Чернобыль алааматы: авариядан кийинки тарыхый сүрөттөр

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Абайлагыла, үрөй учурган сүрөттөр болушу мүмкүн!

Украиналык фотожурналист Игорь Костин 1986-жылдын 26-апрелиндеги Чернобылдагы өзөктүк реактор кыйроого учураган алааматты сүрөткө тарткандардын бири.

Костиндин сүрөттөрүн советтик жетекчилик авариядан бир нече апталардан кийин гана чыгарууга уруксат берген. Ал сүрөттөр дүйнөгө кырсыктын масштабын көрсөттү.

Алааматтан кийин фотограф кырсык болгон аймакка барып, анын кесепеттерин тартып берүүгө аракет кылган. Андан сырткары радиоактивдүү зыяндын Украина менен Беларустагы кишилерге, жаныбарларга кесепетин тартты.

Игорь Костин 2015-жылы 78 жашында автокырсыктан каза тапты. Анын тарыхый сүрөттөрүн Би-Би-Си үй-бүлөсүнөн алды.

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Жоокерлер анчалык корголбогон кийимдер менен үчүнчү энергоблоктун чатырын тазалап жатышат.

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Авариянын кесепети менен күрөшкөн куткаруучулардын көбү колго жасалган коргоочу кийимдерди кийишкен.

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Москвадагы №6-оорукана эң оор абалдагы бейтаптарды кабыл алган. Алардын арасында радиокативдүү өрттү биринчилерден болуп өчүрүүгө аракет кылган өрт өчүргүчтөр бар эле.

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Игорь алааматтан кийин Беларуста жарык дүйнөгө келген. Сүрөт Балдар үйүндө тартылган, анткени ата-энеси баладан баш тартып кеткен. Беларусь деле Украина сыяктуу радиоактивдүү зыяндуу нурдан жапа чеккен

ЖМК маалыматтарына таянсак, 1990-жылдары Игорду англиялык аял гезиттен көрүп, кийин асырап алган.

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Алааматтын биринчи жылдары мутацияга айбанаттар кабылган.

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Чорнобиль

Сүрөттүн булагы, Ігор Костін/Law Net

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөтчү Игорь Костин Хиросимадагы ооруканда Радиациалык медицина институтунун кароосунда

1986-жылы 26-апрелге караган түнү Украинанын Чернобыль АЭСинде жарылуу болуп, болжолу Хиросиманын күлүн көккө сапырган "Малыш" атом бомбасынан 400 эсе көп радиоактивдүү заттар айлана-чөйрөгө тараган.

Курмандыктардын саны боюнча чоң айырмачылыктар бар. БУУнун расмий маалыматында 50 киши авария кесепетинен каза таап, андан кийинки зыяндуу нурдан төрт миңдей киши көз жумганы айтылат.

Бирок башка изилдөөлөр андан кийинки он жылдыктагы радиоактивдүү нурлануунун курмандыктарын жүз миңдеп санашат. Чернобыль АЭСиндеги жарылуунун кесепетинен каза тапкандар 200 миң кишиге чейин жеткен деп айтылат кээ бир изилдөөлөрдө.