Катриона Грей Арал деңизине саякаттап барып келди. Бул Нукустун жанындагы Мистакан күмбөзү. Мусулман зыяратчылар үчүн ыйык жай болуп саналат. Анын тарыхы биздин заманга чейинки төртүнчү кылымга зороастризм дооруна кетет.
Мистакан күмбөзүндөгү мүрзөлөр. Каракалпактардын мүрзөлөрүнөн байыркы зороастризмдин учурундагы сөөк коюу салтынын таасири сезилет.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мистакан күмбөзүндөгү мүрзөлөр. Каракалпактардын мүрзөлөрүнөн байыркы зороастризмдин учурундагы сөөк коюу салтынын таасири сезилет.
Судочидагы балыкчы. Арал деңизине жетпей Судочи көлүнө баратып ээн калган балыкчылар кыштагы Урганы көрөсүз. Бул жерде дагы эле балык кармап оокат кылган балыкчылар жашайт. Бул балыкчы көлөкөдө эс алып отурат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Судочидагы балыкчы. Арал деңизине жетпей Судочи көлүнө баратып ээн калган балыкчылар кыштагы Урганы көрөсүз. Бул жерде дагы эле балык кармап оокат кылган балыкчылар жашайт. Бул балыкчы көлөкөдө эс алып отурат.
Ургадагы орустардын мүрзөсү. Урга кайсы бир учурда орус православдары жердеген жер болгон, кийин совет учурунда бул кыштакты балыкчылар байырлаган.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ургадагы орустардын мүрзөсү. Урга кайсы бир учурда орус православдары жердеген жер болгон, кийин совет учурунда бул кыштакты балыкчылар байырлаган.
Бизге жол көрсөткөн ГИД ушул жакта туулуп өскөн. Ал өзүн мекенинде жакшы сезип жатты, ал биздин жалаң эле социалдык жана экологиялык көйгөрлөрд көрбөй, жер шартынын кооздугу менен сулуулугун да көрүшүбүздү каалап жатты. Ал деңиз жээгиндеги ылайды кечип жатып да кубанычтын кучагында болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бизге жол көрсөткөн ГИД ушул жакта туулуп өскөн. Ал өзүн мекенинде жакшы сезип жатты, ал биздин жалаң эле социалдык жана экологиялык көйгөрлөрд көрбөй, жер шартынын кооздугу менен сулуулугун да көрүшүбүздү каалап жатты. Ал деңиз жээгиндеги ылайды кечип жатып да кубанычтын кучагында болду.
Биз Арал деңизин караган дөбөдө чатыр тигип түнөп калдык. Ошол кырдан теребелдин көрүнүшү.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Биз Арал деңизин караган дөбөдө чатыр тигип түнөп калдык. Ошол кырдан теребелдин көрүнүшү.
Кургап жарылган жерлер. Мурдагы деңиздин түбү болуп, кийин куурап калган мындай жерде эч нерсе өспөйт.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кургап жарылган жерлер. Мурдагы деңиздин түбү болуп, кийин куурап калган мындай жерде эч нерсе өспөйт.
Казак мүрзөсү. 30-жылдарда ачкачылык учурунда көп казактар Өзбекстан тарапка келип жан сактап калышкан. Жолдо кыйналып өлгөн адамдардын сөөгү коюлган мүрзөлөр азыр дагы бар.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Казак мүрзөсү. 30-жылдарда ачкачылык учурунда көп казактар Өзбекстан тарапка келип жан сактап калышкан. Жолдо кыйналып өлгөн адамдардын сөөгү коюлган мүрзөлөр азыр дагы бар.
Эки жагын суу жеп, жар кылып кеткен кууш жерлер. Арал деңизи кургап калгандан кийин анын ордунда терең-терең жарлар жана аңдар пайда болду.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки жагын суу жеп, жар кылып кеткен кууш жерлер. Арал деңизи кургап калгандан кийин анын ордунда терең-терең жарлар жана аңдар пайда болду.
Аралкум. Биз 150 чакырым аралыктагы качандыр бир кезде деңиздин түбүндө жаткан Аралкум чөлүнө жеттик. Жердин куту качып, туз баскан, аба кургак, чаң жыттанат. ЮНЕСКО колдоого алып жаткан долбоор боюнча мындай куруган жерлерди жашылдандыруу жана жан киргизүү аракеттери көрүлүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аралкум. Биз 150 чакырым аралыктагы качандыр бир кезде деңиздин түбүндө жаткан Аралкум чөлүнө жеттик. Жердин куту качып, туз баскан, аба кургак, чаң жыттанат. ЮНЕСКО колдоого алып жаткан долбоор боюнча мындай куруган жерлерди жашылдандыруу жана жан киргизүү аракеттери көрүлүүдө.
Уч-Сай кыштагындагы коргоочу тумар. Көптөгөн үйлөрдүн сыртында суу көздөн сактай турган коргоочу тумарлар илинип турат. Кызыл-тазыл боелген калемпир же ичине түрлүү буюм салынган бөтөлкөлөр илинип турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уч-Сай кыштагындагы коргоочу тумар. Көптөгөн үйлөрдүн сыртында суу көздөн сактай турган коргоочу тумарлар илинип турат. Кызыл-тазыл боелген калемпир же ичине түрлүү буюм салынган бөтөлкөлөр илинип турат.
Мойноктогу жер сүзгөн кеме. Кайсы бир убакта кызуу кыймылдагы порт болгон жерде эми дат баскан кеменин калдыгы гана турат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мойноктогу жер сүзгөн кеме. Кайсы бир убакта кызуу кыймылдагы порт болгон жерде эми дат баскан кеменин калдыгы гана турат.