“Сексуалдык зомбулукка кабылганымды түшүнбөптүрмүн”

Сексуалдык зомбулукка жол жок

Сүрөттүн булагы, BBC THREE

Бул каттын автору аты-жөнүн ачык жарыялабай, анонимдүү калууну каалады.

Ал жигитти университетте көрүп калчумун. Ал келбеттүү жана акылдуу болчу. Адамдар аны белгилүү инсандай сөз кылчу. Бир учурда анын досу менен кыз-жигит болуп жүрдүк. Бирок, ал экөөбүз жакшы тааныш эмес элек. Аны көргөн сайын, ал мага жаркырап тургандай сезилчү жана ал ар дайым досторунун курчоосунда өзгөчөлөнүп тураар эле.

Ал учурда мен үчүнчү курста окучумун. Соңку экзамендеримди тапшырып, окуумду аяктагандан соң кийинки кадамым тууралуу ойлонуп жүргөм. Ошол жылы жай өзгөчө катуу ысык болду. Күнүгө жаан жааса экен деп эңсечүмүн, бирок аба ырайы ысык бойдон кала берди.

Баарыбыз университеттин жатаканасынан чыгууга камындык. Дээрлик эки апта бою кечинде отуруштар болуп жатты. Окуя ошол түндөрдүн биринде болду.

Отурушубуз шаардын четиндеги жашыруун жерде өтмөк. Бизге кандай кийим кийип баруу, каерде жана качан болоору гана айтылды.

Отурушка эң жакын эки курбум менен даярдандык. Ичимдик ичип, жасандык. Андан кийин такси менен көздөгөн жерибизге чейин бардык. Биз баргандан кийин курбуларым баңгизат колдоно башташты. Мен дагы кошулдум. Буга чейин да бир нече жолу баңигзат колдонуп көргөн элем. Отуруш коопсуз сезилди. Себеби отурушка келген 100дөн ашуун адам бири-бирин таанычу.

Сексуалдык зомбулукка жол жок

Сүрөттүн булагы, BBC THREE

Досторум менен бир топко чейин бийледик. Ошол учурда көзүмдүн кыры менен жактырган жигитти көрүп калдым. Ал бийлегенче акырындык менен мен тарапка жылып келаткандай сезилди. Биз чогуу бийледик. Ал мага ичимдик сунуштады.

Кийинчерээк ойгонсом чөптүн үстүндө жатыптырмын. Отуруш тараптан музыканын дүңкүлдөгөн добушу угулуп жатты. Мен алыс кетпегенимди билдим. Күн суук болчу, чөп болсо ным болуп турду. Үстүмдө бирөө мени зордуктоого аракет кылып жатыптыр. Ал түшүм эмес экендигин аңдадым. Анан анын ким экендигин көрдүм. Өз көзүмө ишенбей турдум. "Кантип? Бул жигитти баары билишет го, мен дагы билем го, ал кантип мындайга барды?", - деген ой келди. "Сени тааныган адамдар мындай кадамга барышпайт, туурабы?", - деп айттым да, мен ага кадамдарым менен муну каалап жатам дегендей кандайдыр бир белги бердимби деп ойлодум.

"Кандай болгон күндө да сен меникисиң" деп үнүн акырын чыгарып, кырс сүйлөдү. Ага чейин ал мага жылуу-жумшак сүйлөп келген болсо, эми анын үнүнөн кыжырданганы жана ачуусу келгени байкалды. Мен эмне деп айтарымды билбей турдум. Алыстан араң угулуп жаткан музыканын добушундай үнүм буулуп турду. Ага "токтот" деп айтууга аракет кылдым, бирок үнүм чыкпай жатты. Ал андан ары күч колдонуп, мени зордуктоого өттү.

Мен ал жерде өз денемди таштап, учуп жүргөндөй сезилди. Денем ошол жерде кала берди. Бирок өзүм башка жерге учуп кеткендей болдум. Акырындап күн чыга баштады. Эрте мененки саат беш, балким алты болгон го дедим. Жеңилдей түшкөнсүдүм. Караңгыда эмнегедир убакыт өтпөй жаткандай сезилди эле.

"Мындай болбойт, токтот болбойт", - деп шыбырап айттым. Үнүм акырын жана сабырдуу чыкты. Менин сөздөрүм ага таасир кылды көрүнөт. Бир учурда ал тура калып, шымын кийди да, эч нерсе деп айтпастан басып кетти.

Мен акырын досторум көңүл ачып жаткан жерге бардым. Отуруш дале уланып жаткан экен. Досторум бийлеп жатышыптыр. Аларга кезиктим. Андан кийин биз таксиге олтуруп, үйгө жөнөдүк. Мен аларга сексуалдык зомбулукка кабылганымды айткан жокмун. Алар да сураган жок.

Мен зордукталдым...

Бирок мага карата зордуктоо болгонун дароо айта албадым. Анткени ал сөз мен үчүн олуттуудай көрүндү. Мен болсо кичинекей кызмын.

Сексуалдык зомбулукка жол жок

Сүрөттүн булагы, BBC THREE

Муну айтышым керек эле, полицияга телефон чалып, жакындарыма айтышым керек болчу. Мен аны билгем. Бирок мен коркуп жаттым. Анткени өзүм аябай мас абалда, кыска көйнөк кийип, мыйзамсыз баңгизат колдонгон болчумун. Полиция менден окуя тууралуу сурап, эмне себептен аны менен жерге жатып калдың деген суроо жолдосо, мен жооп бере алмак эмесмин. Себеби эсимде жок.

Мунун баарына өзүм күнөөлү экенимди билем. Бирок, бирөөгө айтсам мага эч ким ишенбейт деп кыжалат болдум. Мындан сырткары, мени сурак кылышын каалабадым. Анткени ага даяр эмес болчумун. Эгер ошол убакытка кайра кайтып бара турган болсом, анда полицияга кайрылмакмын. Өзгөчө азыр билгендеримди билсем.

Бирок мен ага батына албадым. Көптөгөн кыздар сыяктуу унчукпай калууну эп көрдүм. Бүгүнкү күнү Англия менен Уэльстеги сексуалдык зордуктоого кабылган кыздардын 85 пайызы полицияга кайрылышпайт.

Мен отурушка жасанып барып, башкалардын мага көңүл бурушун кааладым. 23 жаштагы бойдок кыз болчумун. Кылмыш кылбаганым менен ал үчүн сурак бергендей сезилди. Мен зордуктоого кабылганымды толук түшүнө албай жаттым.

Мен жети жыл өткөндөн кийин түшүндүм. Эгер жетиштүү деңгээлде акыл-эсиңиз соо болбосо, жыныстык катнашты каалайм деп айта албасаңыз, ал зордуктоо болуп саналат. Ал учурда сексуалдык катнашка макулдук берүү тууралуу эч ким сөз кылчу эмес.

Юридикалык жактан карасак, жыныстык катнаш эки тараптын макулдугу менен гана болушу керек. Мен ал жигитке сексуалдык катнашты каалайм деп айткан эмесмин. Мени жерге жыгып алсаң болот деп уруксат берген эмесмин.

Эгер мага окшоп алкоголдук ичимдик ичсеңиз же баңгизат колдонсоңуз, анда макулдук бере албайсыз. Макулдугу жок катнашка баруу - зордуктоо болуп саналат. Мен муну ошол окуядан кийин эле жүрөгүм менен сезгемин. Бирок зордуктоо болгонун моюнга алуу бир нече жылга созулду жана оор болду. Жадагалса, көп жыл бою "мени зордуктады" деп айта албай жүрдүм. Азыр да антип айтууну жек көрөм.

Бир канча жолу, "Эгер зордукталганымды айтып чыксам эмне болот?" деп ойлоп жүрдүм. Ар бир жолу эстей калганымда, өзүм күнөөлүмүн, ага өзүм жол бердим деп өзүмдү жемелеп жүрдүм.

Зордукталуу мен үчүн уят иш болду. Ал үчүн жан дүйнөм сыздап жүрөт. Жаш кезибизде ата-энебиз бизди, "тааныбаган адамдардан этият бол", "караңгыда көчөдө жалгыз жүрбө" деп эскертип калчу. Англияда жана Уэльсте зордуктоонун 10 пайызын жат адамдар жасайт. Мындай жагымсыз окуяга көбүнчө тааныган адамдар барышат.

Мен билип, түшүнүп турсам дагы өзүмдү күнөөлөй бердим. Себеби ал жигит мага жаккан болчу. Ал караңгы көчөдө кол салган жок. Мен андан эч корккон эмесмин.

Окуядан кийин башка кишилерге карата мамилем жана психикам өзгөрдү. Көпкө чейин анын кесепети менен күрөштүм. Сексуалдык зордуктоого кабылганымды жана анын кесепетин эми гана аңдап турам.