Делидеги үч түн: мусулмандар менен индуисттердин кагылышуусунан 27 киши мүрт кетти

Делиде катарынан үч түн мусулмандар жашаган райондорго кол салуу болуп, 27 киши каза тапты. Шаршембиде Индия баш калаасында кагылышуу болгон жок, бирок кырдаал чыңалган абалда.

Сожженный автобус

Башаламандык орун алган райондорго полиция жана аскер күчтөрү жөнөтүлдү. Ондогон жылдардан бери Делиде мындай кагылышуулар болгон эмес эле. Кагылышуулар жекшембиде башталган. Жергиликтүү оорукананын маалыматында, 189 киши жаракат алганы айтылат.

Бул кагылышууларга башкаруучу «Бхаратия Жаната» партиясынын лидерлеринин бири Капила Мишранын кайрылуусу себеп болгондой. Ал тарапташтарынын алдында митингде сөз сүйлөп, жарандык боюнча мыйзамга каршы чыгып жаткандарга тоскоолдук жаратуу үчүн Делинин негизинен мусулмандар көп жашаган районунда чогулууга чакырган. Мишра эгерде полиция үч күндүн ичинде мусулмандардын каршылык жүрүшүн токтотпосо, анда эл көчөгө чыгат деген кайрылуусунан кийин кагылышуулар орун алганы айтылууда.

Дели

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көпчүлүк райондорду түтүн каптап турат

Индия бийлиги Бангладеш, Пакистан, Ооганстандан качып келген мусулман эмес адамдарга жеңилдетилген шартта жарандык берүү боюнча жаңы мыйзамды сунуштаган. Ошол эле маалда көптөгөн штаттарда жергиликтүү мусулмандарга Индия жараны экенин далилдөөнү сунуштап жатышат. Эгерде алар далилдей албаса, анда депортация күтөт.

Мйзам долбоору мусулман коомчулугун ачуулантты. Индиялык мусулмандар жарандык жөнүндөгү жаңы мыйзам диний жагынан мусулмандарды басмырлап жатканын, анын теңчиликти кепилдеген Баш мыйзамга каршы келерин билдирип, дискриминацияга каршы акцияларды өткөрүүдө. Мындай акциялар декабрь айынан бери уланууда.

Мечит
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кол салгандар мечитти өрттөп жиберишти

Индия бийлиги жаңы мыйзам мусулмандарга каршы дегенди кескин четке кагып, мыйзам азчылык өкүлдөрүн куугунтуктан коргойт деген жүйө келтирүүдө.

Акыркы үч күн ичинде көптөгөн сүрөт жана видеолор чыкты. Анда негизинен индуист коомунун өкүлдөрү кишилерди, анын ичинде журналисттерди сабап жаткандары тартылган. Шаар көчөлөрүндө арматура жана союлдар, таштар менен куралданган жаалданган жаштардын жүргөнүн көрүүгө болот.

Качкындар

Дели

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Акыркы жолу диний негизде чыккан башаламандык Делиде 1984-жылы болгон. Анда индуисттер сикхтерге кол салып, үч миңдей киши көз жумган.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди "Твиттер" баракчасы аркылуу тынчтыкты сактоого чакырды. Ошондой эле полиция тартипти жөнгө салып жатканын кошумчалаган.

Дели

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Башаламандык жекшембиде башталган
Дели

Сүрөттүн булагы, AFP

Башаламандыктар мусулмандар көп жашаган Делинин түндүк-чыгышындагы райондордо орун алды. Көчөдө күйгөн авто унаалар жана өрттөнгөн үйлөр, талкаланган терезелер көзгө урунат.

Би-Би-Си кабарчылары көптөгөн жергиликтүү тургундар үй-жайын таштап чыгып, зомбулук күчөп кетеби деген кооптонуудан улам качып жатканын кабарлады.

Дели

Сүрөттүн булагы, AFP

Беспорядки в Дели

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Көп кишилер, анын ичинде журналисттер дагы көчөдөгүлөрдөн "кайсыл динди карманасың" деп сурап жаткан жаалданган топтор тууралуу айтып жатышат. Фотожурналисттердин бири ич кийимин чеч деп мажбурлашканын айтып чыкты. Муну менен сүнөткө отургузганбы же жокпу деп, мусулман же мусулман эмес экенин аныктоого аракет кылышкан.

Өлкө бийлиги Делидеги кырдаалды жөнгө сала турганын айтууда. Абал чыңалган аймакка жетиштүү сандагы аскер жана полиция кызматкерлерин жөнөткөнүн билдирди. (AbA)

*