Жапония “Фукусима” АЭСинен чыккан млн тонна радиоактивдүү сууну океанга агызат

Сүрөттүн булагы, EPA
Жапония жакын арада “Фукусима-1” атомдук электр станциясынан (АЭС) млн тоннадан ашуун радиоактивдүү сууну деңизге агызууну көздөп жатат - ал жерде 2011-жылы ири авария болгон. Министрлер кабинетинин өткөн аптадагы жыйынында бул быйыл жайында же жазында болушу мүмкүн деп айтылды.
Фукусимадагы кырсыктын кесепети Кыргызстанга чейин жеткен. Анда Жапониядан келген 200гө чукул радиоактивдүү унаа өлкөнүн аймагына кирген, бирок Бажы кызматы аларга бөгөт койгон. Учурда алар Аламүдүн-1 кичи районунда сакталууда.
АЭСтин оператор-компаниясы TEPCO билдиргендей, алгач суудагы радиациянын деңгээли тийиштүү деңгээлге түшүрүлөт. МАГАТЭ жапон бийлигинин пландарын “кыйла коопсуз” деп эсептеп, бул сунушту колдоду.
АЭСтен радиоактивдүү сууну агызуу 2021-жылдын апрель айында пландалган. Ал үчүн керектүү инфраструктура эки жылда даярдала турганы маалымдалган.
Жапониянын ошол кездеги премьер-министри Ёсихидэ Суга “АЭСти эксплуатациядан чыгарып, “Фукусиманы” бүтүндөй реконструкциялоодо үчүн тазаланган сууну агызып салуу керек” деп белгилеген.
Бирок ошондо да Жапониянын кошуналарын бул план чочулаткан. Кытай Токионун чечимин “жоопкерчиликсиз” деп атаган, ал эми Түштүк Корея Жапониянын Сеулдагы элчисине чакырып, нааразылык билдирген.
Атомдук электр станциянын өзүндө аны толугу менен эксплуатациядан чыгаруу иштери көптөн бери жүрүп жатат, бирок бул процесс 40 жылга созулушу мүмкүн.
Эмнеге шашылыш?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Жапония радиоактивдүү сууну агызуу АЭСти эксплуатациядан чыгаруу үчүн зарыл деп эсептейт. Ошондой эле өлкө бийлиги дүйнө жүзү боюнча алгылыктуу стандарттарга чейин тазаланган суу АЭСтерден деңиздерге агызылганын кошумчалады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Күн сайын “Фукусимага” 100 куб метр булганган суу кошулат - бул жер астындагы жана деңиз сууларынын, мындан сырткары, реакторлорду муздатуу үчүн колдонулган суунун аралашмасы.
Бул суу чыпкаланып, резервуарларда сакталат: учурда ал жерде 1,3 миллион тоннадан ашуун суу топтолгон, бирок жакын арада орун калбай калат. Бул танктарды тейлөөгө жылына 900 млн долларга чукул каражат сарпталат.
TEPCO’нун билдиришинче, суу агызуудан алдын радиоактивдүү изотоптордун көбүнөн тазаланат, бирок тритийдин деңгээли улуттук стандарттардан жогору болот.
Тритий - суутектин радиоактивдүү изотопу. Адистер тритийди суудан бөлүп чыгаруу өтө кыйын болгонун, бирок ал өтө чоң көлөмдө гана коркунуч жаратканын айтышат. Тритий чыгарган радиация адамдын терисинен да өтөт албайт. Мындан тышкары, океанга агызылганга чейин суу суюлтулуп, андагы тритийдин деңгээли максималдуу жол берилген денгээлден кыйла төмөн болот.
Анткен менен бул билдирүүгө баары эле ишенген жок. Сынчылар 2014-жылы Scientific American журналында жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгын келтиришет, ага ылайык, тритий адамдын организмине түшкөндөн кийин рак оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатат. Мындан тышкары “Фукусимадан” чыккан сууда башка зыяндуу радиоактивдүү изотоптор калышы мүмкүн, жадагалса АЭСтин жетекчилиги да алардан көп жылдык тазалоодон кийин да толук арылуу мүмкүн эмес экенин моюнга алууда.
Жапон бийликтери өз кезегинде сууну тазалоо жана суюлтуу процессинин эффективдүүлүгүн баса белгилешет. Ал эми басма сөз жыйында жооптуу жетекчилердин бири атүгүл “булганган” деген терминди колдонбоону талап кылды, анткени бул, анын айтымында. коомчулукту адаштырышы мүмкүн.
“Фукусимада” 2011-жылы эмне болгон?
2011-жылы мартта Жапониянын Чыгыш жээктеринде 9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Саналуу минуталардан кийин жээктеги шаарларды цунами каптады. Көп өтпөй "Фукусима-1" АЭСинде өзөктүк катастрофа болуп, дүйнөдөгү эң үрөй учурган кырсык катары таанылган.
АЭС системасы зилзала тууралуу сигналды кабыл алып, өзөктүк реакторлорун автоматтык түрдө өчүргөн. Бирок 15 метрге чейин жеткен гигант толкундар тосмолорду ашып өтүп, станциянын суу каптаган. Ошентип радиоактивдүү материалдар чачылган.
Кырсык болгон аймакта иштеп жаткан 11 өзөктүк реактордо авариялык өчүрүүлөр болду.
Жалпысынан АЭСтин коопсуздук системасы план боюнча иштеди. Бирок муздатуу системасынын жарым-жартылай бузулушу жана электр энергиясынын өчүрүлүшү 1970-1974-жылдары ишке киргизилген эң эски үч реактордо кайтарылгыс процесстерге алып келди.
Өлкө бийлиги тез арада ууланган аймактын чек арасын аныктап, бирок радиация сыртка чыгып кеткендиктен чектер кеңейе берди. Натыйжада 150 миңден ашуун киши 2-3 күндүн ичинде үйүнөн көчүрүлдү.
Он жыл өтсө деле кырсык болгон аймак ээн турат. Кишилер кайрылып баруудан коркот. Кырсыктын кесепетин жоюуга триллиондогон йен сарпталды. Бирок дале аягына чыга элек. (EB)












