Жапония "Фукусимадагы" сууну океанга агызууну чечти. Коңшу өлкөлөр каршы

2011-жылы мартта Жапониянын Чыгыш жээктеринде 9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Саналуу минуталардан кийин жээктеги шаарларды цунами каптады. Көп өтпөй "Фукусима-1" АЭСинде өзөктүк катастрофа болуп, дүйнөдөгү эң үрөй учурган кырсык катары таанылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2011-жылы мартта Жапониянын Чыгыш жээктеринде 9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Саналуу минуталардан кийин жээктеги шаарларды цунами каптады. Көп өтпөй "Фукусима-1" АЭСинде өзөктүк катастрофа болуп, дүйнөдөгү эң үрөй учурган кырсык катары таанылган

Жапон өкмөтү мындан он жыл мурунку зилзаладан кийинки цунамиден жабыр тарткан "Фукусима-1" атомдук электростанциясындагы 1 млн тоннадай сууну океанга агызууну чечти.

2020-жылы жапон басылмалары радиациядан тазаланган сууну Тынч океанга агызуу 2022-жылдын башында болот деп кабарлаган. Айрым окумуштуулар мунун айлана-чөйрөгө зыяны болбойт деп ишендирүүдө. Бирок "Гринпис" экологдору тазалагандан кийин дагы майда бөлүктөрү сакталып калат деп эскерткен.

Токио радиациядан тазаланган сууну океанга агызуунун эч кандай зыяны болбойт деп ишендирүүдө. Коңшу өлкөлөр буга кабатырлануусун билдирди.

Жапон бийлиги сууну океанга агызууга даярдык көрүү иштери эки жылга созулушу мүмкүн экенин айтты. Бул аралыкта Tokyo Electric Power станциясынын оператору зыяндуу заттардан тазалайт.

Токио цунамиден жабыркаган станцияны комплекстүү түрдө эксплуатациялоо үчүн сууну агызуу зарыл дейт. Ошондой эле чыпкаланган суу дүйнө жүзүндөгү атомдук станциялардан үзгүлтүксүз чыгарылып турарын белгиледи.

АЭС жумушчулары

Сүрөттүн булагы, AFP

Reuters жазгандай "Фусиманы" толук суу басып калган. Андагы 1,3 млн тонна сууга 500 чамалуу олимпиада бассейнин толтурууга мүмкүн. Суулар кооптуу радиоактивдүү заттардан тазаланган. Бирок техникалык жактан тазалоого мүмкүн болбогон дагы зыяндуу заттар бар.

Жапония сууну агып чыкканга чейин зыяндуу заттардан тазаланып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ичүүчү суунун стандартына жооп берген абалда болот деп айтты.

Түштүк Корея менен Кытай бул маселеге кабатыр болууда. Кытай коңшу өлкөлөр жана Эл аралык атом энергиясы агенттиги менен макулдашууга жеткенге чейин сууну агызуу жараяны башталбашы керек деди.

2011-жылы мартта Жапониянын Чыгыш жээктеринде 9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Саналуу минуталардан кийин жээктеги шаарларды цунами каптады. Көп өтпөй "Фукусима-1" АЭСинде өзөктүк катастрофа болуп, дүйнөдөгү эң үрөй учурган кырсык катары таанылган.

АЭС системасы зилзала тууралуу сигналды кабыл алып, өзөктүк реакторлорун автоматтык түрдө өчүргөн. Бирок 15 метрге чейин жеткен гигант толкундар тосмолорду ашып өтүп, станциянын суу каптаган. Ошентип радиоактивдүү материалдар чачылган.

Өлкө бийлиги тез арада ууланган аймактын чек арасын аныктап, бирок радиация сыртка чыгып кеткендиктен чектер кеңейе берди. Натыйжада 150 миңден ашуун киши 2-3 күндүн ичинде үйүнөн көчүрүлдү.

Он жыл өтсө деле кырсык болгон аймак ээн турат. Кишилер кайрылып баруудан коркот. Кырсыктын кесепетин жоюуга триллиондогон йен сарпталды. Бирок дале аягына чыга элек.

2020-жылы жапон басылмалары радиациядан тазаланган сууну Тынч океанга агызуу 2022-жылдын башында болот деп кабарлаган. Айрым окумуштуулар мунун айлана-чөйрөгө зыяны болбойт деп ишендирүүдө. Бирок "Гринпис" экологдору тазалагандан кийин дагы майда бөлүктөрү сакталып калат деп эскертти. Жапон бийлиги калдыктар боюнча акыркы чечимин кабыл ала элек. Азыр бизге белгилүү болгон жагдай - катастрофа болгон радиуста мурдакы жашоону калыбына келтирүү мүмкүн эмес.