"Фукусимадагы" өзөктүк алааматка 10 жыл: кесепети, азыркы жагдайы

Сүрөттүн булагы, Reuters
Мындан толук он жыл илгери Жапониянын Чыгыш жээктеринде 9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкө тарыхында мындай кубаттуу жер силкинүүсү болгон эмес эле. Саналуу минуталардан кийин жээктеги шаарларды цунами каптады. Көп өтпөй "Фукусима-1" АЭСинде өзөктүк катастрофа болуп, дүйнөдөгү эң үрөй учурган кырсык катары таанылган.
АЭС системасы зилзала тууралуу сигналды кабыл алып, өзөктүк реакторлорун автоматтык түрдө өчүргөн. Бирок 15 метрге чейин жеткен гигант толкундар тосмолорду ашып өтүп, станциянын суу каптаган. Ошентип радиоактивдүү материалдар чачылган.
Өлкө бийлиги тез арада ууланган аймактын чек арасын аныктап, бирок радиация сыртка чыгып кеткендиктен чектер кеңейе берди. Натыйжада 150 миңден ашуун киши 2-3 күндүн ичинде үйүнөн көчүрүлдү.
Он жыл өтсө деле кырсык болгон аймак ээн турат. Кишилер кайрылып баруудан коркот. Кырсыктын кесепетин жоюуга триллиондогон йен сарпталды. Бирок дале аягына чыга элек.
Кырсыктын хронологиясы
"Фукусима-1" АЭСи Окума шаарында жайгашкан. Токио менен аралыгы болжолу 220 километр. 2011-жылдын 11-мартында жергиликтүү убакыт боюнча 14:46да АЭСтен 95 чакырым алыстыктагы Сендай шаарында катуу жер титирөө катталат. Жээкте жайгашкан райондордо цунами болот деген эскертүүдөн кийин тургундардын качып чыгышына 10 гана минута убакыт болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Фукусиманын" резервдик генератор жана батареялар жайгашкан жертөлөсүн суу каптады. Станцияда авариялык муздатуу системасы иштен чыккан. 15-мартта АЭСтин жетекчилиги кырдаал өтө оор экенин ачык айтып, станциянын аймагында иштеп жаткан куткаруучулардын баарын коопсуз жайга чыгарып кетүү зарылдыгын айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эрте менен саат 6:10до 3-блокто кубаттуу жарылуу болду. Чукул эвакуация 11-мартта эле башталып, 20 чакырым аралыктагы тургундар бүт коопсуз жайга чыгарылган.
Канча киши жабыр тартты?
"Фукусимадагы" аварияда кишилей чыгым болгон жок. Жарылуудан 16 кызматкер жаракат алып, ондогондору зыяндуу нурдан жапа чеккен. Авария болгон күнү АЭСтин үч кызматкери ооруканага түшкөн.
Бирок калкты эвакуация кылууда ооруканадагы 50 оор абалдагы бейтап каза тапкан. Дарыгерлер кийинки жылдары физикалык жана психологиялык стресстен 2300 өлүм-житим болгонун айтышат. Бирок мунун авария менен байланышы расмий ырасталган эмес.
2018-жылы Жапония нурлануудан кишилей чыгым болгонун моюнуна алды. Авриянын кесепетин жоюга катышкандардын бири каза тапкан. Анын курагы 50 жаштан өйдө деп айтылып, бирок ысымын жарыялашкан эмес. Анын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп беришкен.
Мындан сырткары авариянын кесепетинен саламаттыгы бузулган төрт кишини кырсыктан жабыркады деп табышкан. Жапониялык жана чет жерлик окумуштуулар станциянын жака-белин эске албаганда, радиациялык тобокелдиктер аз болду деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Фукусимадагы" авария эл аралык масштабдагы өзөктүк кырсыктардын эң жогорку шкаласы менен көрсөтүлгөн. Мындай рейтинг Чернобыль АЭСиндеги аварияга берилген эле.
Жапониядагы зилзала жана цунаминин кесепетинен 18,5 миң адам каза таап жана дайынсыз жоголду. Жарым миллион киши үй-жайынан айрылды.
Кимдин күнөөсү?
Кырдаалды баалаган көптөгөн адистер Атомдук электр станциясындагы коргоо системасы мындай масштабдагы кырсыкка даяр эмес деген пикирде. Андан сырткары станциянын жетекчилиги менен өкмөттүн реакциясы тез жана чечкиндүү болгон жок деп эсептешет.
Жапон парламентинин демилгеси менен көз карандысыз иликтөө жүрүп, кырсыктын себеби адам фактору деп айтылган. Техникалык коопсуздук боюнча мүчүлүштүктөр кеткени белгиленген. Авариядан кийин "шалаакылык кылган" деп, үч кишиге кылмыш иши козголуп, 2019-жылы соттон акталышты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2012-жылы ошол кезде жапон өкмөтүнүн башында турган Ёсихико Нода бул окуяда мамлекет өзүнүн айыбын моюнуна алат деп айткан. 2019-жылы сот бийликке айрым жоопкерчиликти милдеттендирип, кырсыктан жапа чепккендерге кенемте төлөп берүү тууралуу чечим чыгарды.
Кырсыктын кесепети
Он жыл өтсө дагы Жапониянын түндүк-чыгышындагы бир нече шаар дагы деле жабык турат. Тургундар ал жакка кайтып баруусуна азыр мүмкүн эмес. Бирок бийлик кырсыктын кесепетин толук жоюп, аягына чыгарабыз деп убада кылган. Чынында баш-аягы 30-40 жыл кетиши мүмкүн. Кырсык болгон жерден миллион тонна радиоактивдүү сууну жана башка калдыктарды тазалап, залалсыздандыруу керек.
2020-жылы жапон басылмалары радиациядан тазаланган сууну Тынч океанга агызуу 2022-жылдын башында болот деп кабарлаган. Айрым окумуштуулар мунун айлана-чөйрөгө зыяны болбойт деп ишендирүүдө. Бирок "Гринпис" экологдору тазалагандан кийин дагы майда бөлүктөрү сакталып калат деп эскертти. Жапон бийлиги калдыктар боюнча акыркы чечимин кабыл ала элек. Азыр бизге белгилүү болгон жагдай - катастрофа болгон радиуста мурдакы жашоону калыбына келтирүү мүмкүн эмес. (AbA)









