"Айбандардай эле кишенделген балдар". Судандын диний мектептериндеги зомбулук

ученики в кандалах

Сүрөттүн булагы, Jess Kelly/BBC

Ахмед караңгы бөлмөдө, буттары кишенделип отурганда жолуктум. Ал канча жашта экенин билген эмес. Көп болсо он жашта болсо керек деп ойлодум.

Ал Судандагы диний мектептеринин биринде билим алат. Мындай мектептерди араб дүйнөсүндө медресе же кутабы деп аташат. Ал эми Суданда диний билим берүү жайларын "халва" деп коюшат. Мен 2018-жылдан тарта 23 медресени жашыруун видеого тарттым.

Көптөгөн окуучулардын ур-токмокко кабылганына күбө болдум. Алардын айрымдары беш жашка жаңы чыккан балдар эле. Мектептин директорлорун шейх деп аташат. Алардын буйругу менен балдардын буттары кишенделип, суу жана тамак-аш жок бөлмөлөргө камалат. Айрым балдар сексуалдык зомбулукка дагы кабылганын айтышкан.

Boys chained to a post

Сүрөттүн булагы, Jess Kelly/BBC

Судан өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө 30 миңден ашуун медресе бар. Алардын көбү өкмөт тарабынан дотация алышат жана жергиликтүү, чет өлкөлүк уюмдар дагы кайрымдуулук катары акча которуп турат.

"Халва" мектептеринде балдар негизинен куранды өздөштүрөт. Билим алуу бекер жана медреселерди мамлекеттик мектептерге альтернатива көргөн үй-бүлөлөр көп. Халва интернат болгондуктан, окуучулар эс алуу учурунда гана үйүнө барышат.

Эксперттер бул мектепте билим алган жаңы муун түзүлгөнүн жана алар Суданда жаңы иденттүүлүктү жаратканын белгилешүүдө. Ага карабастан, соңку жылдары коомдук сайттарда медреседе окуган балдар зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу маалыматтар кеңири тарады.

двор халвы

Сүрөттүн булагы, Jess Kelly/BBC

Мен "халваларда" билим алган балдар өздөрү кандай зомбулукка кабылганын айтып берүүсүн кааладым. Себеби өзүм дагы медреседе билим алгам, мен дагы зомбулукка кабылгам.

Жакындарым, досторум бул иликтөөмө каршы болорун билем, бирок аны жөн калтырып койсо дагы болбойт. Ошол эле учурда мага "Батыштын диний билимге каршы саясатын" колдоп жатасың деген сөздөр дагы айтыларын түшүнөм.

Фатех аль-Рахман аль-Хамдани

Сүрөттүн булагы, Jess Kelly/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фатех ал-Рахман ал-Хамдани

Би-Би-Си менен байланышка чыгардан мурун бир нече ай бою медреселерди жашыруун тарта бердим. Биринчилерден болуп Хадж ал-Дали аттуу медресеге кирдим. Мага бул жайда билим алгандар зомбулукка кабылып келгенин көп айтышкан.

Медресенин алдындагы мечитке намазга барып, телефонум менен тарта баштадым. Капысынан темирдин шылдыраган үнүн уктум. Ошол жерде жүрөгүм токтоп эле калгандай болду. Көрсө жаш баланын буттары айбандыкындай эле кишенделүү экен.

Намазга жыгылып бүткөндөн кийин балдар тизилип алып, кетишти. Мен буту кишенделген баланын артынан барып, бөлмөдөн баланын ыйлаганын уктум.

Чыдабай, ошол бөлмөгө кирип бардым. Караңгы бөлмөдө буту кишенделген Ахмед отуруптур. Ал мага "үйгө кетким келип жатат" деп айтты. Мен ага жардам бергим келди, бирок мугалимдин үнүн угуп, видеомду токтотуп туруп, медреседен чыгып кеттим.

Boys in chains walking in a line

Сүрөттүн булагы, Jess Kelly/BBC

Кийинки күнү медресеге кайтып келдим. Окуучулардын айткандарын угуп, аларды видеого тартууга аракет кылып жатканда жогорку класстагы окуучу мени аңдып жатканын дагы байкадым. Ал медресенин башчысын чакырып келди. Шейх мага кыйкырып, мен мектептен чыгып кетүүгө аргасыз болдум.

Би-Би-Си Хадж ал-Дали мектеби менен байланышканда, билим берүү жайы директорун алмаштырганын жана окуучулар кишенделбей калганын билдирди.

Документалдык тасмага реакция

Суданда документалдык тасма кызуу талкууга жем таштады. Тасмага тартылган айрым үй-бүлөлөргө юридикалык жана каржылык жардам сунушталууда. Коомдук тармактарда айрымдар медреселердин жабылышын талап кылса, башкалар Би-Би-Си исламга каршы пропаганда жүргүзүп жатканын белгилешти.

ученик в кандалах

Сүрөттүн булагы, Jess Kelly/BBC

Ал эми Судандын өкмөтү диний билим берүү жайларында реформа жүргүзүлөрүн убада кылышты. Судандын диний маселелер боюнча министр Насреддин Муфрех Би-Би-Сиге берген маегинде медреселерде "мындан ары адам укуктары тебеленбейт" деп убада кылды. Бирок азырынча өзгөрүүлөр байкала элек. Андан тышкары бийлик күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп дагы айтты.

Би-Би-Синин документалдык тасмасынан кийин Суданда окуу жайларда балдарга кол көтөрүүгө тыюу салынган мыйзам кабыл алынды, мектептерде текшерүүлөр дагы болуп жатат.

Айрым каармандардын ысымдары өзгөртүлдү.