Өз ишеними үчүн аскердик абакка камалган эркектер

Ео Чжэн Е

Сүрөттүн булагы, Ео Чжэн Е

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ео Чжэн Е Сингапурдун түрмөсүндө эки жарым жыл отуруп чыккан

Ео Чжэн Е түрмөгө отуруп калышын билсе дагы Сингапурда жашап өстү.

Жахабанын Күбөлөрү уюмунун мүчөсү катары анын ишеними курал-жарак кармоого жана согушка тиешеси болгон уюмдарга кирүүгө жол бербейт.

Ошентип ал 20 жашында милдеттүү аскердик кызматтан баш тартып, абийир эркиндиги үчүн аны түрмөгө камашкан.

Сингапур эч ким менен согушуп жаткан болбосо да аскердик кызмат өтөө бардык алты саны аман эркек жарандарга жана экинчи муундагы туруктуу жашагандарга 18 жашка толгондо милдеттүү.

1970-жылдан бери орто эсеп менен алты Жахабанын күбөсү эч кандай кылмыш кылган өтмүшү жок болсо да жыл сайын аскердик абакка кесилип келген.

Ео Чжэн Е дээрлик үч жылын түрмөдө өткөрдү. Бул аскердик кызмат өтөгөнгө караганда бир аз көбүрөөк.

Абакта ал таңкы саат 5те туруп дааратканаларды жана кир бут кийимдерден улам кир болгон 200 метрлик коридорду жуучу.

Камерада таңкы саат 8деги ат чакырып түгөлдөөдөн кийин ал бакчаны карап, кир жууганга убакыт бөлчү.

“Жахабанын күбөлөрүнөн күндө абактагылар жасаган окутууларга жана кум салынган каптар менен көнүгүүлөргө катышуу талап кылынбайт”, - деди ысымын атагысы келбеген мурдагы аскердик полиция кызматкери.

Ео Чжэн Е түрмөгө көнүүгө болжолдуу бир жылдай убакыт керектелгенин айтат.

“Мен көп жолу, көп күн ыйладым. Мен түрмөгө барганга чейин эле, ал жерден эки жарым жылча чыга албасымды, үй-бүлөмдү, досторумду көрө албасымды түшүнүп ыйладым”, - дейт ал.

Үмүтсүздүктүн ичинде жанып турган бир жарык бар болчу. Ео Чжэн Енин агасы да бир жыл мурда абакка кесилип кеткен эле. Алар агасы экөө тең бир жыйындын мүчөлөрү жана туулган күндөрү да бир күндө.

“Жок дегенде агамды көргөнү барам деп ойлодум”.

Сингапурда аскерге чакыруу

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттөгүдөй аскерге чакырылгандар эки жыл кызмат өтөшөт

Ишенгендердин үй-бүлөсү

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ео Чжэн Е менен агасы бала кезде Жахабанын күбөлөрүнүн ишеними менен таанышкан.

Алардын атасы Жахабанын күбөлөрүнүн жыйынына аскердик кызматын өтөгөндөн кийин кошулган экен.

Аскерге чакырылгандар алгачкы эки жылдык кызматты өтөгөн соң жыл сайын бир жолу бир нече аптага созулган резервдик кызматты өтөөгө милдеттүү. Ал он жылга чейин уланат.

Ео Чжэн Енин атасы дагы ишениминен улам абакта отуруп чыккан.

“Апам жыйындын мүчөсү эмес, бирок ал агам экөөбүздүн түрмөгө кесилишибизди билген. Себеби, атам дагы бир нече жолу камакка алынып, кээде жумушун тобокелге салчу”, - деди ал.

Мыйзам боюнча, шаардагы жумуш берүүчүлөр кызматкерлерди резервдик машыгууларга жыл сайын коё бериши керек. Бирок, баш тарткан Жахабанын күбөлөрү 40 же андан көбүрөөк күнгө аскердик түрмөгө түшүп, мындай мүмкүнчүлүккө ээ боло алышпайт.

Жахабанын күбөсү жана музыка мугалими Жордан Чиа резервдик кызмат өтөөгө экинчи жолу чакырганда баш тартканы үчүн абакка жети айга кесилип кеткен.

“Оор болду. Себеби, канчага чейин камакта болорумду билген жокмун. Жумуш берүүчүлөргө мени кармап турууга милдеттүү эмес экенин айткам”, - деди Жордан Чиа Би-Би-Сиге.

“Бирок, бактыга жараша, алар жумушумду кармап турушуптур”.

Дин жана мамлекет

Абийир эркиндигине байланыштуу аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткандарды түрмөгө отургузуунун айланасындагы маселелер Сингапурдун парламентинде бир нече жолу көтөрүлгөн.

Бирок министрлер аскерге чакыруу боюнча мындай катуу саясат керек экенине басым жасап, “Сингапур сыяктуу чакан өлкөнүн коопсуздугу үчүн аскердик кызмат өтөө зарыл” экенин айтышкан.

“Эч бир сингапурлук бир нерсеге шылтап, улуттук коргоо аракеттерине салымын кошуу милдетинен өзүн бошотпошу керек. Ар бир сингапурлук Улуттук кызмат камсыздаган тынчтык жана коопсуздуктан пайдаланат”, - деген Матиас Яо 1998-жылы парламентте сүйлөп жатып. Ошол учурда ал коргоо министри эле.

Би-Би-Си Сингапурдун Коргоо министрлигине бул маселе боюнча кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды:

“Диний негизде милдеттүү аскердик кызматтан бошотуудан баш тартуу себептери парламентте айтылган жана өзгөртүүсүз калган”.

Жахабанын күбөлөрү Түштүк Кореяны мисал келтирип, аталган саясатты өзгөртүүнү өтүнүшкөн.

Былтыр октябрь айында Сеул Жахабанын күбөлөрүн түрмөгө камоону токтотуп, диний же жеке себептерден улам аскерге чакырууга каршы болгондорго жаңы жобо киргизген. Алар абактагы кызматкерлердей болуп иштеп үч жыл убакыт өткөрүшү керек болуп калган.

Азыр алар түрмөдө камалгандар менен эмес, бирок ошол эле абактагы өзүнчө бөлөк жерде жашап иштейт жана жыл сайын бир нече аптага созулган өргүү да алышат.

Аскерлер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Диний уюмдун мүчөлөрү аскердик эмес, жарандык тармакта кызмат өтөө боюнча көп жолу кайрылганын айтат

“Сингапурдагы мүчөлөрүбүз коомго орундуу салым кошкусу келгенин айтып, бийлик өкүлдөрүнө үзгүлтүксүз кайрылып келишет”, - деди Жахабанын күбөлөрүнүн Азия-Тынчтык океан бирикмесинин өкүлү.

Ео Чжэн Е дагы өрт өчүрүү сыяктуу жарандык тармакта кызмат өтөө боюнча көп жолу кайрылганын айтат. Аталган тармакка да айрым эркек кишилерди кызмат өтөөгө чакырып турушат.

Альтернативдик кызмат өтөө эл аралык колдоо да тапкан.

Европанын Адам укуктары боюнча конвенциясында жарандар үчүн альтернативдик кызматтын формалары туурасында төмөнкүдөй жазылган.

“Өлүмгө алып келе турган күчтү колдонуу абийир эркиндигине, динине же ишенимине карама-каршы келет деп ишенген жарандар үчүн альтернативдик кызматтын формаларын мамлекеттер камсыздашы керек”.

“Бирок, Сингапур эл аралык милдеттенмелерин иш жүзүндө аткарбай жаткан жок. Анткени, ал аталган конвенцияга кол койгон эмес”, - дейт Пол Хежес. Ал Сингапурдагы С.Ражаратнама Эл аралык мамилелер мектеби аттуу аналитикалык борбордун жана жогорку мектептин диндер аралык изилдөө багытындагы профессору.

“Аскердик кызмат өлкөнүн улуттук коопсуздук жөнүндөгү түшүнүгүнө терең сиңип калган. Мамлекет үчүн светтик нормаларын жана кызыл чектерин бузуп өтүү оор”, - дейт Хежес.

“Эки тараптан тең олуттуу өзгөрүүгө карай кадам ташталбаса, мунасага келүү оор болот”, - деп кошумчалады ал.

“Эбегейсиз эркиндик”

Ео Чжэн Е былтыр апрель айында эркиндикке чыккан. Ошол учурда Сингапур коронавирус пандемиясынан улам биринчи карантинди киргизип жаткан.

“Чыгарым менен эле биринчи үй-бүлөм менен эң жакшы көргөн ресторанга бардык. Себеби, бир канча убакытка чейин андай кыла албасымды билгем”, - дейт ал.

Карантин чектөөлөрү июнь айына чейин уланып, азык-түлүк сатып алуу жана көнүгүү жасоо сыяктуу маанилүү иштер үчүн гана жашоочуларга үйлөрүнөн чыгууга уруксат берилген.

“Досторум менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жаттым”, - дейт Ео Чжэн Е. “Үйүм түрмөгө караганда аябай кичинекейдей туюлду”.

Бирок ошондой болсо да ал карантинге чейин өткөргөн жарым күндүн өзү эле укмуштуу болгонун айтат.

“Абактагы жашоо жөнөкөй болчу. Мен сыртка чыкканда жашоо көптөй сезилди. Машиналар, автобустар, кишенсиз эркин жана коменданттык саатсыз басуу”. (EA)