Француз чиркөөсүндөгү зордук: Жабыркагандар чара көрүүнү талап кылууда

Франсуа Дево

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Бул кылмыштар үчүн төлөөгө милдеттүүсүңөр”, - деди мурда зомбулукка кабылгандардын бирикмесин негиздеген Франсуа Дево

Француз католик чиркөөсүндөгү сексуалдык зомбулукка кабылгандар өтө оор иликтөө жарыялангандан кийин чара көрүүнү талап кылып чыгышты.

Иликтөөгө ылайык, 1950-жылдан бери аталган уюмдун диний кызматкерлери 216 миңдей жаш балага, көбүнесе эркек балдарга, сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн.

Поп Франциск иликтөөнүн жыйынтыктарын угуп, “жүрөгү ооруганын” Ватикандын билдирүүсүндө айтылат.

Иш ачыкка чыгып кеткенден кийин зомбулукка кабылгандар кенемте төлөөнү талап кылып жатышат.

Мурда зомбулукка кабылгандардын “La Parole Libérée” (Эркин сөз) бирикмесин негиздеген Франсуа Дево бул “ишенимге кыянат, адеп-ахлакка кыянат, жаш балдарга кыянат” болгонун айтты.

Ал жабыр тарткандарга кенемте төлөп берүүгө чакырды. “Бул кылмыштар үчүн төлөөгө милдеттүүсүңөр”, - деди ал эки жолу баяндаманы жарыялап жаткан иш-чаранын ачылышында.

Оливе Савиняк дагы зомбулукка кабылган. Ал “Parler et Revivre” (Сүйлөп чык жана кайра жаша) аттуу жабыр тарткандардын бирикмесинин башчысы. Оливе баяндаманы “зилзала” деп атады. Ал дагы жабыркагандарга “чыныгы кенемте” төлөп берүүгө чакырды.

“Бул жөн эле бир канча миң евро менен болбогон акча төлөп, аны шыпырып салабыз дегендик эмес. Жок. Бул ар бир адамдын башынан өткөргөн кыйынчылыктарга негизделген чыныгы кенемте болушу кажет”.

Француз чиркөөсү кийинки жылдан тарта жабыр тарткандарга “каржылык колдоо” планы жөнүндө мурдараак жар салган эле.

Зомбулукка кабылгандардын бирикмелери иликтөө жүрүп жатканда “чиркөөдөн ачык жана так жоопторду” күтүп жатканын айтышкан.

Иликтөөгө караганда, зомбулук көрсөткөндөрдүн саны бери эле дегенде 2900-3200 айланасында. Баяндамага ылайык, Францияда зордук-зомбулук көргөн жаш балдардын саны 330 миңге чейин жетиши ыктымал.

Поп Франциск

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ватикандын билдирүүсүндө Поп Франциск жабыркагандар үчүн “терең кайгырып” жатканы айтылат

Ватикандын билдирүүсүндө Поп Франциск жабыркагандар үчүн “терең кайгырып” жатканы жана алардын “ачык сүйлөп чыккан эрдигин” кубаттары айтылат.

Аталган баяндама дүйнө жүзү боюнча Католик чиркөөсүнө каршы зордук-зомбулук, куугунтуктоо жөнүндө көптөгөн билдирүүлөрдөн кийин жарыкка чыгып жатат.

Француз католик чиркөөсүнүн өтүнүчү менен 2018-жылы көз карандысыз иликтөө жүргүзүлгөн. Ал соттун, полиция жана чиркөөнүн документтерин карап, жабыр тарткандар жана күбөлөр менен сүйлөшүп бүткөнчө эки жарым жылга чейин созулган.

Иликтөөдө аныкталган иштердин көпчүлүгү, француз мыйзамдарына ылайык, сотто кароо үчүн өтө эскирип кеткен.

“Жабыркагандарга ишенген эмес”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дээрлик 2500 беттей баяндамада жабыр тарткандардын “көпчүлүк бөлүгү” эркек балдар экени, алар 10-13 жаштарда болгону айтылат.

Анда чиркөө зомбулуктун алдын алмак тургай, ал боюнча арыз жазбай койгону, айрым учурларда билип туруп жаш балдарды “жырткычтар” менен калтырганы белгиленет.

“Ал жерде көптөгөн шалаакылык, мүчүлүштүк, ооз ачпоо, институционалдык жаап-жашыруу болгон”, - деди шейшемби күнү журналисттерге иликтөөнүн башчысы Жан-Мар Сове.

Анын айтымында, 2000-жылдардын башына дейре чиркөө жабыркагандарга карата “терең, толугу менен жана ал тургай аёосуз кайдыгерлик” көрсөткөн.

“Жабыр тарткандарге ишенген эмес, аларды уккан да эмес. Католик чиркөөсүндө сексуалдык зомбулук көйгөй бойдон калууда”, - деп кошумчалады ал.

Иликтөөдө жалпы 115 миң диний кызматкердин ичинен 3200дөй зордук көрсөткөн кишилер боюнча далилдер табылган менен комиссия ал азайтылып айтылып калган болушу мүмкүн дейт.

“Үй-бүлө жана дос чөйрөсүнөн кийин эле, католик чиркөөсү — сексуалдык зордук-зомбулук эң көп катталган чөйрөлөрдүн бири”, - делет баяндамада.

Андан тышкары, иликтөөдө зомбулукка кабылган эркек жана аял кишилердин болжолдуу 60% “эмоционалдык же сексуалдык жашоосунда чоң көйгөйлөргө туш болгону” аныкталган.

Иликтөөдө камтылган иштердин бир бөлүгү гана дисциплинардык чара көрүүгө түрткөн, бирок кылмыш жоопкерчилигине жеткен эмес.

Франциядагы чиркөө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бирок иштердин көпчүлүгүн сот аркылуу жоопко тартуу үчүн өтө эскирип кеткендиктен иликтөө католик чиркөөсүн болуп өткөн окуяларга жоопкерчилик алууга жана жабыр тарткандарга кенемте төлөп берүүгө чакырды.

Анда белгиленгендей, каржылык кенемте зордук-зомбулук көргөндөрдүн баштан өткөргөн кыйынчылыктарын жана алган травмасын жеңилдете албаса да “кабыл алуу процессин аягына чыгаруу үчүн маанилүү”.

Ошондой эле, баяндамада зордук-зомбулуктун алдын алуу, диний кызматкерлерди окутуу жана жабыр тарткандарды моюндоо саясатын иштеп чыгуу боюнча сунуштар берилген.

Франция Епископторунун конференциясынын президенти Архиепископ Эрик де Мулен-Бофордун айтымында, жабыр тарткандардын саны жана алар баштан өткөргөн күндөрү “биз элестете алгыс” болгон.

Дагы бир диний кызматкер Эммануэл Гобиллард Би-Би-Синин “Newshour” программасына бул чиркөө үчүн “аябай маанилүү учур” богонун билдирди.

“Бул системалык экенин, эбегейсиз чоң экенин билебиз. Косметикалык эле өзгөрүүлөрдү жасабай, терең реформага муктажбыз”, - деди ал.

Мурдараак ушул жылдын башында Поп Франциск Рим католик чиркөөсүнүн мыйзамдарын өзгөртүп, сексуалдык зомбулукту ачык түрдө кылмыш деп белгилеген. Бул дээрлик 40 жыл ичинде каралган кылмыш кодексиндеги эң чоң чара. (EA)